Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Баткен: Айланма жолдун курулушу дагы токтоп калды


Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу. Баткен, 12-январь, 2014
Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу. Баткен, 12-январь, 2014

Баткенде чек арадагы чатактан улам тажик айылдарын айланып өтчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулушун улантуу дагы эки жумага жылдырылды.

Аталган жолду куруу ишин жандантуу боюнча эки тараптуу комиссия ушуну менен үчүнчү жолу макулдашып жатат. Бир жылдан ашуун убактан бери чек арадагы жаңжалдарга түрткү болгон жол бул жолдун курулушу чек арада атышуу болгон дал ошол 10-июль күнү жанданмак болуп жаткан.

Чырдан арылбаган Ак-Сай

Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу кагылышынан кийин Кыргызстандын Ак-Сай, Тажикстандын Ворух айылына барчу жол 2 күн буулуп турду. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылып, жашоо кадимки нугуна түшкөндөй болгону менен аймактагы чек аралаш айылдарда дагы деле куралдуу күчтөр кала берүүдө. Эки күндүн биринде минтип улам жаңжал чыгып, айлананы курлачан кишилер көзөмөлдөп турушу элдин аң-сезимине да таасир берип, кооптонуу жарата берет экен дешет жергиликтүүлөр.

Чек арадагы Көк-Таш айылынын тургуну Субанкул Акылбеков бийлик чек ара маселелерине элди аралаштырбай чечүүгө аракет жасап жатканы менен натыйжа болбой жатат деген пикирде:

- Эки күндүн биринде эле жаңжал боло берип эл да тажады. Айрыкча балдардын аң-сезимине таасир берип жатат. Бийлик чек ара маселесин чечкенге аракет жасап жаткандай. Бирок ал аракетинен натыйжа болбой жатат да. Качан дагы эмне болуп кетет деп кооптоно берип эл кыйналды. Аскердик машыгуу талаасына айланып калгандай сезебиз аймагыбызды. Элди мындай психологиялык оорчулукка даярдаш керек деп ойлойм. Анткени жаш балдар стресске кабыла берип кыйналышты.

10-июлдагы окуядан Тажикстан тараптан бир адам каза болуп, жараат алгандар да бар экени айтылган. Мындан улам чек арадагы айылдардын тургундары кошуналар дагы бир чагымчыл аракеттерге барып, жаңжал ырбап кетпес бекен деп чочулашат. Аймакта ички коопсуздукту камсыздоого тартылган кошумча күчтөр дагы деле кала берүүдө.

Күч кызматтары коопсуздук маселелерин көзөмөлдөп турганы менен калк арасында түшүндүрүү иштери зарыл. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков чек арадагы жаңжалдарга көпчүлүк учурда кошуналар себепчи болуп жатканын айтып, бийлик өкүлдөрү калк арасында түшүндүрүү иштери менен алектенип жатканын айтат:

- Менин жеке пикиримде, чек арадагы жаңжалдардын чыгышына көпчүлүк учурда кошуналар себепчи болууда. Бул менин жеке оюм. Ал эми болуп өткөн окуя боюнча аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Биздин негизги милдет - калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Ак-Сай эли менен жолугуп, сүйлөшүп келдик. Жаңжал андан ары ырбап кетпеши үчүн тиешелүү адистер иштеп жатат. Азыр абал туруктуу эле.

Ошентип чек арадагы соңку жаңжалдан кийин ана башталат, мына башталат деп турган Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунунун курулушу дагы токтоп калды.

Аткарылбаган макулдашуу, бүтпөгөн жол

Жалпы узундугу 25 чакырымдай келген бул жолдун курулушу былтыр апрель айында башталган. Бирок тажик тараптын ага каршы болушунан былтыр 27-апрелде, быйыл 11-январда жаңжал чыккан. Ай башында эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү жолугуп, курулушту 10-июлдан тарта жандантуу боюнча протоколго кол коюлган. Тажикстандын Кайрак-Кум шаарында атайын адистер жолдун андан аркы шарттары боюнча эксперттик ишин да жүргүзгөн. Бирок иш башталат деп жаткан күнү түшкө жуук тажик тараптан жай тургундар чек арачыларга таш атып, аягы ок атышуу менен коштолду. Жолдун курулушун улантуу да ошону менен токтоду.

Бирок жергиликтүү айрым тургундар жаңжал ушул жолду токтотуу үчүн атайын уюштурулду деп боолголошот. Алардын пикиринде, кыргыз айылдары кошуна өлкөнүн жолдоруна көз каранды болбой калышын тажик тарап көп каалабай турат.

Кубаныч аттуу жергиликтүү бир тургун эми эки тараптуу макулдашууларга да ишенбей калдык дейт:

- Кошуналар эптеп эле шылтоо таап, убакытты созуу менен жолдун курулушун токтотуп жаткандай. Ушинтип келээрки жылга чейин барса Кыргызстанда шайлоолор башталат, иш дагы бир топ жылга токтойт. Биздин бийликтегилер кошуналар менен канча жолу макулдашат, келишимдерге кол коёт. Бирок ал ишке ашпайт. Биздин бийлик иш эмнеге токтоп калып жатканына, эмнеге кошуналар убадага турбай жатканына терең анализ жасап көрсө...

Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова аталган жол кандай болгон күндө да бүтүшү керек дейт:

- Ушу Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык жолун кандай болбосун бүтүрүш керек. Ошондо бир аз тынчып калмакпыз. Тажиктер болсо эптеп эле ушу жолдун курулушун улантпай токтотуу амалында окшойт. Биздин эл тажап бүттү. Вице-премьер Абдырахман Маматалиев улам эле маселени чечүү үчүн Баткенге келет. Бу киши качанга чейин келет?.. Маселеге чекит коюш керек да баары бир.

Токтоп калган жолдун курлушун улантуу боюнча 6 айдан берки сүйлөшүүлөрдөн кийин май айында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясы мунасага келгенин, эми иш уланаарын жарыялаган.

Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев май айынан бери тажик кесиптештери менен 4 жолу жолугуп, ар бир жолугушуунун жыйынтыгында маселе чечилди, жол курулушу уланат деп жарыялап келет.

Вице-премьер эми иш эки жумага токтогонун айтат:

- Атышуу болуп кеткенден кийин эл арасында ар түрдүү кеп-сөздөр, жараат алгандар бар, алардын туугандары бар, толкундолор бар дегендей. Биз ошондуктан эки жумага ишти токтото турдук. Тилекке каршы биз 10-июль күнү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Исфара - Ворух жолунун курулушун баштамакпыз. Тажикстандан вице-премьер Муродоли Алимордон келмек. Биз жол курулушуна байланыштуу уюштуруу иштерин баарын бүтүргөн болчубуз. Бирок жанагы окуя чыгып кетпедиби.

Тажик айылдарын аралабай өтүүчү Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолу чек арадагы жаңжалдарды азайтуу максатында курула баштаган. Бирок ал тажик тараптын каршылыгынан улам ушинтип улам артка жылууда. Чек арадагы чатактар жана андан кийинки сүйлөшүүлөрдөн соң Кыргызстан бул жолго кошо Ворух анклавына да Тажикстандын негизги аймагына чейин түз жол салып берүүгө макул болгон. Бирок ага карабай чек арада кайра чыр чыгып, эми жолдун курулушу дагы эки жумага токтоп калды.

XS
SM
MD
LG