Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Кыргыз чек арачылары курал колдонушпады


Сүрөт архивден алынды. Райымберди Дүйшөнбиев президент Алмазбек Атамбаев менен
Сүрөт архивден алынды. Райымберди Дүйшөнбиев президент Алмазбек Атамбаев менен

4-августта кыргыз-тажик чегинде абал курчуп, ок атылып, эки тараптан тең жабыркагандар болду. Соңку кырдаал боюнча Кыргызстан Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Баткендин Тажикстан менен чектешкен Көк-Таш айылында эки күндөн бери чыңалуу болуп жатканы кабарланууда. Азыр ал жерде жагдай кандай?

Райымберди Дүйшөнбиев: Учурда жаңжал болгон жерде жолугушуулар өтүп жатат. Биз тараптан менин орун басарым, полковник И. Мамбеталиев, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук комитетинин, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бар. Тажик тараптан да чек арачылар, Исфара районунун акими катышкан жолугушуулар жүрүп жатат.

Эки тарап тең түшкө маал бири-бирине таш ыргытышкан. Күч структуралары, чек арачылар да элди ажыратып, азыр тараптар өз жагын көзөмөлдөп жатат. Ортолорун биздин күч структуралар кармап турат. Кыргыз жана тажик чек арачылары, милиция кызматкерлери, атайын бөлүктөр турат.

"Азаттык": Канча киши бар?

Райымберди Дүйшөнбиев: Учурда болжол менен биз тараптан 20-25, тажик тараптан деле 30-40 тегерегинде адамдар турушат.

"Азаттык": Эки тараптуу сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө сала алабы? Буга чейин телефон аркылуу сүйлөшүүлөр болгон турбайбы.

Райымберди Дүйшөнбиев: Ооба, сүйлөшүүлөр болду. Мен бүгүн Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчиси менен сүйлөштүм. Ал киши да өз орун басарын ал жакка жиберди. Жолугушууда да сүйлөшүүлөр болот. Эгерде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо, анда биргелешип, бири-бирибизге маалымат берип, жаңжалды болтурбоону макулдаштык.

Чек арачылар курал колдонду деген маалымат чыгып кетти. Курал колдонулган жок. Ал жерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

"Азаттык": Ал жерде жергиликтүүлөр ок атылып, октун үнү угулуп жатканын айтышууда. Журналисттерге да ок атылганы тууралу маалымдалды.

Райымберди Дүйшөнбиев: Жок, ок атылган жок. Бирок тажик тараптан мергенчилик куралдан ок атылган үн чыкканы айтылууда. Бирок чек арачылар, милиция кызматкерлери, башка күч структуралары эч курал колдонгон жок.

"Азаттык": Жергиликтүүлөрдүн талаптары кандай болуп жатат?

Райымберди Дүйшөнбиев: Май айылында тажиктин элүү чакты үйү бар. Ошол үйлөр аркылуу өтүп, мазарга каза болгон адамдардын сөөгүн жашырышат экен. Ал жолду мындан мурда тажик тарап тосуп койгон экен. Мурда машине эркин өтүп келсе, азыр кенен өтө албай калган экен. Ошондон улам кыргыздар тажикке кеткен сууну бууп салат. Тажик тарап сууну ачууну, кыргыздар болсо жолду ачып берүүнү талап кылат. Эки тарап тең макул болбой жатат. Ошол маселе азыр сүйлөшүлүп жатат. Эртең да эки тараптан түзүлгөн комиссия жолугушуп, бул маселени чечкенге бардык аракетти жумшайт.

"Азаттык": Күчөп кетүү ыктымалдуулугу барбы? Кандай чараларды көрөсүздөр?

Райымберди Дүйшөнбиев: Биз бардык варианттарды караштырып жатабыз. Кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз. Ошон үчүн эки тараптын тең чек арачыларынын, ИИМдин атайын бөлүктөрүнүн ою бир.

"Азаттык": Кайсы бир күчтөрдүн кийлигишүүсү бар деген сөздөр да айтылып кетти.

Райымберди Дүйшөнбиев: Тилекке каршы, ошондой маалыматтар айтылып жатат. Андай болбосо да "бул жактан курал менен атат экен, айылдын четинде 500 тажик чогулуп калган экен, кыргыз айылдардан адамдарды ташып машинелер келип атат" деген сөздөр чыгып жатат.

"Азаттык": Ошол сөздөрдү үчүнчү күч чыгарып жатканына өзүңүз ишенесизби?

Райымберди Дүйшөнбиев: Муну иликтеп чыгышыбыз керек. Бирок болушу мүмкүн.

"Азаттык": Негизи өз ара чатак, уруш-талаштар акыркысы эмес болушу мүмкүн. Өзүңүз билгендей, биринчи жолу болуп жаткан жок. Ушул жагдайды кантип жөнгө салса болот? Канткенде чек арада тынч болот?

Райымберди Дүйшөнбиев: Адегенде чек араны такташ керек.

"Азаттык": Тактаганга чейин тынч жагдайды кармап туруунун механизмдери барбы?

Райымберди Дүйшөнбиев: Чыр-чатак болгон аймактарды биринчи кезекте чечүү керек. Экинчиден, суу, жайыт, жер маселелери чечилбегендиктен ушундай чатактар орун алууда. Сөзсүз бул маселе чечилет деп жергиликтүү элди элдештирип, биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү керек.

"Азаттык": Жаңжалдарда жаракат алган жарандар бар болгону айтылууда. Канча киши жарат алды?

Райымберди Дүйшөнбиев: Эки тараптан тең жаракат алгандар бар, 7-8 кишиден бар. Алар Баткен шаарында, тажиктер Исфара шаарында дарыланууда.

"Азаттык": Алар октон алган жарааттар эмес да?

Райымберди Дүйшөнбиев: Жок, таш тийген, ок тийген эмес.

"Азаттык": Мүлккө да зыян келтирилдиби?

Райымберди Дүйшөнбиев: Ал жерде кечээ эки жолу, бүгүн түштө да бири-бирине таш ыргытпадыбы. Ошол учурда үйлөрдүн чатырына, терезелерине таш тийген, машинелерге да зыян келтирилген.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG