Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Чек ара жабылышы Баткенге арзанчылык алып келди


Чек арадагы айылда турган аскерлер жергиликтүү тургун менен. Баткен, 5-февраль, 2014.
Чек арадагы айылда турган аскерлер жергиликтүү тургун менен. Баткен, 5-февраль, 2014.

Кыргыз-тажик чек арасы жабылганына бир айдан ашты. Чек ара жабылышы жергиликтүү калктын турмушуна кандай таасир тийгизди?

Баткендиктер кыргыз-тажик чек арасы жабылышынан эч кандай деле жапа чекпегенин, тескерисинче көмүр арзандап, күйүүчү май тартыш болбой калганын айтышууда.

Чек ара жабылышынан ким жабыркады?

Разия Өсөрова Тажикстан менен чырмалышып турган Көк-Таш айылынын башчысы. Бул айылда бир эле көчөнүн ары жагы Тажикстан, бери жагы Кыргызстан. Бирок ошого карабай 11-январдагы чек арадагы атышуудан бери кошуналар менен алака токтогон.

Айыл башчысынын айтымында, чек аранын жабылганы аймактагы жайкын тургундар үчүн кыйла эле пайда алып келди:

- Эл жакшы болду деп жатат. Бир эле мисал, көмүр эки эсе арзандады. Мурда Сүлүктү көмүрүнүн килограммын 9-10 сомдон сатып алсак, азыр 4-5 сом болуп калды. Мындай баа акыркы 5-6 жылдан бери жок эле. Бул элге пайда да. Күйүүчү майлар да тартыш болбой калды. Көрсө биздин көп товарларыбыз Тажикстанга эле кирип кетип жаткан экен да.

Баткен аркылуу Тажикстанга негизинен күйүүчү майлар, цемент, күрүч, алма, өрүк, Кытайдан келген товарлар өтүп турчу. Ал эми Тажикстандан ун, сүт, эт азыктары, өсүмдүк майы келчү. Чек ара жабылганы булардын баары дээрлик токтоду. Аймакка азык-түлүк азыр Ош, Жалал-Абад, Бишкектен ташылып келе баштады. Баада айырма деле жок.

Кыргыз-тажик чегиндеги Достук айылыны тургуну Мансур Нарматов чек ара жабылышынан экономикалык жактан жабыр тарткандар жокко эсе экенин, кошуналарда болсо баа өсүп жатканы байкалып турганын айтат. Анткени ал Тажикстандагы тааныштары менен телефондон тынымсыз байланышып турат экен:

- Тажикстанда негизинен курулуш материалдарынан цементтин баасы өсүптүр. Күйүүчү май бир аз кымбаттаптыр. Негизинен Кытайдан келчү товарлары токтоп, бааларында өсүш болуп жатыптыр.

Баткендин Талант аттуу дагы бир тургуну аймактын жолдору Тажикстанга жүк тарткан оор унаалардан кутулганына курсант:

- Биздин аймактан жолдорду талкалап өткөн оор жүк тарткан машиналар жок болду. Биздин жолду ушул аткезчилик менен жүк ташыгандар эле бузуп жатканы дароо билинди. Базарда болсо баа баягыдай эле. Эч өзгөрүү байкалган жок. Кайра күрүч менен көмүр кыйла арзандады.

Элдик көзөмөл

11-январдагы жаңжалдан бери аймакта ар бир айылда жай тургундар чек арачыларга көмөктөшүп келет. Кыргыз-тажик чек арасына жакын турган Баткендин Кызыл-Бел айылында да Тажикстандын айылдарын карай кеткен үч багыттагы “ууру” жолдор бар. Мурда дал ушул жолдор аркылуу кошуна өлкөгө контрабандалык жүктөр өтүп турган.

Чек ара жабылгандан бери аталган айылдын жаштары өз демилгеси менен мындай “ууру” жолдорду кайтаруу милдетин алышкан. Алар ар түнү кезектешип, ушул үч багытка кеткен жолдорго күзөткө чыгышат. Кезек тартиби да жолго коюлган. Маселен, бүгүн 1975-жылы туулгандар чыкса, эртеси 1976-жылкылар үч топко бөлүнүп, күзөткө чыгат. Аларга бирден чек арачы кошулат.

Бул айылдын Данияр аттуу бир тургунун угалы:

- Айылдыктар жыл-жыл болуп кезектешип чек араны кайтарып жатабыз. Чек арачыларга билинбей Тажикстанга жүк алып өтмөкчү болгондорго ошентип бөгөт коюп жатабыз. Биз чек арадагы маселелер чечилип, айланма жолдун курулушу аяктаганга чейин ушинтип чыга берели деп чечкенбиз. Азырынча эл чек ара ачылышын каалабайт.

Ансыз деле чек аранын качан ачылаары али белгисиз. Жергиликтүү журналист Аскар Баймуратовдун баамында, канткен менен эки өлкө ортосунда ири соода жасап, тыйын тапкандар бизнесин кайра жандантуу үчүн аракет көрүп жатышкандай:

- Учурда чек аранын жабык турушунан жай тургундар жабыркаган жок. Биз ушул аймактарды кыдырып жүрүп байкашыбызча, эл тескерисинче чек араны ачпай туруп, чек арага байланыштуу маселелерди чечип алыш керек деп жатышат. Мындай абалдан болгону ушул эки өлкө ортосунда жүк ташыган соодагерлер жабыр тартып жатышат. Алар чек аранын ачылышына кызыктар болуп жаткандай.

Ошентип жай тургундар эки өлкө маселени чечип алганга чейин чек ара ачылбасын, аткезчилик соодасы токтотулсун деп талап коюшууда. Ал эле эмес чек арачыларга ишеним артпай, жай тургундар чек араларды өздөрү көзөмөлдөп, кошуна өлкөгө жашыруун киргизилип жаткан жүктөрдү кармап жатышат. Өткөн жумада тажик тарапка жашыруун өткөрүлмөкчү болгон күрүч, алма, көмүр жүктөгөн унаалар кармалды. Аткезчиликке көмөктөшкөн деген айып менен Лейлек райондук милиция бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG