Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Баткен: Чек арадагы таш бараң


Ворух анклавынын жанындагы Ак-Сай айылынын тургундары. Баткен, 18-январь, 2014.
Ворух анклавынын жанындагы Ак-Сай айылынын тургундары. Баткен, 18-январь, 2014.

Кыргыз-тажик чегинде эки өлкө жарандары бири-бирине таш атуусу боюнча милиция тергөө амалдарын баштап, жабыркагандардын чыгымы төлөнүп берилмей болду.

15-февраль күнү Баткендин Ак-Сай айылын аралап өтүп бараткан Тажикстандын Ворух айылынын тургунуна тиешелүү автоунаага кыргыз жарандары таш атышкан. Мунун айынан машинанын арткы айнегин талкаланган. Анын эртеси, 16-февралда Ворух айылы менен чектеш жолдо бараткан аксайлык Ысман Ысмановго тиешелүү машинеге ворухтуктар таш атып, анын да айнектери талкаланган.

Жергиликтүү тургундар мындай окуянын чыгышына тажик жарандары 15-февралда Баткендин чек арадагы Таш-Тумшук айылынын кыз-келиндерине суу алууга мүмкүнчүлүк бербей койгону себеп деген пикирде.

Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев болсо чек ара жабык болуп, эки тарап бирин-бири аңдып тургандай абалда ар кандай окуялар чыгып кетип жатканын айтат:

- Бул окуя кантип чыгып кеткенин түшүнбөй калдык. Элге улам түшүндүрүү иштерин жүргүзүп эле жатабыз. Кошуналар да биздин айылды аралап өткөндө машиналарын катуу айдап, айнектеринен баштарын чыгарып бакырып өтүшөт. Мындай кылыктары шылдыңдагандай болуп, кошуналар бир нерсе чыгарууга аракет кылгандай сезилип жатат да элге. Ворухтун бир тургунуна тиешелүү автоунаага таш тийген экен, анан алар жооп иретинде биздин жаранга тиешелүү автоунааны талкалап салышты.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында унааларды таш бараңга алуу фактылары боюнча иликтөө жүрүп жатканын жергиликтүү милициядан маалымдашты.

Айыл башчы Эркин Жолчуев бул окуя боюнча эки тараптын жеригиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция жолугушуу өткөрүп, чыгымдар калыбына келтирилмей болгонун кошумчалады:

- Жолугушуу болду. Биз тараптан да, алар тараптан да бийлик, милиция өкүлдөрү катышты. Таш тийген автоунааларды да көрдүк. Ана ким таш аткан болсо аныктап, чыгымдарды ошолор төлөй турган болуп чечилди.

Чек аралар чырмалышкан бул тегеректе кошуна айылдардын ортосунда бири-бирине таш аткан мындай окуялар буга чейин деле болуп келген. Бирок акыркы окуя кыргыз-тажик чек арасындагы 11-январдагы жаңжалдан бери тирешип турган абалда болгону үчүн көпчүлүктүн көңүлүн бургандай.

Чек арадагы жаңжалдарга абай салып жүргөн жергиликтүү серепчи Базарбай Маасейитов күнүмдүк тириликте боло жүрчү мындай жоруктарды токтотуу үчүн эки тараптын күч кызматтары тең аракет жасашы зарыл деген ойдо:

- Мындай окуялар буга чейин да көп эле жолу кайталанган. Эки тараптан тең таш атуу болуп турат. Бирок мынабу акыркы окуялар ушул жылдын 11-январындагы ок атышуудан бери эки элдин ортосундагы жарака тереңдеп кеткенин көрсөтүп турат. Чек арада чыңалган абал сакталып турушу эки элдин бири-бирине болгон мамилесин оңолушуна да терс таасирин тийгизип жатат. Мындай учурларды токтотуу үчүн ар тараптуу аракеттер жанданышы зарыл.

11-январда эки өлкө чек арачылары жол куруунун айынан ок атышкандан бери чек аралар жабылган бойдон турат. Эки өлкөнүн вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде буга чейин бир канча жолу жолугушуу өткөнү менен андан эч кандай өзгөрүү байкала элек.

XS
SM
MD
LG