Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Баткен: чек араны чечип бергиле


Баткендин Тажикстан менен чектешкен Паскы-Арык айылында 10-июнда кечке жуук болгон тирешүүдөн кийин аймакка кошумча күч тартылып, Тажикстан менен байланыштырган жолдор жабык турат.

10-июнда Баткендин Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Паскы-Арык айылы менен Тажикстандын Сурх айылынын тургундары ортосунда тирешүү болуп, калайман мушташка айланып кете жаздаган.

Окуя болгон жерге ошол замат жетип барган күч кызматтары жаатташкан тараптарды бири-бирине жеткирбей токтотуп калган.

Чырдын чыгышына чек арадагы жер талашы себеп болгон. Паскы-Арык айылынын Тажикстан менен чектешкен жалпы аянты 40 гектардай Ак-Белес төмөнкү жайытын кошуна өлкө жарандары өздөштүрүүгө аракет кылган.

Жергиликтүү Нурали "ушинтип жерибиз уламдан-улам кыскара берсе, эртең мал жайганга жайыт калбай калышы мүмкүн" дейт.

- Маселени чечпесе, эки тарап тирешкен учурда бир жаӊжал чыгып кетсе токтотуу кыйын болот. Мисалы, кечээки жаңжалда эки тарап тирешип турду. Бири таш атса эле жаӊжал тутанат. Антпейли десек кошуналар жыл сайын 30-40 соткадан жерди ээлеп келүүдө. Ал жерди тарттырып жиберсек малды кайда багабыз? Ушуну талаш жер дебестен эки мамлекет дароо тактап бериши керек.

Учурда тирешүү болгон аймакка кошумча күчтөр тартылып, абал турукташкан. Паскы-Арык айылы аркылуу Тажикстанга өтчү жолдор коопсуздук үчүн, дагы бир жаӊжал болбосун деп жабылган.

Мурзаназар Масалиев "Паскы-Арыкта болсо жашоо жеӊил эмес, бирок жакшыбы-жаманбы, жерибизди таштап кете албайт экенбиз, элдин тынч жашоосу үчүн мамлекет чек араны коопсуз кылып чечип берсе эле болду" дейт.

- Абал жакшы, курчуп кетпей турукташып калды. Айылга милиция, чек арачылар келишти. Эми биздин айылда жашоо оор эле. Ар бир жанга 2 соткадан жер үлүшү тийген. Жашоо кыйын деп эле кетип кала албайт экенбиз. Ошондуктан бийлик бизге ушул чек араны чечип, тынч жашай тургандай кылып берсе деп сурайбыз.

Апрель айынан бери кыргыз-тажик чегинде 30дай чыр катталган. Буга башкы себеп эле чек ара, жол, жайыт маселеси чечилбегендиги болуп жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Анарбай Алимбеков "чек арадагы тирешүү болгон аймактарга дароо жетип, чырды тутандырбай басып калууга жетишүүдөбүз, учурда да күчөтүлгөн тартипте иш алып баруудабыз" дейт.

- 2008-жылы эки өлкө башчылары кол койгон атайын макулдашуу бар. Анда тактала элек чек арага эч кандай курулуш иштерин жүргүзбөө тууралуу айтылган. Тажик тарап аны бузуп, тактала элек чек арага топурак түшүргөн. Мындан улам биздин жарандар нааразылык билдирген. Абалды курчутпай басып калууга жетиштик. 27-апрелде да ушинтип жаӊжал чыккан. Ошондон бери 30дай учур болду. Буга негизги себеп эле жол, суу, жайыт, чек ара маселеси чечилбегени болууда.

Жаз келгени кыргыз-тажик чек арасында жаӊжалдардын көп катталышы менен чек араны тактоону тездетүү улам эскерилип, Жогорку Кеӊештин депутаттарына чейин талаптар айтылууда. Баткен облусунун кошуна өлкөлөр менен чек арасынын 70 пайыздайы али такталбаган бойдон турат.
Баткен: чек арада кайрадан чыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

XS
SM
MD
LG