Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:27

Борбор Азия

Кыргыз-тажик чегиндеги жол каттамы жакшырабы?

Парламенттин профилдик комитети Кыргызстан менен Тажикстандын жер үлүштөрүн колдонуу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизди.

x
Текст көлөмү - +
Бул келишимдин чоо-жайын унаа жана байланыш министринин орун басары Кубанычбек Мамаев "Азаттыкка" айтып берди.

“Азаттык": Бул келишимге дээрлик 6 жыл мурун кол коюлган экен. Азыр кандай өзгөрүү кирип жатат?

Кубанычбек Мамаев: Бул келишимге 2005-жылдын 18-майында эле кол коюлган. Бүгүнкү каралган нерсе – ошол келишимге өзгөртүү киргизүү болуп атат. Себеби Чорку деген айылы бар Тажикстандын, ошондон 275 метр Ош - Баткен - Исфана жолу өтүп калган. Анан Кыргызстан “Айгүл-Таш-Самат” деген электр линиясын куруш керек. Мына ушулар боюнча редакциялуу түрдө гана өзгөртүү киргизилүүдө.

Жер үлүштөрү эмес, ошол жол ээлеп турган жерин реконструкция кылганга берели деп атышат. Бул транспорттук каттамдарды ыңгайлаштыруу боюнча гана аракет. Алар биздин жерди “Айгүл-Таш-Канибадам” линиясы үчүн суранган. Аларга уруксат берилип, курулган. Бизге “Айгүл-Таш-Самат” электрлиниясы керек, анан жол керек болуп атат. Ушул эки маселени чечип алдык.

"Азаттык": Тажикстан тарап бул маселени бекиткенби?

Кубанычбек Мамаев: Биз ратификация кылбагандан кийин ТИМ аркылуу аларга кабар бере албайбыз да. Бизде ратификациядан өтсө, аларга кабар жетип анан нота жибердиби же жокпу сурайт элек.

"Азаттык": Бул өзгөртүүгө кайсы тарап көбүрөөк демилгечилик кылып атат?

Кубанычбек Мамаев: Жол бизге керек да, андыктан биз демилгечилик кылып атабыз. Себеби Лейлек деген кесилип калып атпайбы... Ош - Баткен - Исфана жолунун 275 метри Тажикстандын аймагында деп эсептелинип атат. Ошон үчүн биз андан реконструкция кылууну сурап атабыз.

Келишимде деп жазылган: Тажикстандын Исфара районунун Чорку айылы аркылуу өтүүчү 275 метр болгон участокту киргизүү менен эки мамлекеттин транспорттук каражаттарынын жүрүү кыймылын чектетүү постторун алып салууга жана Ош-Баткен-Исфана маршруту боюнча тоскоолсуз жүрүүнү камсыз кылууга тараптар милдеттенишет. Эки жак тең эч кандай пост койбойбуз деп атабыз. Ушул жолду силер да биз да колдоно берели, эки элди кыйнабайлы деп атабыз.

Ошол жерде канча көпүрө, куур курулат, мунун баары деталдык долбоор чийилгенде аныкталсын дедик. Бул жол ачык турса Орто-Боз, Ак-Татыр айылдарынан тартып андан ары Раватка чейинки Баткендин жарымы, Раваттан ары Лейлек районунда кыймыл токтобойт.

"Азаттык": Маегиңизге ырахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)