Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Баткен: Чек арадагы айылдар алмаштырылабы?


Кыргыз-тажик чегиндеги айылдардын бири, Баткен, март, 2014.
Кыргыз-тажик чегиндеги айылдардын бири, Баткен, март, 2014.

Кыргыз-тажик чек арасында чырмалыша жайгашып калган чакан айылдарды бири-бирине алмаштыруу сунушу боюнча жумушучу топ түзүлдү.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында бири-бирине чырмалышып калган айылдарды алмаштыруу демилгеси өткөн жумада чыккан. Бул маселе боюнча түзүлгөн жумушчу топ алгачкы жыйынын өткөрүүгө да үлгүрдү. Мындай маселе чыгышына чек арадагы айылдар чыр-чатактардан арылбай жатышы себеп болду. Анан да чек арада жаңжал чыкан сайын бул айылдардагы коопсуздук маселеси биринчи орунга чыгат. Себеби кошуналар бири-биринен коркуп, көчөгө да ээн-эркин чыга албай калышат. Мындай айылдардын тизмесине азыр кыргыз тараптан үч - Таш-Тумшук, Маасейиттин жери жана Арык-Асты деген кыштакчалар кирди.

Комиссия азыр кыргыз-тажик жарандары аралаш жайгашкан айылдардагы кыргыздарды Кыргызстан тарапка, тажик жарандарын Тажикстан тарапка көчүрүү сунушун кароодо. Жумушчу топтун мүчөсү, чек арадагы Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова азыр сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтат:

- Азыр бул маселе өз ара талкууланып жатат. Алгачкы сүйлөшүүлөрдө үй-жайын алмаштырууга макул болгондор да бар, бирок бул азыр жогорку деңгээлде, расмий түрдө келишиле элек. Маселен, тажик тарап Майский деген айылынан бизге ыңгайлуу жерлерин берсе, биз таратагылар да алмашууга макул болушат.

Чек аралаш айылдарды байырлаган эки эл тең бул жерлер ата-бабаларынан калганын айтышып, бир нече кылым мурдагы тарыхынан бери мисалга тартышат. Ким эле киндик каны тамган жерин таштап кеткиси келсин. Анын үстүнө өтө эле чиеленишип кеткендиктен кимдин аймагына кимиси кирип жайгашып калганын тактоо да кыйынга турууда.

Учурда Таш-Тумшук айылында 40 чакты кожолук, мектеп, милиция бөлүмчөсү, балдар бакчасы, медициналык баштапкы тейлөө борбору бар. Маасейиттин жеринде 17 үй-бүлө, 5 гектардай жер аянты бар. Арык-Асты кыштакчасында 17 гектар жери, 36 короо жайы бар.

Маасейиттин жерин жердеген Бүүайша Курбанова айылдыктар чыр-чатактардан тажаганын, эгер азыр жашап жаткан жерге тете жер берилсе, коопсуз жайга көчүп кетүүгө макул экенин жашырбайт:

- Бизге азарынча эч кайсыл жер сунуштала элек. Бизге да ыңгайлуу болуп, кийин маселе жаралбай тургандай, шарты тең келчүдөй жер сунушталса макул болобуз. Биздин да жаңжалсыз, тынч жашагыбыз келет.

Ошентип чиелеш аймактагы эки элди бир жактуу отурукташтыруу боюнча алгачкы аракеттер башталды. Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков эгер демилге ишке ашып калса жаңжалдар кыйла кыскармак деген ишенимде:

- Сунушталып жаткан бул маселе ишке ашып калса жаңжалдар кыйла кыскармак. Атайын комиссия бул маселенин үстүнөн иштеп жатат.


Деген менен бул демилгенин ишке ашуусунан күмөн санагандар да жок эмес. “Эч ким жакшы жерин бирөөгө алмаштыргысы келбейт, андан көрө бийликтер маселени чечүүнүн башка жолун караштырса болмок”, - дейт жергиликтүү бир тургун. Мындай пикирди кармангандардын жүйөсүндө аты аталып жаткан бул үч кыштак тең тажик тараптын жылма миграциясынан улам кысмакта калган. Жана учурунда тиешелүү чара көрүлгөндө бүгүн минтип бул жерлер анклав абалына окшоп калмак эмес. Ошол эле учурда кыргыз тараптын бул демилгеси чек ара маселесинде Кыргызстанды дагы бир жолу утулууга алып келет дегендер да бар.

Баткен облусу Тажикстан менен 600 чакырымдан ашыгыраак чектешип турса, анын 400 чакырымдайы али такталбай, шарттуу чек ара боюнча турат. Көпчүлүк учурда эки тараптуу жаңжалдар ушул такталбаган чек аранын айынан, аралашып отурукташып калган тургундардын турмуштук пикир келишпестиктеринен улам чыгып келет. Акыркы учурда мындай жаңжалдар тез-тез катталууда.

А кыргыз тажик-чек арасын тактоо иштери дал ушул чек аралар чырмалышкан аймакка келгени бир карыш да жылбай, такалып турат...

XS
SM
MD
LG