Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү жүрүүдө


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы аймак.
Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы аймак.

Бишкекте бүгүн кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны башталды.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталганына он жылдан ашуун убакыт болсо да анын качан аягына чыгаары белгисиз бойдон турат. Тактоо иштери талаштуу делген аймактарга келгени иш дээрлик жылбай калды. Тараптар а түгүл ушул кезге чейин тактоо иштеринин укуктук негиздери боюнча бир пикир таба элек. Башкача айтканда кыргыз тарап 1958-жылы бекитилген карта менен иштейбиз дешсе, тажик тарап 1924-27-жылдардагы картаны негиз катары кармоого белсенип келет. Бул маселе Бишкекте бүгүн башталган жыйында да кайра козголоору айтылууда.

Тактоо иштери минтип узакка созулушу чек ара аймагында жашаган калкка да кедергисин тийгизүүдө. Өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаты Ташболот Балтабаев да Баткендеги кыргыз-тажик чегинде аймакта кошуналар тараптан сойломо миграция күчөп, чек ара улам ичкери көздөй жылып келатканын айтып чыкты.

Кыргызстан жалпысынан Тажикстан менен 970 чакырым чектешип турса, анын 700 чакырымга жакыны Баткен облусунда. Бул өлкө менен чектешкен тилкенин 400 чакырымдай такталбаган аймагы да ушул облуста. Эки өлкөнүн такталган чек ара тилкеси калк жашабаган тоолуу аймактарда. Ал эми тактала элек, калк жашаган талаштуу делген жерлер шарттуу чек ара боюнча турат. Талаштуу жерлер болсо дайыма кошуна эки элдин ортосунда чыр-чатактарга себеп болуп келет. Бир эле Баткен районунда эле азыр 40 чакты жер ушундай чыр-чатактуу аймактардын катарында турганы айтылууда.

Эки өлкө ортосунда буга чейин мындай талаштуу делген жерлерди өздөштүрбөй туруу боюнча бир канча келишимдер болгон. Бирок мындай макулдашуулар кыргыз тарап үчүн гана иштеп, кошуналар көбүнчө бул эрежени карманбагандыктан талаштуу делген аймактарда чек ара тилкеси улам жылып келатканын айткандар дап бар.

Баткендин Ак-Сай айылынын Замир аттуу тургуну да чек араларды тактоону тездетүү зарылдыгын айтып, зар какшайт:

- Талаш деп эле биздин чек арага тажик кошуналар улам кирип келип жаткандай. Анан бир-эки жылда карасаң ал жерде кошуналардын бак-дарактары өсүп калат...

Чек аранын бекем болбой жатышына кыргыз чек арачылары чекте эмес кыйла ичкериге жайгашып калышы да бир себеп дейт кыргыз-тажик чегиндеги Кара-Бак айылынын тургуну Адылбек Батыров:

- Биринчи кезекте чек ара башталган аймактарга турак жайларды куруу керек, социалдык тейлөөчү мекемелерди алып барыш керек. Биздин Кара-Бак айылы көп жагынан кошуналар менен чектешип турат. Бирок чек арачылар айылдын ортосунда турат. Анан айрым чиновниктер Баткен облусуна иш сапары менен келген учурда «Баткендин чек ара көйгөйү»- деп сүйлөшөт. Андай эмес, бул Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы. Ошондой мамиле кылыш керек.

Бийлик өкүлдөрү болсо чек арачылар чек ара тилкесинен кыйла ичкериде турук алышын шарттын жоктугун каражат жетишсиздиги менен байланыштырат.

- Чек арачыларды чек ара тилкесине алып баргандан кийин аларды таза суу, электр кубаты менен камсыз кылыш керек. Ошондуктан жанакыдай шарттары бар жерлерге жайгашып калган. Бирок чек ара тилкелерин көзөмөл топтору кыдырып турат, - дейт облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн кызматкери Учкунбек Жоробаев.

Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков болсо чек ара тилкеси улам ичкери жылып атат деген сөздөрдү четке кагат:

- Кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек жерлер мурдагы шарттуу сызык боюнча эле турат. Баткенге бир келип кеткен кишилер ММКлардан ар кандай кептерди айтып жатат, эми алар чындыкка жатпайт...

Канткен менен жергиликтүү коомчулукта чек арадагы абалга тынчыздангандар, кыргыз чек арачыларынын ишине ичи чыкпагандар арбып бараткандай.

Жогорку Кеңеш депутаты Улукбек Кочкоров да чек ара маселеси боюнча парламентке даттангандар көбөйүп жатканын белгилейт:

- Тажикстан менен чек арада эмне үчүн биздикилер 1989-жылкы келишимди карап жатат. Ал келишим Жогорку Кеңеште ратификация болгон эмес. Эмне үчүн 1958-жылкы картаны алышпайт. Келип эле 1989-жылкы карта менен чек араларыбызды коргоого алышат. Чек ара кызматы өз милдетин так аткарбай жатат, жакшы иштебей жатат деген пикирлер улам айтылып жатат. Менин атыма да бир топ ушундай даттануулар келип түтү. Менимче, чындыгында биздин чек арачылар бир аз бечелдик кылгандай болуп турат. “Мен кызматта турганада ызы-чуу чыкпаса экен, тынч турса экен” деген позицияда турушат да булар.

Ошентип чек ара тактоо иштери талаштуу жерге келгени ташбака жүрүшкө түшүп алды. Чиедей чырмалышкан жерлерди тактоо эки тарап үчүн да бир топ кыйынга турчудай.

XS
SM
MD
LG