Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

Көктөгү жылдызыңыз өчпөйт, Табыке!


Табылды Эгембердиев. 15.10.2010.
Табылды Эгембердиев. 15.10.2010.

Кыргыздын чыгаан демократ, коомдук ишмери, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкери, демөөрчүсү жана публицисти Табылды Эгембердиев (14.1.1951 – 16.5.2015) дүйнө салды. Бирок анын руху Ала-Тоого көктөн нур чачкан жылдызга айланды.

О, Табыке! Кыргызга көктөн түшкөн кут сыяктуу жаркырап турган Сиздей инсанды эми кантип табабыз! Пенделик эмеспи, далай замандаштар таттуу ойлорго батып, бирок аларды аткара албай жүрүп өтөт го, дүйнөдөн. Сиз сыяктуу ойлогон ойду, көөдөндөгү кыялды турмуш чындыгына жалпы журтту маашырланта жүзөгө ашырган инсанды эми кантип табабыз! Курулай футуролог болбостон, өз иш-аракети менен туңгуюктан жол тапкан Сиздей чыныгы коомдук ишмерди, нагыз ишкерди кайдан табабыз! Мыкты чыгарма окуса, авторунан мурда сүйүнүп, аны жарыялоого шашылган Сиздей демөөрчүнү кайдан табабыз!

Сиздей мыкты Атаны, Жарды үй-бүлөңүз жоктоп жаткан чакта, замандаштарыңыз да, кыргыз атуулдары да, жынысына, этностук тегине, динине, партиясына, тигил же бул жаатына карабастан, урмат кыла тизе бүгүп, Сизди жоктоп ыйлап туру.

Жазмышты эч ким өзгөртө албайт экен, Табыке! Өлүмдүн улуулугу – өлүмдөн да арбайы улуу инсан бардыгын эстетип турганында экен, Табыке!

Эми биздин оор ишибиз – Сиздин мухиттей терең дүйнөңүздү толук ачып бере албасак да, эмгегиңизди эскерип, ошол мухит дүйнөңүзгө азыноолак суу тамчысын кошо тургандай далаалат кылуубуз.

Менин бактым – Сиз менен ар түркүн кырдаалдарда жолугуп, чер жазыша баарлашканга мүмкүндүк алганым болду.

Албетте, 1951-жылы үчтүн айынын (январдын) 14үндө туулгандыгыңызды, бийик тоо арасындагы Суусамырдын кулуну экениңизди, мурдагы Фрунзе политехникалык институтун (азыркы И.Раззаков атындагы техникалык университетти) аяктаганыңызды мүлдө кыргыз билет.

Табыке менен КДКнын жыйындарынын биринде. 1991.
Табыке менен КДКнын жыйындарынын биринде. 1991.

Бугу (май) айында чейрек кылымдык мааракеси белгиленип жаткан “Кыргызстан” Демократиялык Кыймылын (КДК) негиздегендердин бири болгонуңуз, КДКнын катчысы катары анын кеңсесинде туруктуу иштегениңиз, 1992-жылдан улуттук суусундуктарды чыгаруу жаатында жаңы багыт түптөгөн “Шоро” компаниясын, кийинчерээк “Супара” улуттук этнографиялык комплексин негиздегениңиз да коомчулукка дайын.

Сиз карыяларга да, жаштарга да, өзгө да, жатка да, оң менен солго да, эт жегендер менен чөп жегендерге да, сыйынгандар менен сыйынбагандарга да, учкандар менен сойлогондорго да, чечендер менен тили чоркокторго да, тыңдар менен жоошторго да, мээнеткечтер менен жалкоолорго да, келгиндер менен бозгундарга да, айтор, бардыгына тегиз мамиле жасаган кайталангыс айкөл инсан болдуңуз.

Өтө оор делчү кырдаалдарда бакылдап тамашалап келип, бардыгын жайгарган табигый дипломаттыгыңыз эстен кетпейт. Кишинин бир эмгегин миң эсе көтөрмөлөп айтып, көөнүн өстүргөн жаракөрдүгүңүз да унутулбайт.

1990-жылы октябрда КДК коммунисттик режимге каршы саясий ачкачылык иш-чарасын баштаганда, Сиз да багыттоочулардан болдуңуз. Ошондо бул өнөктүккө катышкандарды, өзгөчө, жаштарды, студенттерди шыктандырган азил сөздөрүңүз дагы эле кулагымда жаңыргансыйт.

Дал ошол саясий өнөктүк маалында биздин мыкты студентибиз жана ачкачылыкка өзү да катышкан карындашыбыз Жаңыл менен таанышып калганыңыз, кийинчерээк өмүрлүк жубайлар болуп кол кармашкандарыңыз жөнүндө кийинчерээк тамаша аралаштырып баяндап жүрдүңүз.

Табыке Прага шаарында. 02.3.2008.
Табыке Прага шаарында. 02.3.2008.

Муну 2008-жылы жазында Прага шаарына жубайыңыз Жаңыл, Аскар жезде, Гүлмира эже болуп чогуу келип, биздикинде конокто болгондо да саймедирлеп айтып, боорубузду эзе күлдүргөнүңүз эсте. Кыска гана айтсам, чуркоо боюнча Нарын шаарындагы мелдештерге катышып жүргөн Жаңыл менен Бишкек көчөсүндө жарышып, эки жолу андан озуп, өзүңүздүн спортчу экениңизди татыктуу далилдеген экенсиз. Бул чакан жеңишиңиздин артында кыска аралыкта мыкты чуркаган спринтерлигиңиз гана эмес, жан дүйнөңүздөгү тунуктугуңуз, байоолугуңуз, сүйүүгө тазалыгыңыз, жөнөкөйлүгүңүз да турганын азыр аңдайбыз.

Дагы бир тамаша кебиңизди Он-Арча суусунун алабында, Чуңкур-Сууда кашар оңдоо же куруу үчүн кыдырган учуруңузга байланыштырып айткан элеңиз. Жергиликтүү чабан Сизге суу буйткасынан балыкты кол менен кармоо ыгын көрсөтүп койгон экен. Кийин нарындык башка кесиптештериңиз келгенде, алар менен мелдеше кетип, алиги суу буйткасынан кол менен балык тутуп, ыргытканыңызда, аң-таң калгандыгынан алардын көзү алайган экен.

КДКда же башка бир жыйындар маалында кандай гана талаш-тартыш болбосун, Сиздин көп китеп окуган, далай изденген жана өз алдынча ой жүгүрткөн инсандык бейнеңиз талкуунун көркү болоор эле. Курулуш инженери эмес эле, гуманитардык факультетти бүткөн адис, ойчул философ болуп көрүнөөр элеңиз.

Саясий көз карашыңыз жагынан Сиз тубаса демократ элеңиз. Албетте, мурдагы авторитардык режимдер күч алган учурда Сиз бийликти сынга алаар замат салык полициясы сыяктуу “жазалоочулар” жетип келип, кыйла жүдөткөнүн, анын айынан кийинчерээк курч сынды көп айтпай калганыңызды өзүңүз элди күлдүрүп ачыктаган элеңиз. Бирок элдик ыңкылаптар маалында “Шоро” компаниясы жармасын да, суусун да ыңкылапчыларга бекер таркатып турганы тарыхта калды. Эгерде ыңкылапчылардын аракети майнапсыз аяктачу болсо, анда Сиздей демөөрчүнү кандай азаптар, кыйынчылыктар күтүп тураары айдан ачык эле.

Ар бир элдик майрамда Сиздин компаниянын өкүлдөрү элге белек-бечкек таркатып, кайрымдуулук кылып келди. Мунун бардыгы Сиздин берешендигиңиздин, айкөлдүгүңүздүн, өмүрлүк жубайыңыздын жана бир туугандарыңыздын Сизди колдоосунун мөмөсү болду.

Гүлсана Сарногоева (солдо), Табыке, жубайы Жаңыл Сан-Марино шаарында кыргыз диаспорасынын жолугушуусунда.
Гүлсана Сарногоева (солдо), Табыке, жубайы Жаңыл Сан-Марино шаарында кыргыз диаспорасынын жолугушуусунда.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китеби Сиздин кыт куйгандай таасын ойлор камтылган баш сөзүңүз менен калайыкка жол чапты.

“Китеп да чыгаан калемгерге киреше бериши керек”, - деп бажактап сүйлөгөнүңүз, бул китептин айрым нускаларын кыргыз байларына сатыкка сунуштаганыңыз эсимде (Ш.Дүйшеевдин тактоосуна караганда, китепти акын өзү эле каржылаган).

Айтмакчы, калайыкка жарма (айрым диалекттерде “максым” делет) суусундугун сатуу долбооруңуз кандайча пайда болгонун Сиз бир маегиңизде мындайча эскерипсиз:

“1992-жылы максым сатсак кандай болот дедим, идея меники болду, иним колдоду. Максым жакшы ийгилик жаратаарына көзүм жетти. Анткени үйгө келген коноктордун алдына кола, лимонад койсоң ичпейт, максымды болсо талап кетишет. Башында апам баштап берди. Биздин үйдө нан жебей, эт жебей калган күндөр көп болгон, бирок максым ичпей калган күн болгон эмес. Максым жасабай калыш апам менен чоң апам үчүн трагедия болчу. 1968-жылы шаарга окууга келген кезим. Бир курдай Орто-Сай базарына барсам, эки келин максымын чакага куюп алып, базардын артында... милиция кызматкерлеринен жашынып сатып жүрүшөт. Ошондо "Максымды эмнеге уурданып сатышат" деп намыстанып, кыргыздын улуттук суусундугун кеңири жайылтам деп намыс үчүн баштадым. Үй -бүлөбүз менен биригип устав жаздык, кийин ошонун баары аткарылды”. (“Обон” гезити. – 25.01.2010).

Кыргыздын жармасын соода-сатыкка чыгаруудан тышкары, Көк-Жар кыштагынын түштүгүндөгү эч ким барк албаган таштак жерди өздөштүрүп, гүлзарга айлантып, “Супара” аттуу этнографиялык ашкана-комплексти кургандыгыңыз үчүн эле өлкөбүздүн туризм өнөр жайы Сизге миң мертебе ыраазы болду го дейм. Биз да бул жайга чет өлкөлүк конокторду башыбызды бийик көтөрүп ээрчитип келип жүрөбүз. Мында улуттук оюндардын өрнөктөрүн да көрүүгө болот.

Далай тойлорубуз да ушул куттуу жайда өттү. Анын ичинде жубайым Айшат экөөбүздүн элден бата алган чакан үлпөтүбүз да “Супарада” өттү. Нооруз майрамына ширетилген “Бешбармакфест” деген фестивалыңыз да улуттук шаан-шөкөткө айланды.

“Ордо” улуттук оюну боюнча өлкө чемпиондугун каржылоо түйшүгүн да өзүңүз көтөрдүңүз. Эсимде, 2011-жылы бештин айында (декабрда) Сиздин компания Кыргызстандын Ош, Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынан келген ордо оюнчуларынын таймашын “Супара” комплексинде зор шаан-шөкөт менен өткөргөн эле. Анда Сиз “Ордо” федерациясынын президенти катары чемпиондуктун байге коруна 100 миң сом акчалай сыйлык бөлүп, оюнчулардын жол акысын да каржылап бергенсиз.

Табыке, Сиз бир туугандарыңызга да ырааттуу жөлөк-таяныч болуп бердиңиз. Бул жөнүндө иниңиз Жумадыл байкенин айтканы эсте:

“Биз кичинекей кезибизден атасыз өстүк. Анан апам бизди бирибизге ынак, тартиптүү, ынтымактуу болгула деп көп айтчу. Табылды агам үй-бүлөдө эң улуубуз болгондуктан, биз анын сөзүн эки кыла алчу эмеспиз, жада калса "сен" деп айта албайбыз. Ортобузда чоң сый бар” (“Бишкек таймс”, 2004-жылдын 13-февралы).

Эсил кайран Табыке! Ушул сааттарда үй-бүлөңүз, бир туугандарыңыз түгүл, мүлдө кыргыз Сизди жоктоп кошок кошуп жаткан кез. Азыркынын кара сөз түрүндөгү кошогу курусун, саясаты да кошулат экен, фактылары да айтылат экен, аларды камтый берип, кошкон киши жасалма сүйлөп жаткандай да көрүнөт экен.

Бирок бир нерсе анык, Табыке, Сиз кыргыз элин ойготкон мыкты публицистикалык макалаларды жарыялап үлгүрдүңүз. Сиз кыргыз азыгына – жармага, максымга, кымызга, курутка – базар экономикасына карай жолдомо жазып кеттиңиз, ушул жаатта улуттук брэнд жараттыңыз. Өрнөктүү тагдырыңыз аркылуу Сиздин руханий өмүрүңүз өзүнүн өлбөс-өчпөс сересине көтөрүлдү.

Ылайым урпактарыңыз жана жолдоочуларыңыз Сиздин атуулдук сереңизди андан ары бийиктете берсин! Кайыр кош, Табылды Бердигул уулу агай!

P.S.

Маркум Табылды (Таабалды) Бердигул уулу Эгембердиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты май (бугу) айынын 19унда, шейшемби күнү, эртең мененки саат 10:00до Бишкектин түштүк-чыгышындагы "Супара" этнографиялык комплексинде башталды. Бир нече миңдей киши бул зыйнатка келди. Маркумдун сөөгү Беш-Күңгөй айылынын көрүстөнүндө жерге берилди.

XS
SM
MD
LG