Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Сирияга барган жигит майып болуп кайтып келди


Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар
Сирияда согушуп жүргөн борбор азиялыктар

Жалал-Абад шаарынын 20 жаштагы тургуну Сирияда жаңжалда ок тийип, жарым өпкөсүнөн айрылган. Учурда анын аракетине укуктук баа берилүүдө.

Соңку учурда жаштардын диний-экстремизмге арбын азгырылышын эске алган адистер мектептерде да түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү көздөп жатышат.

Саидмураттын окуясы

Ок жаңылып, денесиндеги жараты толук бүтпөгөн Саидмурат (аты-жөнү өзгөртүлдү) учурда Жалал-Абад шаарындагы өз үйүндө дарыланууда. Өткөн жумада тийиштүү кызматтар аны Түркиянын Кония шаарындагы ооруканадан алып келишти. Кайсы бир адамдардын азгырык торуна илинген жигит Сирияга барышын жумушсуздукка байланыштырат.

- 2014-жылдын март айында Грозный шаарына иштөөгө кеткем. Ал жерде ашпозчу болуп иштеп жүрдүм. Анан Ислам деген бала менен достошуп, биз иштеген кафе жабылып калгандыктан Стамбулга бирге кеткенбиз. Ал досум мага жихад боюнча көп жолу даават кылчу. Стамбулда бизди Мусаб деген 35 жаштагы адам тосуп алып, ал жерде 4 күн жашадык. Андан соң бир тажик жана чечен жаранын бизге кошуп, Сирияга жөнөттү. Чек арадан бизди араб бала тосуп алып, Риф шаарына алып кетти. Биз ал жерде бомба түшүп талкаланган шаарларды тазалоо гана жумуштарын алып барып жаттык.

Саидмурат жихад боюнча айтылган байма-бай дааваттар жана көп суммадагы акча аны азгырганын белгилеп, ал жактагы чыныгы турмуш башкача экендигин айтып отурду. Сирияга кирген соң артка кайтпашын сезген жигит өмүрүн тобокелчиликке салып жүрүп, акыры ок жаңылып ооруканага жатып калат. Азгырыкка алданган жигит башка жарандарды да куру чакырыктарга ишенбөөгө үндөйт.

- Биз Сирияга такси менен баратканда согушка катышсаң 5 миң доллардан 10 миңге чейин төлөп берет экен деп айтышкан. Анан өздүк документтерибизди да алып салышты. Ошол эле учурда өзбекстандык Абдулла деген жаран жихад боюнча ар нерселерди айтып, биздин мээбизге куюп койду. Ал жакта турмуш таптакыр башкача экен. Жихад эмес эле мусулман менен мусулман урушуп жатыптыр. Кайра кетем десем мени кое беришкен жок. Бизди согушка даярдап жатты. Жашаган жерибиз суук, караңгы бөлмөлөр болчу. Ал жакта жүрүп ооруп да калдым. Жээрге тамагыбыз жок магазинге чыккан күнү мага ок жаңылып, ошол жерде эсимди жоготком. Бир жумадан соң эсиме келсем, Түркиянын Кония шаарындагы ооруканада экенмин. Дарыгерлер үч жолу мага операция жасашты, азыр жарым өпкөм жок, майып болуп калдым. Мен азгырылган жаштарга айтар элем, ал жакка алданып барбай эле койгула.

Сириядан майып болуп кайтып келген жигит
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:21 0:00

Жалал-Абад облусунун аймагынан быйылкы жыл ичинде Сирия жана Ирактагы кандуу кагылыштарга катышууга жөнөп кеткен 83 жаран аныкталган. Алардын басымдуулары 30 жашка чейинки жаштар. Өткөн айда укук коргоо кызматкерлери студент жана мектеп курагындагы төрт кызды Сирияга жөнөп жаткан жеринен Оштогу аба майдандан кайтарган.

Түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокоев соңку учурда жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү зарылдыгын белгилейт.

- Быйыл биз жарым жыл ичинде ушул багытта 184 жолу ар кыл аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Бирок бул жетишсиз болуп жатат. Азыр мектеп окуучуларынын арасында да бул маселени колго албасак болбойт. Анткени окуучуларды да туура эмес жолго азгырып, ал жакка алып кетип жаткан фактылар орун алууда. Ал эми жогорудагы бала боюнча ага укуктук баа берилет. Ал колуна курал кармап, чындыгында согушка катышканбы же жокпу? Же чын эле азырылып кеттиби? Ушуларды аныктап, анан гана чара көрүлөт. Көпчүлүк Сирияга кеткен жарандар согушка курман болуп азыр кайтпай жатат. Айрыкча кыз-келиндер кетүүдө. Аларды да ар кандай жолдорго пайдаланышып, күйөөсү өлгөн соң башкага аялдыкка берип жиберишет. Эгер жакыны же башка туугандары Сирияга кеткен үй-бүлөлөр болсо, коркпостон бизге кайрылса болот. Көп учурда алар бизге айтпай жашырынып калып кетип жатат.

Кыргызстанда диний радикализм маселесинин курчуп кетишин адистер дин багытында аалымдардын алешемдик иши менен байланыштырат. "Ислам таалими" коомдук борборунун жетекчиси Дилмурат ажы Орозов мамлекетте дин багытында бирдиктүү багыттын жоктугу жана аалымдардын жихадга анча маани бербеген аракети буга негиз берүүдө дейт. Ошол себептүү коомчулукту туура эмес түшүнүктөрдөн арылтуу милдети келип чыгууда.

- Азыр жаштар акча азгырыгынан улам Сирияга агылып жатат деген сөзгө кошулбайм. Азыр жаштар өздөрү акча чогултуп, машинасын сатып болсо да жөнөп жатышат. Буга диний түшүнүктүн тайкылыгы себеп болууда. Жихад деген бул ыйык көрүнүш. Ал аркылуу соопко жетип бейишке киресиң деп, айрымдар жаштарды азгырып жатышат. Кыргызстандык аалымдар учурда жихад маселесине олуттуу көңүл бурушкан жок. Массалык маалымат каражаттарында стереотип ойлоп таап, учурда Чубак ажы менен Абдышүкүр ажы гана туура айтат, калган аалымдар жарабайт деген ой пайда болду. Мен аларды жаман деп айтпайм, бирок андан башка аалымдарды да чыгарып, алардын да пикирин угуу кажет. Биз диний туура эмес көз караштарды түшүндүрүү аркылуу гана жеңе алабыз.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда Кыргызстанда диний-экстремизмдин 70 чакты очогу бар. Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 300дөн ашты. Алардын басымдуу бөлүгүн Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундары түзөт. Былтыркы жылы атайын кызматтар аркылуу Сириядан 17 жана 24 жаштагы эки кыз мекенине кайтарылган.

XS
SM
MD
LG