Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Сирияга кеткен жарандын өлгөнү айтылууда


Сирия. 24-октябрь, 2013-жыл
Сирия. 24-октябрь, 2013-жыл

Апрель айында Кызыл-Кыядан Сирияга согушка кетти деп айтылган балдардын бири каза болгондугу кабарланууда.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров “Азаттыкка” билдирди. Бирок анын кандай шартта, кайсы жерде өмүрү кыйылганы белгисиз. Ал эми жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тартип коргоо органдары бул маалыматты тастыктай элек.

Быйыл жазда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан жети улан Сирияга согушка кетти деп айтылган. Апрель айында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Кызыл-Кыядан кеткендерди ата-энелери менен бирге издеп, Түркиянын Стамбул шаарына чейин барып келген. Депутаттын “Азаттыкка” билдиришинче, ушул күнгө карата экөөнөн башкасынын баары кайтып келди. Бирок депутат ал жакта калган эки баланын бири каза болгон деген маалыматты ачыктады.

- Ал балдардын баары Кыргызстанга кайтып келип, экөө гана келген жок. Ал экөөнүн бири ошол жакта дүйнөдөн кайтты. Сириядан кайтыш болду. Буга эки айдай болуп калды. Үйүндөгүлөр бул жакта куран да окутушту.

9-октябрь, 2013-жыл
9-октябрь, 2013-жыл
Алдын-ала маалыматтарда каза болду деген уландын сөөгү Кыргызстанга алып келинген эмес. Анын кандай шартта жана кайсы жерде өмүрү кыйылганы боюнча да кеңири маалымат жок.

Сирияга кеткен балдардын бири каза болду деген сөздү Кызыл-Кыя шаарындагы имамдардын бири да ырастады. Жергиликтүү молдонун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ал жигиттин туугандары кайтыш болгон жигитке арнап, Курман айт күнү куран окутушкан. Бирок алар уулу кандай шартта каза болгонун ачыкташкан эмес.

- Ошол жакта эле көмүлгөн, сөөгүн бул жакка алып келишкен жок. Аны эч ким деле билген эмес. Кечээ Курман айтта “балабыз каза болду” деп айтышты. Мен бүгүн каза болгон экен десем, куран окуп гана койсоңуздар дешти.
Менин кабарым боюнча бизден жетөө кеткен. Үчөө кайтып келди. Сирияда болушканын эч кимиси айтпайт. Баары Түркияда гана болдук деп жүрүшөт.


Сириядагы согушчандар
Сириядагы согушчандар
Ал эми каза болгон жигиттин туугандары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ошондой эле аталган маалыматты расмий бийлик өкүлдөрү жана тартип коргоо органдары да тастыктай элек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк облусу боюнча өкүлү Курбаналы Узаковдун пикиринде, аларда акыркы жагдайлар боюнча маалыматтар жок.

- Үчөө кайра келгенин билем. Бирөө аэропорттон кайткан, экөө Түркиядан (Стамбулдан) кайткан. Алар биз жумуш иштегени гана барганбыз деп айтышкан, башка маалымат айтышкан эмес. Алар Сирияга барышкандыгын айтпай жатышат.

Анткен менен Кызыл-Кыянын мэри Абиш Халмурзаев аталган шаардан Сирияга жаштардын тобу кетти деген маалымат толук тастыкталбаганын, андыктан бул маселени талкуулоого да негиз жоктугун айтууда.

- Балдар Сирияга барган эмес, ушул жерде, Москвада жана Түркияда иштеп жүрүшкөн экен. Балдар жок болуп кетсе эле Сирияга кетти деген сөздөр чыккан.

Сирияга кеткен 150 казак жараны
Сирияга кеткен 150 казак жараны
Бирок тартип коргоо органдары жазында 2,5 жылдан бери жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияга адамдарды азгырып алып кетүү боюнча фактыларды ырастаган. Ал эми ушул айда болсо Жалал-Абаддын Сузак районунан да Сирияга адамдардын кеткени айтылган. Ага ылайык, Сузакта мечиттерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн болчу.

Кошуна Казакстанда болсо 150 адамдан турган бир канча үй-бүлө Сирияга жихад үчүн көчүп кетишкенин, Кудай жолунда шейит болгулары келерин баяндаган тасма өткөн апталарда пайда болуп, чоң талкуу жаратты. Дүйнөнүн ар тарабынан барган согушчандар Сирияда президент Башар Асадга каршы куралдуу оппозициянын катарын толукташууда.

XS
SM
MD
LG