Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Эратов: Сирияга барбоого үндөйбүз


Сирияга барган казак жарандары. 21-октябрь, 2013-жыл.
Сирияга барган казак жарандары. 21-октябрь, 2013-жыл.

Муфтият жарандарды Сирияга барбоого үндөй баштады. Атайын кайрылуу кабыл алынып, мечит-медреселерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандан Сирияга кеткендердин саны элүүдөн көп экенин март айында тартип коргоо органдары кабарлаган.

Эмне үчүн бул жаатта алдын ала иштер жүргүзүлгөн эмес? Салттуу исламды жайылтуудагы кемчиликтерде муфтияттын күнөөсү барбы? “Азаттыктын” суроолоруна муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов жооп берди.

“Азаттык”: Сирияга жихадга аттангандар боюнча маалыматтын чыкканына көп болуп калды. Муфтият буга эмне үчүн бир топ убакыт өткөн соң реакция кылып жатат?

Эратов: Акыркы учурда Сириядагы абалдын курчушунан улам Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү өлкө жарандарына, жалпы эле момун мусулмандарга кайрылдык.

Кайрылууну ушул жуманын башында кабыл алдык. Айрыкча жаштарды ал жакка барбоого үндөдүк. Кайрылууда Сириядагы ички саясатты түшүнбөй туруп согушка аттануу туура эместигин белгиледик. Жагдайды билбей эле ал жакта салгылашып жүргөн жарандарыбызды кайтууга чакырдык.

“Азаттык”: “Ал жактагы ички саясатты билбей туруп барбаш керек”,- деп жатасыз. Ошол “ички саясатка” түшүндүрмө берип кетесизби?

Эратов: Айрым мусулман мекендештерибиз “Сирияда исламдык жихад болуп жатат” деген түшүнүктө жүрөт. Чындыгында эч кандай исламий салгылашуу болгон жок. Бийлик менен оппозициянын ортосундагы гана саясий тиреш. Ал жактагы саясий абалды билбей туруп жихад деп ойлобош керек.

“Азаттык”: Сиздерде Кыргызстандан Сирияга кетип калган кишилердин так саны барбы?

Эратов: Аларды аныктоо биздин милдетке кирбейт, ошентсе да укук коргоо органдарынан маалымат алып турабыз. Алардын айтымында, “жихадга” деп кеткендердин саны кырктын тегеринде.

“Азаттык”: Адамдардын Сирияга кетип жатканы үчүн муфтияттын да күнөөсү бар деп ойлойсузбу? Алдын алса болот беле? Балким салттуу исламды түшүндүрүүдө кемчиликтер болуп жаткандыр...

Эратов: Бул пикирге кошула албайм. Бирок актангандай болбойлу, бир гана муфтияттын эмес, тартип коргоо органдарынын да күнөөсү бар деп ойлойм. Ааламдашуу жараяны жүрүп жатпайбы азыр. Интернет өнүгүп, дүйнөнүн каалаган жериндеги адамдар менен байланышып жатабыз. Сөз эркиндиги берилип, оюбузга келгендин баарын сүйлөйбүз. Тыйган эч ким жок. Ошондуктан мен мында дин башкармалыгынын гана эмес, мамлекеттин да күнөөсү болушу мүмкүн деп эсептейм. Эркиндик болушу керек, бирок алдын алуу иштери да жүргүзүлүшү зарыл.

“Азаттык”: Сиздер кабыл алган кайрылуу жардам берип, “жихад” түшүнүгүндө жүргөндөр азайышы мүмкүнбү? Же дагы кошумча чаралар керекпи?

Эратов: Албетте, кошумча чаралар керек. Биз кайрылуу менен гана чектелбей, жер-жерлердеги бардык медресе, мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Казыяттарга тапшырма берилген. Имамдар жана башка диний кызматкерлер аркылуу калкка түшүндүрө баштадык.
XS
SM
MD
LG