Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Көлдүк үй-бүлө Түркиядабы же Сириядабы?


Сириядагы жихадчылар
Сириядагы жихадчылар

2014-жылы Жети-Өгүз районунан эки баласын алып Түркияга иштегени кеткен бир үй-бүлө Сирияда экени айтылууда.

Ички иштер кызматкерлери учурда бул үй-бүлө Сирияга өтүп кетиши мүмкүн деген жоромолду иликтеп жатышат. Айылдаштары арасында да бул үй-бүлө Сирияга кетип калыптыр деген кеп тарап кеткен.

Көлдүн тескейиндеги Дархан айылында шарияттын шартына ылайык жашаган такыба мусулман Арсланбек Жоомартов үй-бүлөсү менен дарегин таптырбай кеткенине эки жылга айланып баратат.

Энесинин айтуусунда, балдары 2014-жылы Түркиянын Анталия шаарына кафеге иштейбиз деп кетишкен. Аларды Орусиядан тапкан түрк досу чакырган экен. Арсланбек Түркияга чейин Орусияда үч жыл иштеп келген. Энеси балдарын Түркияда эле жүрөт деп ишенип, кайтып келеринен үмүт кылып, убайым жеп отурат.

Арсланбектин энеси диктофонго сүйлөп берүүнү каалабады. Анткен менен айыл ичинде Арсланбек үй-бүлөсү менен Сирияга кетиптир деген аңыз кеп жүргөнүнө көп эле болуптур. Муну айылдаштарынын айткандарынан баамдоого болот:

- Аны Сирияга кетти деп ушак кылып атышпады беле. Ошондой деп укканбыз биз да, аны айылдын баары эле билет болуш керек.

Дархан айылынын дагы бир тургуну буларды айтты:

- Колуктусу, эки баласы менен Бишкекке иштейбиз деп кеткен, анан эле дайын жок. Аябай жакшы бала болчу, мындай тентеги деле жок эле, жакшы жүрчү, анан ушинтип эле калды...

Арсланбек​ атасы каза болгондо да келген эмес экен. Арсланбектин жеңеси Айнура Курманова кайниси менен абысынынын аталары бир мезгилде, алар жокто көз жумганын айтат. Балдарына кабар жеткире алган эмес.

- Былтыр февралда кайнагам - Арсланбектин атасы каза болду. Негизи ал мурда аялы менен Бишкекте жашачу. Мунун дайынсыз болгону былтыр эмес го, менимче. Анан анын каякта экенин билбейм. Элдин баары эле Сирияга кетиптир деп айтып жатышат. Сириядабы же Түркиядабы, кудай акы билбейм.

Бир тууган карындашы Малика Жоомартова агасы акыркы жолу Whatsapp аркылуу байланышканын айтты:

- Барганда Whatsapp менен "жеттим, эртең жумушка чыгам" деген болчу. Айт күн болчу анда, ошонун эртеси күнү жумушка чыгам деп жаткан. Ашпозчу болуп иштейм деген.

Облустук милициянын 10-бөлүмүнүн башчысы Арсен Самаев Арсланбектин Түркияга өткөнүн, ал эми Сирияга кирген-кирбегени тууралуу малымат жоктугун ырастады:

- Аэропорттон текшерсек, 2014-жылы Бишкектен Стамбулдун Сабиха Гёкчен деген аба майданына учуп кетиптир. Ошол жакка кетип калыптыр. Ал эми Сирияга кирдиби-кирген жокпу, ким билет эми. Ал келгенде сурайбыз.

Арсен Самаевдин айтканына караганда, ушул күнгө чейин Ысык-Көл облусунан баш-аягы болуп 39 киши Сирияга кеткен. Алардын ичинде үй-бүлөсү менен кеткендер да арбын. Буга чейин облус боюнча сегиз үй-бүлө, тууган-туушканы менен чыгып кеткени белгилүү болгон.

  • 16x9 Image

    Асеин Маданбеков

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. 2015-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG