Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Жаңы конуштардын чечилбеген көйгөйү


Дордой базарынын жанындагы конуштар
Дордой базарынын жанындагы конуштар

Бишкектин чет жакаларына жаңы конуштардын түшкөнүнө 25 жылдай болсо да ушул кезге чейин свет, жол, суу маселеси чечилбеген көйгөй бойдон келатат.

Айрым жаңы конуштардын негизги маселеси - жерлерди мыйзамдаштыруу. Шаардык мэрия бул көйгөйлөрдү чечүү кыйын болуп жатканын айтып келет. Ал эми парламенттеги эл өкүлдөрү ошол жерлерди мыйзамдаштырууну тездетүүгө чакырса, айрымдары буга каршы.

Бишкектин айланасында 50нүн тегерегинде жаңы конуш бар. Алардын дээрлик көбү мыйзамсыз, элдик толкундоолордун эпкини менен пайда болгон. Мындан улам ал жактагы жашоочулардын суу, жол, электр энергиясы, мектеп жана бала бакча өңдүү көйгөйлөрү жергиликтүү, шаар бийлигинин чечилбес маселеси болуп калды окшойт. Эми андагы жарандар, активисттер, коомдук уюмдар биригип, өз маселесин чечүүнүн жолдорун издеп жатышат.

Биргелешип чечим издөө жолунда

17-июнда “Жаңы конуштардын кеңеши” уюштурган конференцияда жаңы конуштардагы жерлерди мыйзамдаштыруу маселесине басым жасалды. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Анарбек Сарымсаков:

- Биргелешип маселени чечүүнүн ушундай жолун тандадык. Бардык конуштарда көйгөйлөр бирдей. Чогулуп талкууласак маселени чечүү жолдорун таба алабыз.

Жыйынга келген Бишкектин вице-мэри Алтынай Өмүрбекова конференцияда айтылган көйгөйлөр менен шаар бийлиги тааныш болгонун белгилеп, бирок маселени чечүүдө мэриянын чамасы чак экенин айтты.

- Биз кыска мөөнөттүү программаларды кабыл алып, жаңы конуштардын маселесин чекесинен чечип берүүгө аракет кылып жатабыз. Бирок жалгыз мэриянын колунан келчү иш эмес экенин билесиздер. Өкмөттүн казынасынан да каражат каралыш керек.

Калыс-Ордо конушу
Калыс-Ордо конушу

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков башкадан мурун жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу маселесин парламент, бийлик да эртелеп чечип бериши керек деп эсептейт. Эл өкүлү карапайым эл турак жай муктаждыгынан жер басып алууга барганын эске салып, маселени чечүүдө тыюу салуу же мыйзамсыз пайда болгон конуштарды бузуу сыяктуу аракеттер социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн болгонун айтат.

- Менин колуман келсе эртең эле чечип берет элем. Себеби улам көйгөйлөр топтолуп, элдин кыжырдануусу күч алып жатат. Бул кайрадан эле элдик толкундоолорго алып келет. Мен бул меселени парламентте дагы бир жолу көтөрөм.

Бирок Сокулук районун акими Аманкан Кенжебаевдин пикиринде, жаңы конуштагы жерлерди дароо мыйзамдаштыруу туура эмес. Эч документи жок жашоочулар убагында жер басып алгандардан алданып сатып алышкан. Аким райондун аймагына мыйзамсыз там салып алган жерлер айдоо аянттары болгонун, аларды басып алып, сатып жибергендерге кылмыш иши козголгонун, эми парламент аларды мыйзамдаштырууга уруксат берсе, жер басып алуу өнөкөткө айланып кетиши мүмкүн экенин белгилейт:

- Мисалы, бир айылда 889 гектар сугат жер болчу. Азыр там салып алышты. Мен аларга эми кайдан суу, жарык, жол тартып берем? Парламент жерди мыйзамдаштырып салат. Ал эми күч бизге түшөт. Жол салып бер, свет тартып бер дегендер эртең эле акцияга чыгат. Жерлерди мыйзамдаштырбай туруп, ошол жерди басып алып саткандарга миллион акча төлөтүш керек. Аларга кылмыш иши козголгон. Жер мыйзамдашып калса, ал иштер эмне болот?

Майнапсыз жыйындар

Деген менен көйгөйлөрүн айта берип тили тешилген жаңы конуштуктардын айтылган маселелердин бир күндө чечиле коюшуна көзү жетпейт. Конференцияга келген айрым активисттер шайлоо алдында сөз эмизген жыйындардын бири деп, ишеним артпай турушту. Алардын бири, Ак-Тилек конушунда жашаган Абдыкалык Турганбаев 25 жылдан бери жерин мыйзамдаштыра албай далай эшик каккан экен.

- Мен 25 жылдан бери жердин кызыл китебин алалбай жүрөм. Чоңдор уялбайт экен. Алар сүйлөп коюп кетет же жыйынтыгы жок. "Ары, же бери болгула" деп ачык айтыш керек эле.

Мурас-Ордо конушу
Мурас-Ордо конушу

1990-жылдардан кийин Бишкектин тегерегиндеги көп жерлер, анын ичинде айдоо аянттары мыйзамсыз басып алынган. Көпчүлүгү бара-бара жер тилкелерин мыйзамдаштырып алса, жерге болгон ээлик укугун өкмөт менен талашып келаткандар да бар.

Былтыр Жеке турак жай курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде 42 жаңы конушта мыйзамсыз делген 6 382 жер участогу аныкталып, анын 3,5 миңден ашуунуна үйлөр мыйзамсыз курулуп жатканы айтылган. Ошого карабай жаңы конуш жашоочуларынын үмүтү үзүлө элек. Алар жаңы конуш мыйзамдаштырылып, шаардын же кайсы бир райондун карамагына өтсө, калган маселелер чекесинен чечилээр эле дешет.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG