Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

ИИМдин эрке ыктыярчыларын ким тыят?


Иллюстрация
Иллюстрация

Жол коопсуздук кызматкерлерине ИИМде штаттан тышкары ыктыярчы болуп иштейбиз деген жигиттер кол көтөргөн.

Социалдык тармактарда кызуу талкууланып жаткан видеодо Жол коопсуздук кызматынын эки, милициянын бир кызматкери үч-төрт адам менен жакалашып жатканы тартылган. Анда жулунган 20-25 жаштагы жигиттер жол кайгуулчуларга кыр көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Аны менен тим болбой бирөө МАИчилердин жанында турган куралчан милицияны да муунтканга жетишкен.

Милициянын маалыматында, окуя 30-сентябрда түндө болгон. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Олжобай Казабаев окуянын чоо-жайына токтолду:

- Алардын бирөө ИИМдин штаттан сырткары кызматкери болуп иштейм деген күбөлүгүн көрсөтүп, токтотулган унаанын айдоочусун коё берүүнү талап кылган. Алардын үчөө мас абалында кызматкерлерге орой мамиле кылып жулунган. Жол кайгуул кызматкерлерине баш ийбей мушташ чыгарышкан.

Өзүн Ички иштер министрлигинин ыктыярчысымын дегени, окуя болгон жерден милициянын бирин унаасынын капотуна жабыштырган бойдон 100 метрге чейин сүйрөп кеткен. Күч кызматкерлери аны кубалап барып, унааны дөңгөлөккө атып араң токтоткон.

Учурда чатак чыгарган эки адамга “бейбаштык” жана “атайын кызматтагы адамдарга баш ийбөө” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Казабаевдин айтымында, камалгандардын биринин агасы чынында милицияда ички тартип боюнча штаттан тышкары кызматкер болгон. Мушташ чыккан жерде ал ошол агасынын күбөлүгүн көрсөткөн экен.

Бул күч кызматынын ыктыярчылары катышкан жосунсуз жоруктардын биринчиси эмес. Буга чейин айдоочуларга ыдык көрсөткөн коомдук жардамчылардын видеолору да интернетте кызуу талкуу жараткан эле.

Бишкек шаарында жол кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин видеого тартып, интернетке байма-бай жүктөп турган активист Болот Ибрагимов милициянын коомдук жардамчылары менен чатакташкан учурлары болгон. Ибрагимовдун айтымында, күч кызматындагы таасирдүү адамдардын тааныштары, жакындары милицияга байланышкан ар кандай майда мыйзам бузуулардан оңой кутулуу үчүн дал ушундай статустагы күбөлүк жасатып алышат. Мындай күбөлүктү мактаныч үчүн акчага жасатып алган жаштар дагы бар, дейт активист:

- Алар укуктарын өздөрү көбөйтүп алышат. Болбосо, мыйзам боюнча алар кагаз иштерине эле жардам берген жарандар. Негизи ал тажрыйба топтоо үчүн милицияга кирем деген жаштарга берилиши керек. Бирок азыр милициялар тааныштарына берет. Аны менен ар кандай майда иштерин оңой бүтүрүшөт. Ал күбөлүк акчага деле сатылат, 300-400 доллардан. Мисалы, МАИ тосуп калса оңой кутулат же терезелерин караңгылатып жүргөнгө пайдаланышат. МАИчилер андай күбөлүктөн чын эле коркушат.

Атын атагысы келбеген штаттан тышкары кызматкер милицияда эмнеге ыктыярчы болуп жүргөнүн мындайча түшүндүрдү:

- Штаттан тышкары болуп иштөөгө тааныштар аркылуу киресиң. Милицияга жардам бересиң. Айлык албайсың, бирок башка жумуштарды бүтүргөнгө жакшы. Жолдо тоспойт дегендей. Эми андан ары милицияга деле иштеп кетсең болот.

Эксперттердин айтымында, бүгүнкү күндө милицияга көмөктөшүү үчүн түзүлгөн коомдук жардамчылар өз милдетин аткарбай калды. Милицияга жардамчымын деген күбөлүккө таянып, ыйгарым укуктарын көбөйтүп алышкан.

“Реформа жана жыйынтыктары” уюмунун өкүлү Урмат Казакбаев Ички иштер министрлигине дал ушул маселе боюнча кайрылышкан экен.

- ИИМде алар эч кандай кагазда аты-жөнү жазылган эмес. Алардын көбүн күбөлүк берген тааныштары эле билет. Ошол күбөлүккө таянып, мыйзамсыз иштерди кылып келишет.

Бирок милиция жогоруда айтылган дооматтарга макул эмес. Штаттан тышкары кызматкер бул укук коргоо органдарына жардам берүүчү жаран. Мындай кызматкер алуу укугу “Ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга ылайык Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматтарда каралган. Буларга соттолбогон жаран арыз менен кайрылып, эгер талапкерлиги жактырылса, мекеменин бир кызматкерине бекитилип берилет. Ал ошол кызматкер берген буйрук менен гана иштөөгө милдеттүү.

Учурда күч кызматкерлеринде штаттан тышкары канча кызматкери бар, аларды ким көзөмөлдөрү белгисиз.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG