Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Магомед Мусаев – өжөр балбан


Лондон олимпиадасына жолдомо алган спортчулардын бири – эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Магомед Мусаев.

Апрель айынын аягында Кытайдын Тайюан шаарында өткөн Лондон олимпиадасына жолдомо берүүчү мелдеште эркин күрөштөн кыргызстандык 6 балбан мөрөй талашты. Жыйынтыгында 96 кг. салмакта күч сынашкан Магомед Мусаев 2-орунду ээлеп, Лондон олимпиадасына жолдомо алган.

Мусаев Кытайдагы турнирде килем үстүнө төрт ирет чыкты. Ал алгач индиялык Маусам Хатри, андан кийин польшалык Радослав Баранды жана түштүк кореялык Же-Сунг Кимди жеңип алды.

Финалда баш байге үчүн таймашууда Магомед Мусаев азербайжандык Хетаг Газымовго аз упай менен жеңилип, күмүш медаль тагынды. Эл аралык күрөш федерациясынын чечими менен бул мелдеште биринчи жана экинчи орунду ээлеген балбандарга Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарылган.

Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин айтымында, Магомед Мусаев келечеги кең жаш балбан:

- Бул олимпиадалык жолдомо үчүн эл аралык турнирде ар бир салмакта жеңүүчүлөргө үчтөн жолдомо ыйгарылды. Экинчи орунду ээлеген биздин Магомед Мусаев эми Лондон олимпиадасына барып, өлкө намысын коргойт. Ал абдан өжөр, кайраттуу балбан. Негизги атаандаштары орусиялык, иран, азербайжан жана кореялык балбандар болот. Учурда даярдык көрүп жатат. Лондон олимпиадасында байгелүү орунга жетип калышы да толук ыктымал.

Жылдызы жанган көз ирмемдер

Магомед Мусаев 23 жашта. Казакстанда туулуп, өскөн. Казакстанда жашап жүргөн учурда алгач грек-рим күрөшү менен машыккан. Кийин ата-энеси Ингушетиянын борбору Малгобек шаарына көчүп барганда, эркин күрөш менен машыккан. Орусияда күрөшүп жүргөндө жаштар арасында биринчиликтерде мөрөй алган. Бирок Мусаев бирин-эки мелдештерди утканы менен Орусияда мыкты балбандардан жол тийбей, чоң ийгиликке жеткен эмес.

Эркин күрөш боюнча башкы устат Анарбек Үсөнкановдун айтымында, Магомед Мусаев Кыргызстандын жарандыгын алып, өлкө намысын коргоп жатканына эки жыл болду.

Быйылкы жылы Магомед Мусаевдин жылдызы жанды. Жыл башында Мусаев Кыргызстандын чемпиону аталып, өлкөнүн тандалган балбандардын тобуна кошулган.

Быйыл февралда Түштүк Кореянын Гумми шаарында өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык бардык атаандаштарын жеңип, 2012-жылдын Азия чемпиону аталган.

Март айынынын башында Чеченстандын президентинин байгесине арналган эл аралык Гран-при мелдешинде да мөрөй алып, адистердин көңүлүн бурган.

29-мартта Астанада өткөн Азия өлкөлөрүнүн олимпиадалык жолдомо берүүчү турниринде да үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болгон. Адистердин баамында, Астанада калыстар Магомед Мусаевдин упайын эсепке албай, басынтып койгон.

Эркин күрөш федерациясынын вице-президенти, СССРге эмгек сиңирген устат Жеңиш Дөнбаевдин айтымында, оор салмакта Орусияда мыкты балбандар арбын болгондуктан Магомед Мусаев Кыргызстанга келип, Лондон олимпиадасына жолун ачты.

Былтыр күзүндө Чеченстандын борбору Грозныйда эркин күрөш боюнча өлкө президенти Рамазан Кадыровдун кубогуна арналган эл аралык турнирде Магомед Мусаев биринчи орунду ээледи.

Мусаев 96 кило салмакта бардык атаандаштарын артыкчылык менен утуп, алтын медаль тагынып, 20 миң доллар акчалай сыйлык алган.

Бул турнирге Кыргызстан, АКШ, Болгария, Түркия, Украина, Беларус, Азербайжан, Армения, Казакстан, Тажикстан жана Орусиянын бардык аймактарынан үч жүздөн ашуун тандалган балбан катышкан.

"Кыргызстан - ак жолтой өлкө"

Азия чемпиону Магомед Мусаев “Азаттыкка” маек куруп, Олимпиадага даярданып жатканын айтты:

- Казакстанда жашап жүргөндө жашымдан грек-рим күрөшү менен машыккам. Атамдын жумуштарына байланыштуу Ингушетияга көчүп бардык. Ал жакта грек-рим күрөш ийрими жоктугунан эркин күрөшкө барып калдым. Орусиянын жаштар арасында биринчилигинде байге алып жүрдүм. Бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстандын атуулу болуп, өлкө намысын коргоп жүрөм. Кыргызстан мен үчүн олимпиадага жол ачкан ак жолтой өлкө болду. Чынында Лондон олимпиадасында күчтүү атаандаштарым бар. Бирок жакшы даярдык көрсө, баарын утууга болот. Олимпиадада медал үчүн аракет кылам.

Учурда Магомед Мусаев Орусиянын Кисловодск шаарындагы күрөш борборунда даярдык көрүп жатат. 8-июнда Бишкекте өтө турган Каба уулу Кожомкулдун байгесине арналган 50-эл аралык турнирге катышып, даярдыгы сыналат. Андан кийин Ысык-Көлдө машыгуудан өтүп, Орусиянын балбандары менен бирге даярдык көрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG