Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Атамбаевдин күйөө баласы футбол федерациясын жетектейт


Кыргызстан азыр футбол боюнча дүйнөдөгү 207 мамлекеттин ичинен 200-орунда турат.
Кыргызстан азыр футбол боюнча дүйнөдөгү 207 мамлекеттин ичинен 200-орунда турат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов 7-декабрда футбол федерациясынын президенттигине шайланды.

Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаевдун ордуна келди.

Футбол федерациясынын отчеттук кайра шайлоо жыйыны жабык өттү. Атайын чакырылган делегаттардан сырткары эч кимди киргизишкен жок. Маалымат алууга барышкан журналисттерди коопсуздук кызматы имаратка киргизбей койду. Ошентип жабык жыйында федерациянын жаңы жетекчиси шайланды.

Футболдун дүйнөдөгү кадыр-баркы тынбай өсүп, саясатка таасир берүүчү кудуретке ээ болуп турганын эске алганда, бул орун да Кыргызстанда кыйлалардын көзүн кызартса керек. Мурдай болжолдонгондой эле федерацияга жетекчи болуп президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов атаандашсыз бир добуштан шайланды. Генерал Кутуев шайлоо болгонго чейин эле өз талапкерлигин алып койгон. Дагы бир талапкер, футзал ассоциациясынын жетекчиси Медет Букуев документи туура эмес деген шылтоо менен шайлоодон четтетилгенин, жаңы жетекчилерди тааныбастыгын билдирди.

“Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков, генерал Өмүрбек Кутуев, башкы катчы Асылбек Кадралиев жана Маңзатка каршы күрөш боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин биринчи орун басары Гуламжан Анарбаев футбол федерациясынын вице-президенти болуп кайра шайланды.

Федерациянын вице-президенти Асылбек Кадралиевдин айтымында, Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султанов жаш кезинде футбол ойноп жүргөн. Футболду өнүктүрүү боюнча фонд түзүп, атайын концепция да иштеп чыккан.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек синирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов федерацияга жаңы келген жетекчинин тажрыйбасы аз деп эсептейт:

- Бул жигит жакында эле футболду колдоо фондун түздү. Азырынча тажрыйбасы аз. Коомчулукка деле тааныла элек. Федерацияга жүк көтөрө турган, иш билги жетекчи керек эле. Ошондуктан футболду мыкты билген адистерден команда түзүп иштөөсү зарыл.

Дагы бир кызык жагдай, футбол федерациясын уюштуруп, 16 жыл жетекчи болуп турган мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев бул уюмдун ардактуу президенти болсо дагы жыйынга расмий чакырылган эмес. Буга байланыштуу Муралиев мындай пикирин билдирди.

- Европада абдан күчтүү менеджерлер бар. Алар футболдогу ар бир ишти уюштуруп, карап турушат. Кыргызстанда ушундай кесипкөй менеджерлер жетишпей жатат. Бул футбол гана эмес, спорттун башка түрлөрүндө да байкалат. Мени ардактуу президент катары жыйынга чакырышкан жок. Бул жыйын жашыруун, жабык, атаандашсыз өттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков бул окуя өлкө президенти Атамбаевдин кадыр-баркына көлөкө түшүрүшү мүмкүн экенин, булар деле Бакиевдердин жолун жолдой баштаганын белгилейт.

Эл аралык футбол федерациялар ассоциациясынын акыркы жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан дүйнөдөгү 207 мамлекеттин ичинен 200-орунга түштү. Бул - кыргыз футбол тарыхында эң төмөн көрсөткүч. Эми футбол күйөрмандары жаңы жетекчилер кыргыз футболуна жаңы дем бере алар бекен деген күдүк ойдо турушат.

Өлкөнүн футбол федерациясынын президенти, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен.
Биринчи президент Аскар Акаевдин уулу Айдар кезинде бокс федерациясына жетекчи болуп, Улуттук олимпиада комитетин да башкарган. Андан кийинки президент Курманбек Бакиевдин эки уулу - Максим Бакиев күрөш федерациясына, Марат Бакиев дзю-до жана ок атуу федерацияларына президент болушкан.

Эми азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы Семетей Султановдун атасы, Маңзатка каршы күрөшүү агентигинин азыркы жетекчиси, генерал Алымбай Султанов да учурунда волейбол федерациясынын президенти болгон. Балким булардын учурдагы бийликке жакындыгы футболдун жанданышына себепчи болоор?
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG