Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Азия чемпионаты: балбандардын ийгилиги


Монголияда өтүп жаткан грек-рим күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык жаш балбандар алгачкы күнү эле 2 алтын, 5 коло байге утту.

26-июлда Монголиядан спорт күйөрмандарын кубандырган кабар келди. Улан-Батордо өтүп жаткан Азия чемпионатынын алгачкы күнүндө грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары 2 алтын, 5 коло байге утуп алды. Жаш балбандар мындай ири мелдешке биринчи ирет катышып, чоң ийгилик жаратканын “Азаттыкка” федерация вице-президенти Кулболду Исаев сүйүнчүлөдү.

58 кило салмакта Нурсултан Ташболотов жана 63 кило салмакта Рустам Рахматулаев бардык аттандаштарын утуп, Азия чемпиондору аталды.
Нурсултан Ташболотов алгач монгол Чойгажида Ганболданы утуп, жарым финалда жапон балбаны Юсуке Китаоканы жеңип алды. Азия чемпиондугу үчүн финалдык таймашта Исломидин Нематовду Нурсултан утуп, алтын медаль тагынды.

Экинчи алтын медалды утуп, Азия чемпиону аталган Рустам Рахматулаев финалда ирандык Колматы Асадини жеңип алды.

Жеңил салмактарда Азат Төлөнбай уулу, Адилет Таалайбеков, 50 килодо Тынарбек Шаршанбеков, 54 кило салмакта Тынчтыкбек Абдыкеев жана 69 кило салмакта Болотмырза Асанбеков Азия чемпионатында коло байгелүү болду.

26-июлда 76 кг, 85 кг жана 100 кило салмактагы балбандар күч сынашканы кезегин күтүп турат. 76 кило салмакта Абдулазиз Ашымбеков менен монгол Бат-Эрдене Дамдин күрөшөт. 85 кило салмакта Узур Жусупбековдун алгачкы атаандашы да монгол балбаны Одсурен Болдбаатар болмокчу. Оор салмакта да Нурсултан Махмудов өлкө намысын коргойт.

2012-жылы Бишкекте өткөн уландар арасындагы Азия чемпионатында кыргыз балбандары 8 медаль утуп, командалык эсепте биринчи орунду камсыз кылган.

26-июлда 38, 40, 43, 46 жана 49 кило салмактарда кыздардын эркин күрөш таймаштары болот. Мында өлкө намысын Канайым Бургхан кызы, Динара Сулайманова, Саяна Байызова, Жаркын Көчөрбай кызы жана Юлия Филистеева коргойт. Сегиз балбан кызга башкы машыктыруучу Бахтияр Юсупов баш-көз болуп жүрөт.

27-28-июлда Улан-Батордогу Азия чемпионатында эркин күрөштөн өлкө намысын 10 балбан коргойт. Алардын катарында 54 кило салмакта уландар арасында Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков, 69 кило салмакта Нарбек Изабеков жана 85 кг. салмакта Бексултан Султаналиев жана башкалар бар.

Кытай: дүйнөлүк шахмат олимпиадасы

Учурда Кытайдын Чонгкинг шаарында 16 жашка чейинки улан-кыздар арасында шахмат боюнча дүйнөлүк олимпиада өтүүдө. Дүйнөлүк акыл таймашы тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Нурдин Самаков кабарлады.

Мында 72 өлкөнүн улан-кыздары акыл таймашына катышууда. Шахмат олимпиадасында өлкө намысын 4 шахматчы коргоп жатат. Тагир Таалайбеков, Жакшылык Нурланов, бир туугандар Келсинбек жана Айбек Исакжанов алгачкы беттешүүдө Кытайдын командасын 4:0 эсебинде утуп алып, казакстандыктар менен тең чыкты. Кийинки акыл таймашында бир упай айырма менен Словениянын командасына утулуп калды. Улан-кыздардын дүйнөлүк шахмат олимпиадасы 31-июлда жыйынтыкталат.

"Келечек" кубогу Ошко кетти

25-июлда Баткендин Кызыл-Кыя шаарында футболдон "Келечек" кубогу үчүн өткөн республикалык турнир жыйынтыкталды. Ага 11 жаштагы жеткинчектер катышты.

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, финалдык оюнда Ош менен Чүйдүн курама командалары да негизги убакытта 1:1 эсебинде тең чыккан. Оюндун тагдыры жекеме жеке топ тебүү менен чечилип, ийгилик Ош тарапка ооду.

Коло байгесинин ээсин да жекеме-жеке топ тебүү аныктады. Анда Жалал-Абаддын жеткинчектери баткендиктердин дарбазасына бир топ ашыгыраак киргизди.

Турнирге 7 облустун жана Бишкектен келген сегиз команда катышкан. Былтыр “Келечек” кубогу Ысык-Көл облусунун борбору Караколдо өткөрүлгөн.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG