Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Майып спортчулар: үнүбүздү ким угат?


Орусияда паралимпиадалык оюндардын катышуучуларына жакшы шарттар түзүлгөнү айтылып келет.
Орусияда паралимпиадалык оюндардын катышуучуларына жакшы шарттар түзүлгөнү айтылып келет.

Майып спортчулары эл аралык мелдештерге, паралимпиадаларга катышып жүрүшкөнү менен алар өкмөт тарабынан камкордукка алынган эмес.

Кыргызстандык майып спортчулар бир нече Азия оюндарына, паралимпиадаларга бирин-экөө катышып жүргөнү менен алар колдоого алынбай, кароосуз калышканын майып спортчулар федерациясынын президенти, 2-топтогу майып Роман Өмүрбеков “Азаттыкка” айтып берди.

- Бизди Дене тарбия, спорт агенттигинин жетекчилери көрөйүн деген көзү жок. Кабыл алып, ал-абалды сурап да коюшкан жок. Өкмөт тарабынан эч кандай камкордук көрүлгөн эмес. Өз арбайыбызды өзүбүз согуп, ооруну да жеңип, өлкөнү да таанытып келатабыз.

Паралимпидалык оюндар спорттун 23 түрү боюнча өткөрүлүп жүрсө, кыргызстандыктар 5 оюндарда тең спорттун пауэрлифтинг боюнча гана катышкан.

Дүйнө жүзүндө майыптар спортту өнүгүп, алардын көңүлү өсүп, дүйнөлүк рекорддорду жаңыртып келүүдө. Ал түгүл Борбор Азия өлкөлөрүндө да паралимпиадалык комитеттер түзүлүп, максаттуу иш жүргүзүүдө.

Кыргызстандагы майып спортчуларга көңүл бурулбай жатканын өлкө чемпиону, 2-топтогу майып Эсен Калиев айтып, кейип турду.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун айтымында, шаар мэриясынын чечими менен майып спортчулар залдарда бекер машыгышат.

- Бишкек шаарында 6 спорт мектеби болсо, ошонун экөө майып спортчуларга арналган. Бул мезгил талабы, себеби дүйнө жүзүндө майып спортчуларга көңүл бурулуп, алардын чеберчилиги өсүп баратат. Ушул агымдан биз да артта калбашыбыз керек. Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүргөн спортчуларга колдон келишинче шарт түзүлүп, камкордукка алууга аракет кылып жатабыз. Бизде майыптар үчүн спорттун беш түрү боюнча ийримдер иштеп жатат.

Майып спортчулар балдак, араба менен автобустарга түшө албай, кыйналып жүрүшөт. Ошондуктан аларды спорт залга ташып жүрүү үчүн федерация өкмөткө бир жеңил унаа берүү өтүнүчү менен кайрылганына бир жылдан ашты.

Жакында өкмөттөн "эгерде мүмкүнчүлүк болсо гана жардам беришибиз мүмкүн" деген жооткоткон жооп алышканын федерация жетекчиси Роман Өмүрбеков кошумчалады.

Жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуучу кыз-жигиттер арбын. Майып спортчулар федерациясынын президенти Роман Өмүрбеков Франциянын жана Шериктеш өлкөлөрдүн эки жолку чемпиону болгон. Ал 5 паралимпиадалык оюндарга катышкан, эл аралык спорт чебери.

Роман өзү 2012-жылы Лондондо өтө турган паралимпиадага 3 жигитти даярдап жатканын билдирди.

- Ооруга жеңдирип, чүнчүп жашагандан көрө, спорт менен машыгып, алдыга бир максат коюп, үмүт менен жашоо керек. Биздей майыптарга өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлсө, анда биз Кыргызстанды дүйнөгө таанытат элек. Өзүбүз менен өзүбүз болуп, мелдештерге барарда гана машыга калып, бизге көңүл бурулбай келсе, паралимпиадалык комитет түзүлгөнү эл аралык аренага жол ачылган. Бирок жетекчилер куру убадаларды берип, жыргатабыз дешүүдө. Аны мезгил көрсөтөт.

Кырсыкка кабылып, эки буту тең басууга жарабай калган атбашылык жигит Шамырбек Ыдырысов Роман Өмүрбеков үлгү болуп, жашоого болгон үмүтүн кайра жандырганын айтып, майыптарды спорт менен машыгууга үндөдү.

Өлкөдө 1992-жылы майып спортчулардын клубу түзүлүп, 1994- жылы өзүнчө федерация болуп, Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчөлүккө кабыл алынган.

Ошондон бери Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев катышса, 2000-жылдагы Сидней паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргон. Ал эми быйылкы Афина паралимпиадасына Роман Өмүрбеков, Шовкат Мугалимов жана Эдурад Гисов катышып, Роман байгелүү алтынчы орунга жеткен.

Каражат маселеси чечилбей 2008-жылы Бээжин паралимпиадасына жана 2010-жылы Гуанчжоу Азия майыптар оюндарына катышпай калышкан.
XS
SM
MD
LG