Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

"Нефтчи": алдыда Кубок үчүн таймаш


Камбожада эки атаандашын уткан “Нефтчи” командасы АФК президентинин Кубогунун финалында ойнойт. Кыргызстандык хоккейчилер Азия Кубогуна катышат.

"Нефтчи" - финалга талапкердин бири

Футболдон Кыргызстандын былтыркы чемпиону, Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы Камбожанын Пномпен шаарында Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун беттешүүлөрүндө эки ирет жеңишке жетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Футбол федерациясынын басма сөз кызматчысы Канат Асенов билдирди.

-Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы биринчи оюнда Бангладештин чемпиону "Абахани" командасын 2:0 эсеби менен утуп алды. Дарбазага топту Марат Аджиниязов жана Павел Павлов киргизди.

Кийинки беттешүүдө да "Нефтчи" Шри-Ланканын чемпиону "Дон Боско" менен беттешип, аларды да 2:0 эсебинде жеңип алышты. Бул эки жеңиш кыргызстандык футболчуларга Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык оюндарына жолун ачты.

25-майда “Нефтчи” талаа ээси Камбожанын "Пномпен Краун" командасы менен акыркы беттешүүсүн өткөрөт. Бирок утса да, тең чыкса да, же утулса да Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык оюндарына катышат.

Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде, быйыл Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасы баш байгени утуп алышы кыйынга турат.

Ошентип баш байге үчүн 6 талапкерлер аныкталды. “Нефтчи” командасы эми Тайпейдин “Тайвань Пауэр”, Түркмөнстандын "Балкан", Тажикстандын "Истиклол", Камбожанын "Пномпен Краун" жана Мьянманын "Яданарбон" командалары менен мөрөй талашат. Финалдык беттешүүлөр быйыл сентябрь айына белгиленүүдө. Бирок кайсыл өлкөдө өтөөрү азырынча тактала элек.

Бишкектиктерге теңелүү кыйын

24-майда Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасы соңуна чыкты. Спорттун 16 түрү боюнча жети күнгө созулган мелдештердин жыйынтыгында Бишкек шаарынын командасы биринчи болду. Экинчи - чүйлүктөр, үчүнчү орунду ысыккөлдүк мектеп окуучулары ээледи.

Район, облустун жетекчилери балдардын ден соолугуна маани бербей, окуучулардын спортко болгон кызыгуусун колдобой жатканын “Жаштык “ спорт борборунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаев билдирди.

Кыргызстандык хоккейчилер Азия Кубогуна катышат

Эл аралык хоккей федерациясы Братислава шаарында Кыргызстанды расмий мүчөлүккө кабыл алгандан бери бул спортко көңүл бурула баштады. Кыргызстандык хоккейчилер Азия Кубогуна катышууга расмий чакырык алышты.

Шайба хоккейинен Азия Кубогунун таймашуулары 2012-жылы март айында Индияда өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн Шайба хоккейи федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди. Ошондой эле ал “Кыргызстандын командасы дүйнө чемпионатынын “С” тобунда ойноп калышы мүмкүн”- деди.

Кыргызстандын хоккей боюнча биринчилигинде 8 команда мөрөй талашып, чеберчиликтерин жогорулатмак болду. Бирок ар бир оюнчу орточо баасы миң долларга барабар хоккей жабдууларын алууга кудурети жетээр-жетпеси арсар.

Казакстанды багындырган уландар

Спорттук гимнастикадан Алматыдагы эл аралык турнирден уландар 5 медаль утуп келишти. Бишкектик Роман Пак биринчи, Семен Доронин экинчи болушту. Шахрияр Агзамов, Бекжан Насредино жана Илья Симоненко коло байге утту.

Жашынан таптайт балбанды

Учурда Бишкекте дзю-до күрөшүнөн улан-кыздар арасында өлкө биринчилиги өтүүдө.

Өлкөнүн бардык аймагынан эки жүзгө жакын жаш спортчу күч сынашып жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" өлкөнүн Дзю-до федерациясынын вице-президенти Шейшенкул Бакиров билдирди.
XS
SM
MD
LG