Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:22

Спорт

Сингапурда Исломжан Далибаев коло байгени колдон чыгарды

24-августта Сингапурда I жаштар олимпиадасында кыргызстандык боксчу Исломжан Далибаев коло байге үчүн түркмөнстандык Нурсахат Пайзуев менен беттешти.

Сингапурдагы оюндардын талисмандары
Текст көлөмү - +
24-августта Сингапурда I жаштар олимпиада оюндарынын таймашуулары улантылды. Жаштар олимпиадасында кыргызстандык боксчу, дүйнө чемпионатын коло байге ээси Исломжан Далибаев 69 кг салмакта алгачкы таймашууда германиялык Денис Радованды 4:1 эсебинде утуп алган.

Бирок 22-августта Исламжан Далибаев жарым финалда бразилиялык Давид Лауренкого 2:1 эсебинде утулуп калган. Давид Лауренко финалга чыккандыктан Исломжанга үчүнчү орун үчүн таймашууга жол ачылды.

24-августта кыргызстандык Исломжан Далибаев менен түрмөнстандык Нурсахат Пайзуев коло байге үчүн күч сынашты.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкуловдун Сингапурдан билдиргенине караганда боксчу Исломжан Далибаев чеберчилигин көрсөтүүгө аракет кылганы менен түркмөнстандык атаандашы аны жеңип алды. Ошентип Исломжан ишенимди актай албай, жаштар олимпиадасынын коло байгесинен куру калды.

Жазында Бакуда өткөн дүйнө чемпионатында коло байге уткан Исломжан Далибаев Сингапурга аттанаар алдында байгелүү орунга аракет кылаарын “Азаттыкка” мындайча билдирген эле:

-Бокс менен машыкканымда алты жылдан ашты. Жазында Бакуда өткөн дүйнө чемпионатында коло байге утуп алуу менен Сингапурга жолдомо алган элем. Жалал-Абад шаарында жашагандыктан ал жактагы окуяларга байланыштуу өтө мыкты даярдык көрө албай калдым. Ошондой болсо дагы, Бишкекте машыгууларды өткөрүп, ишенимди актоого аракет кылам.

Спорттун беш түрү боюнча жаштар олимпадасына катышып жаткан спортчу Ильяз Бактыбеков фехтованиеден жетинчи, сууда сүзүүдөн жыйырма үчүнчү, тапанча атууда жыйырма экинчи орунду ээледи.

Спорттун азыркы беш түрү боюнча таймашуулар 24-августта жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бирок кыргызстандык Ильяс Бактыбеков байгелүү орунга жете албады.

Сингапурдагы жаштар олимпиадасмына бараткан жаш спортчулар кетердин алдында президенттин кабыл алуусунда болушкан
Ошентип кыргыз туусун Сингапурга көтөрүп барган 8 жаш олимпиадачы таймашууларын жыйынтыктады. Натыйжада 1 алтын, 2 коло байгени кыргызстандык спортчулар жеңип алышты.

Алар грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медаль тагынып, жаштар олимпиадасынын чемпиону аталса, грек-рим күрөшүнөн Шадыбек Сулайманов жана дзю-дочу Болотбек Токтогонов коло байге утуп алышты.

Өлкөнүн улуттук олимпиадалык командасын баштап жүргөн Саламат Эргешовдун билдиргенине караганда кыргызстандык жаш олимпиадачылар жана алардын устаттары Сингапурда тарыхый-маданий эстеликтер менен таанышып, чет өлкөлүк жаштар менен достошуп, көңүлдүү эс алышууда.

Өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын башкы катчысы Эшим Кутманалиевдин пикиринде Сингапурда байгелүү орундарды ээлеген менен каражат маселеси чечилбей Кыргызстандан сегиз спортчу гана катышканы өкүнүчтүү.

Жаштар олимпиадасында мөрөй талашуулар 26-августка чейин созулат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)