Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Баракка гумжардам барды


Кыргызстан Сох анклавына жол ачкандан кийин өзбек жериндеги кыргызстандык Барак айылына да гуманитардык жардам жеткирүүгө жол берилди.

2 чоң КАМАЗ менен ун, азык-түлүк, дары-дармек жана балдарга, аялдарга жылуу кийим-кечектер жеткирилди. Бирок барактыктар жол ачылбаса, эл баары бир кыйнала бере турганын айтышууда.

25-январда эртең менен саат тогуздарда “Акташ” чек ара посту аркылуу Барак айылына өткөрүлөт деген гуманитардык жардамдар чек ара тилкесинде 2-3 саат турууга аргасыз болду.

“Баткенде Өзбекстандын Сох анклавына жол ачылыптыр” деп кабар келгенден кийин гана Кыргызстандын 2 КАМАЗы, 1 бусиги жана 4 жеңил машинеси Өзбекстандын Бирлешкен айылы аркылуу Барак анклавына койо берилди.

"Акташ" чек ара бекети
"Акташ" чек ара бекети
Кечке жууктап гана кайткан Кыргызстандын өкүлдөрү Барак айылынан 30дай жашоочуну ала чыкты. Бирок ары-бери өтүүдө аларды өзбек чек арачылары тыкыр текшерүүгө алды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, машинелерге 153 куту үй-бүлөлүк гигиеналык каражат, 448 даана балдардын кийимдеринин комплекти (костюм, юбка), 93 даана балдардын жилети, 306 кг кургатылган мөмө-жемиш жүктөлгөн.

Ошондой эле Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан 200 литр өсүмдүк майы, 200 кг туз, 100 даана шам, 100 куту тамеки, 500 куту ширеңке жана дары-дармек кошулду.

Өкмөттүн чечими менен Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 7 тонна 650 кг ун бөлүнүп берилди:

Кыргызстанга келаткан барактыктар
Кыргызстанга келаткан барактыктар
- Азыр негизинен азык-түлүк, күнүмдүк турмушка керектелчү нерселер жеткирилип берилди. Ошондой эле барактыктар үчүн кийимдерди да ала бардык. Андан сырткары дарыгерлерди да ала бардык эле алар бир катар жарандарды, балдарды кароодон өткөрүшүп, алып кетүүгө муктаждарын алып чыгып келдик. Аларга эми бул жакта ооруканаларда жардам беребиз. Балдар менен кошулуп Барак айылынын 30дан ашык жашоочусу биз менен кошо чыкты.

10 күнчө убакыттан бери камоодо калган барактыктар тамак-аш, дары-дармек, отун-суудан кыйналып жатканы айтылган. “Кантсе да элдин абалы тынч экен” дейт Кара-Суу район акиминин орун басары Сооронбай Жолдошев:

- Элдин абалы жакшы эле экен. Бизге гуманитардык жардам деле керек эмес дегендей кылышты эле. Бирок биз мамлекет берген нерселердин баарын таркатып, тапшырып бердик. Алар чек ара тилкесин ачууну, же Өзбекстандан коридор алууну эң башкы маселе катары айтып, суранып атышат. Бул маселени азыр мамлекеттик деңгээлде атайын комиссия иликтеп, карап жатат. Чек ара качан ачылаарын, барактыктарга качан жол берилерин ошолор билет.

Барактыктар маек берип, көйгөйүн айтуудан чочулашат. Өзбек аскерлери алардын сыналгыга, же үналгыга чыгып калганын билип калса, ары-бери каттаганда мазактап, кыйноого алышарын белгилешти.

Ден соолугуна байланыштуу чек арадан өтүп келген Барак айылынын атын атагысы келбеген тургуну ал жактагы шарт жөнүндө буларды айтты:

- Канча күн камоодо калса да өлүп калган жокпуз. Бирибиз туз жок калса, экинчибиз берип, бирибизде нан жок калса, аны берип атып ушул күнгө жетип келдик. Аз-маз кооптонуу болду. Азыр эми ал жакта эл жашап атат, болгон кыйынчылыгыбыз эле жолдун жабыктыгы. Мен кант диабети менен оорулуу болгон үчүн бул жактан баргандар ала келишти. Башкалар сыяктуу эле ооруканага барып дарыланам. Баракка ун, шекер, майда-чүйдөлөрдү, тамекисинен бери алып барып беришти. Ошону жеп, тамекиден чегип коюп жата беришет да эми.

Деген менен барактыктар бул гуманитардык жардам элди убактылуу сооротуу гана экенин айтып нааразы болууда. Анткени Өзбекстан бийликтери тарабынан ары-бери каттоого дагы деле уруксат боло элек. “Жол ачылбаса, элдин кыйналганы кыйналган” деп кабатырланат анклавдын жашоочуларынын бири Абдыкадыр Курбанбаев.

- Адамдар бул күндү күткөн да эмес, ойлонгон да эмес. Чек ара кокустан жабылды. Күтүлбөгөндүктөн биринде нан жок, биринде чай жок отуруп калышты. Барактын ичиндеги дүкөндө жазында калган, мите баскан күрүчтөрдөн бери сатылып кетиптир. Балаң бала бакчада болсо да кыжаалат болосуң, ал эми Барак айылы башка өлкөнүн ичинде болуп атпайбы. Биздин чоңдор эмнеге ушуну ойлонушпайт? Кечээ айтышкан эле, жол ачылды деп, келсек гуманитардык жардамдарды гана өткөрүп жатат. Эми бул алып барганы түгөнгөндөн кийин эмне кылышат? Элди алдаганды коюп, тезирээк чек аранын ачыштын үстүндө иштебейби биздин бийликтер. Эл ары-бери каттай албай өлүп бүткөнү калды.

Январдын башында кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал чыгып, Өзбекстандын Сох анклавынын тегерегиндеги өткөрмө бекеттердин баарын эки тарап тең жаап салган болчу. 17-январдан тарта Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук”, “Маданият”, “Кең-Сай” жана башка өткөрмө бекеттеринен жарандарды жана унааларды бир тараптуу гана өткөрүп, темир жолду убактылуу жапканын Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдаган болчу.

Кыргызстандын Барак анклавындагылар да 15 күндөн бери эки жакка каттай албай калганын тастыкташууда.

Барак айылына гумжардам жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Барак айылындагы 300дөй түтүндө жалпы 2 миңдей адам бар. Административдик жактан Кара-Суу районунун Ак-Таш айылдык округуна карайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG