Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Баатыр эне болуу азыр барктуу эмес


Гүлмира Алимбекова Баатыр эне наамын алган. Ага карабай балдарынын пособиеси кыскарып кетиптир. Адистер Кыргызстанда баатыр энелер баркталбай жатканын айтышууда.

Жусуп Алимбековду достору, теңтуштары баатыр ата деп коюшчу экен. Чынында эле жубайы Гүлмира Алимбекова ушул жылдын март айында Баатыр эне наамын алган.

Бул үй-бүлөдө жети бала бар. Улуусу 17, кичүүсү үч жашта. Эгиз балдары да бар. Жусуп мырза жети баланын ызылдаган үнүн, бир үстөлгө отуруп талашып тамактанганын көргөн бакыт деп эсептейт. Гүлмира айым болсо жаш кезинен эле көп балалуу болууну эңсечү экен.

- Мен эки эгиз кыз, эки эгиз бала болсо деп ойлочум. Алла талаам эгиздерди да берди, андан ашыртып да берди. Кыялдарым орундалды, жолдошум жакшы. Анан башка эмнени ойлойбуз?

Жусуп Алимбеков ар бир баланын өзүнчө мүнөзү, орду бар экенин белгилейт.

- Булардын ар биринин мүнөзү ар башка болот экен. Чай ичип отурганда байкайм. Кээ бирөөлөр эки баласына нерв болуп, ошонун айынан урушуп кетет экен. Ушундайларды деле көрүп жүрөбүз. Баарына чыдаш керек, турмуш деген оңой эмес да.

Гүлмира эже Баатыр эне болгон менен анын орденин деле көрө элек экен. Тескерисинче наамын алгандан кийин балдарынын пособиеси кыскарып кетиптир. Анын айтымында, Свердлов районунан эки адам келип текшерип, алардын телевизору, салат жасаганга каражаты бар экенин белгилеп, 1900 сом пособиесин 1500гө кыскартып койгон.

- Көп балалуу болгон өзүбүзгө эле жакшы го, бирок өкмөт кичине жардам берсе жакшы болот эле. Бала бакчага, ооруканаларга барганда жеңилдик бар бекен деп ойлойм. Бизге эмес балдарыма жеңилдик болсо жакшы болмок.

Жети баланын ар бирине көңүл буруп, жомок окуп, ыр жаттатканга деле убактым жок дейт биздин каарман. Анын үстүнө бул үй-бүлөдө балдар кызыккан спортко же бийге жазылуусуна каражат тартыш.

Гүлмира: Курсагын карайм, төшөгүн салып берем. Анан ыр үйрөткөнгө деле жетишпейм. Мисалы, кызым бийге катышсам дейт, ага деле акча керек.

Жусуп: Жети баланын кирин жууйт. Бир нерсе десең көп балалуу бол деп сени бирөө кыйнадыбы деген сөздөр болот. Андайды мен акимчиликтен эле уккам. Арыздануунун кереги жок, өзүм да каалабайм. Базарга барсаң бир кило эт 300 сом турат. Биз конок келсе эт жейбиз, болбосо этсиз деле жашоо өтө берет экен.

Ошентсе да бул үй-бүлө балдары чоңоюп, келечекте жеңилин жерден, оорун колдон алган жардамчылар болот деп ишенишет.

Жусуп Алимбеков жети бала төрөп берген жубайын сыйлайт.

Жусуп: Кыргыз элим канчалык көбөйсө ошончолук жакшы. Мен жаштарга коркпогула, ар бир бала ырыскысы менен чоңойот деп айтар элем. Менин балдарым бири-биринин кийимин кийип эле чоңоюп келатат. Мен жети бала төрөп берген келинчегимди сыйлайм, сыймыктанам.

Гүлмира: Чынын айтканда мен эки балам бар учурда жасаган кичине казанга эле тамак жасайм. Ошол деле баарыбызга жетет.

Соңку кездерде Кыргызстанда демографиялык маселелер көп көтөрүлүп, калктын санын көбөйтүү керек деген ураандар байма-бай айтылып келет.

Көп балалуу болууну каалабаган жаштарды сындагандар андан көп. Балким адегенде Баатыр энелерди кастарлап, аларга тиешелүү камкордук көрсөтүү маселесин чечүү керектир...

XS
SM
MD
LG