Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:21

Эл үнү / Коом

Жыйырма түгөй – бир үлпөт

Эл аралык уюмдардын демилгеси жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 7-майда 20 түгөйдүн тою “Дасмия” ресторанында өттү.

Текст көлөмү - +
Күйөө жигиттер калпак жана кыргыз оюусу бастырылган кийим кийсе, келинчектер кыргыздын улуттук кийими болгон ак шөкүлө, көйнөк менен жасанышкан.

Үй-бүлө курууга кадам таштаган түгөйлөрдүн бири - Ноорузбек менен Гүлкайыр Бишкек шаарына окуу үчүн келишкен экен:

“Азаттык”: Кантип табышып калдыңар эле?

Ноорузбек: Биз экөөбүз бир группада окуйбуз. Эки жыл сүйлөшүп жүрдүк.

“Азаттык”: Бул тандоодо кандай талаптар коюлду?

Гүлкайыр: 
Бизге агайлар сунуш кылышты. Андан кийин биз ата-энелерибизден уруксат алдык. Андан соң атайын анкета толтуруп, сынакка катышып, өтүп кеттик.

“Азаттык”: Ушундай той өткөргөнгө мүмкүнчүлүгүңөр болот беле?

Ноорузбек: 
Жок, мындай ресторанда той өткөрө албайт элек. Бүгүн аябай сүйүнүп турабыз. Мен 21 жаштамын, бирок турмуштун кыйынчылыктарына даярмын деп ойлойм. Келечекте жубайыңды сыйлап, аны капа кылбай, кыйналтпай багуу туурасындагы кеп-кеңештерди улуулардан үйрөндүм. Эң башкысы сүйгөнүмө жеттим.

Жыйырма түгөйдүн бир күндө баш кошкону Кыргызстан үчүн жаңылык болгону менен Түркия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү башка отуз алты өлкөдө бул мамлекет тарабынан атайын колдоого алынган салттуу жөрөлгө. Башка мамлекеттерде бир күндө ондоп, жүздөп, кээде миңге жакын түгөйлөр үйлөнүшөт экен. 

Үйлөнүү үлпөтүнүн толук чыгымы 1 миллион сомдон ашты. Түгөйлөрдүн кийиминен баштап тойканага, ар кандай салт, жөрөлгөлөр, белек-бечкек жана тойдо тартылган тасмага кеткен чыгымдарды жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар көтөрүшкөн. Уюштуруу ишин Жаштар министрлиги өз мойнуна алган. 

“Үй-бүлө – коомдун өзөгү” деп аталган долбоордун алкагында 20 түгөйдүн бир күндө, бир жерде үйлөнүү той өткөрүү демилгесин “Орто Азия” жаштар фонду көтөргөн. Бул тууралуу аталган фонддун мүдүрү Илхам Демиржи “Азаттыкка” буларды айтты:

- Мен тарыхчымын. Кыргыздардын каада-салт, үрп-адаттарын көп изилдедим. Менде кыргыз салтына ылайык той өткөрүү боюнча идея жаралды. Демөөрчүлөр табылгандан кийин бул сунушту Жаштар министрлигине жолдогон элек. Биздин негизги максат - өлкөдө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө өскөн балдарга колдоо көрсөтүү. 

Алдын ала маалыматта белгиленгенге караганда, бул тойго өлкө башчысы баштаган кыргыз аткаминерлери катышмак. Уюштуруучулардын тилеги боюнча бул иш-чара алгачкы жолу уюштурулуп, бирок мамлекет мындан ары колдоону өз мойнуна алса деген чакырык болчу. Бирок бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жаңы баш кошкондорду куттуктаган жок. 

Жаштар министри Алиясбек Алымкулов мындай иш-чара улантыларын жана үйлөнгөндөргө ар тараптан колдоо болуп, иш менен камсыз кылуу маселеси каралып жатканын белгиледи.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Талант каяктан: Новосибирск
09.05.2011 09:40
Урматтуу "Азаттык+" телепрограммасы, маалымат берип коюунарды отуном...
Бул тойго кетен чыгым мамлекет тарабынан болбосо, ким тарабынан болду экен? Жана ал тарап бул улпотко кандай кызыкта?

кимден: Alia каяктан: Корея, Сеул
09.05.2011 07:16
Эн жакшы улуттук-коомдук иштердин бири, ушул тойду уюштурган жана жаштардын башын кошууга жардам берген уюштуруучуларга рахмат жана иштерине зор ийгиликтер!
Жана жаштар кол кармашып турмуштун ысык-суугуна бирге чыдап, бактылуу омур сургуло! алхамдулиллах.

кимден: kolduk kyz
09.05.2011 03:56
Kuw boo bek bolsun! Baktyluu bolgula!!! Mykty, super ideya. Abdan kubanychtuu. Uyushturuuchular, demoorchulor azamatsynar!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.05.2011 03:36
bul ylpot mamleket bilermandarina jakpaganbi oz oilorunardi aitip korboisynorby?

кимден: Akyl каяктан: fubai
09.05.2011 02:34
mashala mashala

кимден: Али каяктан: Малазия
09.05.2011 01:33
Бактылуу болгула!Кыргызстаныбыз гүлдөп өсө берсин!

кимден: Берк
08.05.2011 23:42
Албетте жакшы жoрoлгo бирoк биз биринчи мактап андан кийин кандайдыр бир уюм же сектанын башы кылтыйып чыкчу эле

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
08.05.2011 22:19
Колдоого татыктуу. Баш кошкон жаштар бактылуу болгула,келечегинер кен,улгулуу уй булоодон болгула! Жаштар министирлигине рахмат,жаштарга биринчи жоолу колдоо корсотулгонуно. Айта кетчуу нерсе, 21 жаш уй булоо куруу бул ото эле эрте эмеспи азыркы кыйын жашоодо. Окууларын бутуруп,жумуш иштери менен камсыз болуп,эч кимге коз каранды болбогудай мезгилге жатип 25тин кырынан ашып уйлонушсо жакшы болот беле.
Уйлоно турган жаштардын канча жаш курагын эске алсаныздар,урматтуу уюштуруучулар. Улпотко катышуу учун 16-18 жаштагылар арыз берип журушпосун. ???

кимден: Manas kg каяктан: Ireland
08.05.2011 18:48
Жаштарга бакыт таалай ынтымак ырыс кешик берсин, аябай сонун той болуптур, кыргыздын кийми, музыкасы жарашыктуу кылып аябай жакшы чагылдырыпсынар азаттык, рахмат силерге. Жаштар министрлгине чоон рахмат алла раазы болуп кыргызстан учун иштеген министирлик болсун, Спонсорлорго да ырахмат, таза кыргыз салты менен и шарият жолу менен той болуптур. Чондор акчаларын казино, бузукулук иштерге жумшагыча ушундай кыргыз элибиздин келечеги болгон жаштарга жумшасанар боло, башка олкодон келген мусулман бир туугандар кыргыздын салт санаасы менен той откоруп берип жатат ошолорду коруп уялсанар боло эээ акчага чиренген чондорубуз. Дагы бир жолу ушул тойго салымын кошкон адамдарга баардыгынарга кыргыз жаштарынын атынан ыраазычылыгымды билдирем.

кимден: Nur каяктан: Kuwait
08.05.2011 18:41
Саламатсынар кыргыз элим! Мен аябай кубанычтамын, биздин кыргыз жаштарыбыз, бир туугандарыбыз, таза, адеп ахлактуу кыргыз салты жана ислам шарияты менен алкоголдук ичимдиксиз нике тойун откоруп жаткандарына, себеби тойдун башы кандай таза кандуу отсо жашоосу да кудай буюрса таза болот. Жаны баш кошкон жаштарга куш боосу бек болушуп, уйбулоосуно ынтымак, ырыскы, бакыт таалай, ыйман, узун омур, чынденсоолук жана ата энелерин урматтап сыйлаган жаштардан болушусун. Аа жаштар министирлигине болсо дагы ушундай кыргыз элибизди жана жаштарды колдогон, кыргыз эли учун иштеген министирликтен болсун. Канча жылдан бери кыргыз мамлекетинин чондору, министирликтери эч бир кыргыз эли учун куйуп бышпаган бир гана зыянды алып келген министирлик, окмот болуп келсе мына кудайыбыз буюруп таза жаштар министирлиги жакшы иштерди баштады. Аллах силерге жардам берсин.!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу