Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Сыйлыктарын "уурдаткан" согуш ардагери


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жашаган Али Өмүрзаков карыя согушта Сталинград жана 3-4-Украиналык фронттордо пулеметчу болуп кызмат өтөгөн.

Небересинин үйүндө тынч уйкудан ойгонгон 111 жаштагы Али Өмүрзаков карыянын ден соолугу азыр деле тың. Согушта жараат алып, айыккан кол-бутунун оорусу фронтто беш жыл жүргөн оор күндөрүн эске салат. Ал армияга чакырылганча өз колхозунда бригадир болуп иштеп, кара жумушка аябай бышкандыктан аскерде окопту бат жана кең каза билгенин айтты.

Душмандардын чабуулунан коргонуу маалында аны менен окопто бирге жаткан командачылыктын өкүлү өмүрүн Али аксакал сактаганына ыраазы болуптур. Ал кезде фронттогулар менен ооруктагылардын байланышы кыйын болчу. Өкүл ыраазылыгынын далили иретинде Али аксакал жашаган Базар-Коргон районуна телефон чалдыртып, эсепчи болуп иштеген орус аял аркылуу анын үй-бүлөсүнүн амандыгын билип берген:

- Ден соолугум жакшы. Бир гана жарадар болгон сөөктөрүм ооруйт. Салмагым баягыдай эле 95 килограммдан кайткан жок. Неберем жанымда, эшикке жетелеп чыгат. Өзүмчө таяк таянсам кээде мүргүп, жыгылып түшөм. “Сен ошону карап, атпаганыңда, мен колго түшүп кетет элем. Бир-экөө-үчөөнү өлтүрүп, колго түшмөкмүн. Сен сактап калдың”, - деди ошол командачы.

Ал согушта пулеметчу болуп, Сталинград жана 3-4-Украиналык фронттордун сабында кызыл аскерлердин кыйырына кол салган душмандардын кыйласын сулатат:

- Кайсы жерде немистер калың болсо, мени андан ага, мындан буга которот. Алар түндө жойлоп келишет. Мылтык, же тапанча менен атпайт, союп кетишет. Түндө келгенде бир-экөөнү атып жарадар кылсаң ошолордун өлүгүн алып кеткени келген оо жыйырма-отузун кырып таштайм.

Сталинград фронтунда орус жолдошу экөө фашисттердин бир генералын колго түшүрөт. Карт жоокер ошол генералдын кайда турганын андан мурда туткунга алынган анын кызматкеринен сурап-билишкендигин эскерди:

- Эки эле адам колго түшүргөнбүз, жаагы жок Миленов жана мен. Аны колго түшүргөндө жанына орус кыздарды коюп, ар нерсени сурап атыптыр. Ал самолет даярдап, качабыз деп, командирлерин чогулткан экен. Кийин жаагы жок орус экөөбүз өтүк тиккен чалын кармап алдык. Ошол чал баарын айтып берди. Паулюсту кармадык, самолеттон түшүрүп калып. Кармагандан кийин орустун кыздарын жанына коюп, сурап алды. Аны 1942-жылы эле кармаганбыз.

Карыя согушта душмандын генералын кармаганы үчүн куралдашы экөө сыйлыкка көрсөтүлөт. Бирок коммунист болгон орус жолдошу орден алат. Дагы биринде сыйлык казак жолдошуна тийип, Али аксакал кайра кур калат. Ошол 1942-жылы Сталинград фронтундагы 57-армия командачысынына орун басары Федор Толбухин Али Өмүрзаковду компартиянын катарына алууну партиялык уюмдун катчысына дайындайт. Кийин 3-4-Украиналык фронтторду башкарган бул генерал бир нече ирет сунушталса да, Али Өмүрзаковдун комсомол, же коммунист болбогону үчүн сыйлыкка өтпөй атканын анын өзүнө айткан:

- "Согушту жакшы билет" деп мактап жүрдү. "Коммунистке өт" деди. Макул болгон жокмун. Толбухин деген командачы болчу. Ошол мага "азыр коммунист менен комсомолдор ураан чакырып жатат. Сен өтсөң жакшы болмок, мээнетиң көп. Бир эмгегиңди Булетбаев деген казак алып кетти. Дагы бир жердеги мээнетиңди Миленовский алып кетти”, - деди.

Анткен менен карыя партияга кызыккан эмес. Себеби:

- Казакты атып койгондон кийин партияга өтпөй койдум. "Гражданканын" ичинде жүрүп эле атып коюшту. "Коммунистке өт" деп командачы Толбухин канча кыйнады.

Али аксакал фронттон 1945-жылдын күзүндө кайткандан кийин “Коммунизм” колхозун башкарат. Анын тактыгына чарбага барган республиканын ошол маалдагы жетекчиси Исхак Раззаков да баа берген экен:

- Раззаков келип, "ушунча жылдан бери иштеп келатат. Бирөөнүн акысын жебейт. Жетим-жесирди колдойт, уюштургуч адам. Бардык жесирлердин жерлерин кетмендетип берет, унаа жок, эшек менен айдатып, жесир аялдардын жерин черттирип бергенин жакшы билебиз", - деп айтыптыр.

111 жашка караган карыя 16 балалуу болгон, азыр 8 уул-кызы, 80ден ашык небере, 40тан ашкан чебере-эбиреси бар. Анын узак жашоосуна жаштайынан тартып таза жана көп иштөөсү, ичкилик, чылым сыяктуу жаман адаттардан алыс жүргөнү, сагырларды камкордукка алып, бирөөгө арам ойлобой, кыянаттык кылбаганы себеп болуптур. Али Өмүрзаков көчөсүнө өзүнүн ысымы коюлган Аук аттуу кыштакта жашайт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG