Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Баласын эмдетүүдөн баш тарткандар көбөйдү


Кыргызстандын эмдөө боюнча улуттук жадыбалына жараша, жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта чоң кишилерге чейин белгилүү бир жашка келгенде эмдөөдөн өтүп турушу керек.
Кыргызстандын эмдөө боюнча улуттук жадыбалына жараша, жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта чоң кишилерге чейин белгилүү бир жашка келгенде эмдөөдөн өтүп турушу керек.

Кыргызстанда диний көз карашынан улам балдарын эмдөөгө бербей жаткан ата-энелер көбөйүп баратканы байкалууда.

Жалал-Абадга иш сапары менен барган саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева аймакта айрым ата-энелер балдарын медициналык эмдетүүдөн баш тартып жатканын билдирип, бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын айтып чыкты. Министр эмделбеген балдардын мууну өз кезегинде ар кандай оор жугуштуу илдеттерге чалдыгып калышы ыктымалдыгын да белгиледи. Ошол эле учурда бул нерсе жалпы эле өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга таасирин тийгизиши мүмкүндүгү да сөз болууда.

Эмдетүү шариатка шай келбейби?

Деген менен диний көз караштагы адамдар арасында "балдарды эмдетүү шариатка жатпайт, ден соолукка зыяндуу жана ооруну алдын алуу күнөө, Кудай берген, Кудай өзү гана сактайт" дегендей түшүнүктү кармангандар жок эмес.

Жалалабаддык Махмуд Исаков эмдөө күнөө дебесе да, бул кимдир бирөөлөр тарабынан атайын ойлонулуп чыгарылган нерсе деп эсептейт:

- Биз мурунтан бала бакча, мектепен тарбия алып, ошону менен жашап келгенбиз. Кийин диний билим алууга жол ачылган соң көп нерсе бизге туура келбей турганын билдик. Туулгандан - төрөт үйүнөн баштап эле эмдеп, ийне саюу туура эмес, бул нерсе адамдын акыл-эсин өлтүрөт экен, зыяны көп экен...

"Дил мүрөк" адеп-ахлак борборунун жетекчиси Өзбек ажы Чотонов да эмдөөгө каршы чыккандардын бири. Ал дарылануу, ооруну алдын алууну ислам колдой турганын айтканы менен, өзү балдарын эмдетүүдөн баш тартыптыр.
Анткени Кыргызстанга келип жаткан вакциналардын сапатынан шек санайт:

- Мен балдарды аракет кылып эмдетпей жатам. Бирок алар түрдүү жолдор менен "бала бакчага, мектепке албайбыз, кол коюп бер", - деп эмдеткенге мажбурлай берет экен. Биз каршыбыз деп эмдетпей жатам. Исламда дарылануу, ооруну алдын алуу, ден соолукка кам көрүү парз деп эсептелет. Бирок вакцина туура болушу керек, азыркы вакциналар абдан зыяндуу. Эмделген балдар кийин-кийин акыл жактан калып жатат. Орусия чыгарган дисктерде вакцинанын курмамында уу металлдар бар экени айтылат. Ал организмде туз болуп калып калат экен.

"Молдокелер өздөрү чуркап келишкен"

Буга чейин айрым интернет булактарында эмдөөгө каршы үгүттөгөн маалыматтар тараган. Айрым аймактарда атайын дисктер да таратылганы айтылган. Анткен менен дарыгерлер эмделбеген балдардын иммунитети алсыз болуп, ар кандай ооруларга туруштук бере албай каларын эскертет.

Республикалык Иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Жолдош Калиловдун айтымында, учурда эмдөөгө каршы болгондор өлкөнүн бардык аймагында катталууда. Ал Кыргызстанга кирген вакциналар сапатсыз деген пикирлерге кошулбайт:

- Ар бир ата-эне эмдөө жасатпаганга акысы бар. Бирок биз эмделбей калса катуу ооруп калышы мүмкүн деп маалымат беребиз. Эгер шариатка туура келбесе, сапаты начар болсо ажыга барарда эмнеге эмдөөдөн өтүп жатышат. Бүкүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан уруксат алган гана вакциналарды алып келебиз. Өнүккөн өлкөлөр: Америка, Англияда деле эмдөө иштерин жүргүзөт. Анын курамында эч кандай темир жок, илимий жактан тастыкталган. Мисалы, 2011-жылы Кара-Сууда эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөнүн кызы Өзбекстандын кошуна Анжиян облусуна барып, кызамык жугузуп келген. Анан Кара-Сууда кызамык көбөйүп кеткен соң молдокелер өздөрү чуркап келип эмдетишкен.

Айрым эксперттер эмдөөдөн баш тартууну караңгылык катары да сыпаттап жатышат. Кыргызстандын эмдөө боюнча улуттук жадыбалы бар. Ага ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта чоң кишилерге чейин белгилүү бир жашка келгенде эмдөөдөн өтүп турушу керек.

Учурда Кыргызстанда сарыктын В түрүнө, кургак учук, шал, көк жөтөл (коклюш), кептөөр (дифтерия), сенек, кызамык жана кызылча ооруларына эмдөө жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG