Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Ошто да кой этине тыюу салынды


Ош облусунда белгисиз мөөнөткө чейин кой этин сатууга тыюу салынды. Мындай чечим Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы койлордун күрүнөн кырылгандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Учурда Ош облусунун аймагында эпизоотиялык кырдаалды көзөмөлдөн чыгарып жибербөө үчүн атайын штаб түзүлүп, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Эки күндөн бери Ош шаарында жана облустун аймагындагы касапканаларда кой эти сатылбай жатат. Ош аймактык мамлекеттик ветеринардык башкармасы эт саткандарга бул чечимдин себебин түшүндүрүшүүдө.

Шаардын борбордук базарында иштеген Аскар аттуу касапчы кой этин сатпайм деп башкармалыкка тил кат жазып бергенин айтты:

- Ветеринардык башкармалыктан келишип, кой этин сатпагыла деп эскертип кетишти. Эгер алар чыгарган чечимге макул болбой, кой этин сатууну уланта берсек, беш миң сом айып булга жыгылат экенбиз. Ушуга макулбуз деп, кагазга кол коюп да бердик. Биз сатып жаткан эттерде эч кандай илдети жок болчу, бирок аларды да касапкана күркөлөрүнөн алып койдук.

Калктуу конуштарда болсо медицина кызматкерлери эл менен жолугуп, убактылуу кой этин пайдаланбай туруу боюнча кеңештерин берип жүрүшөт.

Сузактагы абалдан улам жашоочулар өздөрү да кой этин тамакка колдонбой жатышканын Ош шаарынын тургуну Рахматулло Мамажанов айтты:

- Кечээтен бери поликлиникада иштеген кызматкерлер көчөмө-көчө кыдырып, жашоочуларга кой этин убактылуу сатып албай туруу боюнча түшүндүрүшүүдө. Кечээ Калинин көчөсүндө эскертүү берип жүрүшкөнүн көрдүм эле. Бүгүн Киров көчөсүндө да күбө болдум. Алардын айткандарын туура эле кабылдадык. Анткени Жалал-Абадда койлор туура эмес дарылоодон улам кырылып жатканын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдик да.

Ош аймактык мамлекеттик ветеринардык башкарма башчысы Сүйүнбай Абдуллаевдин айтымында, коомдук тамактануучу жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле Ветеринардык дарыканалардан убактылуу дары-дармек, вакциналарды сатып албоо боюнча да чакырыктар айтылууда:

- Облустун аймагында жайгашкан бардык ветеринардык аптекалар көзөмөлгө алынды. Дарыкана менчикпи же мамлекеттик болобу, биздин чечим боюнча иш алып барууга милдеттүү.

Мындан сырткары Сузак району менен чектешкен айылдарга ветеринардык бекеттер орнотулуп, мал жандыктарды эки жакка өткөрбөй турушат:

- Сузак районунун Саз жайлоосуна барчу жол Өзгөн районунун аймагын аралап өтөт. Койлордун өлүмү Сузакта катталгандыктан ошол жолду көзөмөлгө алдык. Ал жактан койлордун эти Өзгөнгө же Ош облусунун башка аймактарына таркабасын деген максатта Зергер айылдык округунун Кара-Таш айылына ветеринардык-милициялык пост уюштурулду. Ал жерде ветеринар адистер жана милиция кызматкерлери түнү-күнү күзөттө болушууда.

Сүйүн Абдуллаев азыр облус аймагында кырдаал туруктуу деп ишендирди. Касапканаларда кой этин сатууга өлкө аймагындагы эпизоотиялык абал турукташканда гана уруксат берилет.

XS
SM
MD
LG