Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Наристелерге азыр да ВИЧ жугуп жатат!


Кыргызстанда ВИЧ илдетинен каза болгон наристелердин жалпы саны 24кө жетти. Ал эми быйылкы жылы эле 33 баланын ВИЧке чалдыкканы аныкталган.

Алардын ичинен 11 балага энеси аркылуу, калган 22 балага дарыгерлердин айынан жуккан деп болжолдонууда.

Республикалык СПИД борбору бул балдардын баары 2007-жылы Ноокатта болгон окуяга байланышы бар деп жатышат. Депутаттардын пикиринде, арасында башка ооруканалардан жуктуруп алган балдар да бар.

Сандар үрөй учурат

Кыргызстанда дарыгерлердин калпыстыгынан улам 2007-жылы Ноокат районунда бир канча бала ВИЧ илдетин ооруканадан жуктуруп алышкан. Ошондон бери ооруган чүрпөлөрдүн саны жыл сайын өсүп келүүдө.

2008-жылы катталгандар 70 болсо, анын 26сына энеси аркылуу, калганына дарыгерлердин айынан, ал эми 2009-жылы да 35 балага дарыгерлердин себебинен, 15 наристеге энесинен жуккан деп табылган.

ВИЧтен жабыркагандардын митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл
ВИЧтен жабыркагандардын митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл
2010-жылы каталган 44 баланын ичинен 21 балага дарыгерлердин айынан жуккандыгы белгилүү болгон. Бирок республикалык СПИД борборунун жетекчисинин орун басары Айгүл Исмаилова энесинен түздөн-түз жукпаган балдардын баары 2007-жылы Ноокаттагы иницидентте ошол ооруканада болгондор деген ойдо.

- Бул балдардын баарын иликтеп келгенде алар 2007-жыл менен байланыштуу, ошондо жуктуруп алышкан. Бул балдардын баарын байланышта болгон деп текшерип келе жатабыз. Жугуу жолдорун талкуулап келгенде 2007-жылга барат.

Деген менен быйылкы жылга карата коркунучтуу ВИЧ илдетине чалдыккан наристелердин жалпы саны 283кө жетти. Булардын ичинен 83 балага энеси аркылуу, калганына дарыгерлердин шалаакылыгынан улам жукканы айтылууда.

Ал эми 2011-жылы да 33 бала бул илдет менен ооруй турганы аныкталып отурат. Алардын ичинен 11 балага энеси аркылуу жукса, калган 22 баланын жугуу себептери иликтенип жатканын Республикалык СПИД борборунун төрага орун басары Айгүл Исмаилова билдирди.

Митингден бир көрүнүш
Митингден бир көрүнүш
Мамлекеттен жарытылуу жардам албаган бул балдардын ата-энелери аргасы түгөнгөндө Бишкекке келип, Жогорку Кеңештин алдында эки күн катары менен митинг өткөрүштү. 17-ноябрь күнү аларды Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков кабыл алган учурда, ата-энелер муң-зарын мындайча төгүп жатты:

- Канчалаган үй-бүлө ажырашып кетти. Ушул жерге келгендердин көбүнүн эри жок, таштап кетти. “ВИЧ балдарыңды бакпайм” деп, чыныларыбызды, идиштерибизди бөлүп таштады. Эч бир жардам болгон жок. Балдарыбызды кайсы гана ооруканага жаткырган жокпуз.

Аты жаман илдет илээшкенден бери бул үй-бүлөлөрдүн арасынан ажырашкандардын саны жок эле дегенде жыйырмадан ашкан экен. Ал эми каза болгон наристелердин саны болсо быйылкы жылы 24кө жетти.

Окуядан сабак албай жатышабы?

Анткен менен дарыгерлердин шалаакылыгынан бул илдетке кабылган наристелер азыр да болууда. Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева:

- Ооруган балдардын баары Ноокаттагы окуяга байланыштуу эмес. Булардын ичинен 8 бала мурда ооруган балдар жатпаган башка эле ооруканаларда жаңы жуктуруп алышкан. Мунун өзү азыр да ооруканаларда ВИЧ жуктурган учурлар болуп жаткандыгын далилдейт.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов ушул тапта да дарыгерлердин айынан бул дартка чалдыккан наристелер болуп жатканын мойнуна алды. Ал Ноокаттагы чатакка такыр эле байланышы жок наристелерге илдет кандайча, кайдан жуккандыгын сүрүштүрүп жатышкандыгын айтты.

- Жаңыдан ВИЧ илдетине чалдыккан балдар болуп жатат. Буларга оорукана шартында жуккан. Анын баары медицина кызматкерлеринин дарылоо жана аныктоо иштериндеги туура эмес иштеринин кесепетинен деп ойлойм. Бул биздин күнөө.

Ал эми Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибеков дарыгерлердин жоопкерчилиги тууралуу буларды билдирди:

- Ноокаттагы окуядан кийин да медиктердин күнөөсүнөн жуккандарды айтып жатасыз. Муну кылмыш деш керек. Кайсы кызматкер буга жол берсе жок эле дегенде 15 жыл эркинен ажыратыш керек. Бул адамды өлтүргөнгө тете. Бирөөнү бычак менен союп койсоң, 15-20 жылга кесилет. Бул андан да жаман нерсе, "кыйналып жүрүп өлөсүң" деген сөз.

Республикалык СПИД борборунун маалыматына караганда, быйылкы жылга карата Кыргызстан боюнча ВИЧ/СПИД менен катталгандардын жалпы саны 3700 адамдан ашат.

XS
SM
MD
LG