Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Кыз тагдырын баяндаган сүрөттөр


Бишкектеги Сүрөт музейинде “Эртелей никенин пайдасынан зыяны” аттуу сүрөт көргөзмө өтүп жатат. Анда эртелей никеге туруунун кесепеттери сүрөт аркылуу чагылдырылган.

Гапар Айтиев атындагы Сүрөт музейинде жергиликтүү кыздардын сүрөттөрү илинип турат. Алардын дидарын даана көрүү мүмкүн эмес - сүрөтчүнүн чеберчилиги менен бул кыздардын жүздөрү купуя бойдон калат, анткени алар эртелей турмушка чыгуунун курмандыктары эмеспи.

Бул көргөзмөгө Жылдыз да келген. Ал өзү ала качуунун айынан оор тагдырга кабылган. 10 жыл мурун мектепти бүткөн соң аны ала качып кетишкен, бир жылдан кийин мындай турмуштан кол үзүүгө эрки жеткен.

- Билбейм, аягында мен жөн эле чыдабай калдым. Андан кийин [ажырашкандан тарта] көп эле кыйналдым. Азыр 27 жаштамын. Көп эле кыйынчылыктарды көрдүм, бирок эч өкүнбөйм. Атүгүл мен эртеси күнү эле чекит коюп, жашоомду жаңы барактан баштайын дедим. Бүт өткөн кыйынчылыктарды эстебейин дедим. Буйруса ошо менен келатам.

Бириккен улуттар уюмунун кыз-келиндер маселелерин иликтеген адистердин сөзүнө караганда, капчыгы жука ата-энелер кыздарын эртерээк турмушка берүү менен мойнундагы жүгүнөн кутулабыз деп ойлошот. "Бирок иш жүзүндө көп кыздардын келечегине балта чабылат, ден соолугунан ажырап жатканын байкап жатабыз", - дейт Кыргызстандагы БУУнун Калк жаатындагы фондунун аткаруучу директору Медер Өмүрзаков.

- Сүрөт көргөзмөнүн эң негизги максаты – бул проблемага биздин элдин, өкмөттө иштеген адамдардын, депутаттардын, мамлекеттик эмес уюмдарда иштегендердин көңүлүн буруу. Бул проблеманы жоюуш үчүн биздин кыздарга билим алууга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бул проблема биздин өлкөдө көп жылдардан бери бар.

Кыргыз журтунда билимдүү, максаты ачык жана дени сак кыздардын санын көбөйтүүгө, тилекке каршы, улуттук каада салт да тоскоол кылып жатат деп кошумчалады БУУнун өкүлү.

“Эртелей никенин пайдасынан зыяны” аттуу сүрөт көргөзмөнүн меймандары Кыргызстанда ар бир кыз өз келечегин өзү гана чечиш керектигин баса белгилешет. Көрүүчү Гүлүмкан Сартова:

- Бул көргөзмө жакшы уюштурулуптур, себеби мындай көрүнүштөр күндөлүк турмушта бардык жерде көп кездешет. Бул жаш кыздарга сабак болот, азыр окууну жаңы бүтүп бул жакка келгендерге да.

Дагы бир көрүүчү Мухтар Давлетов сүрөттөрдөн кандай таасир алганын ортого салды:

- Ушул сүрөттөрдү көргөндө, алардын астындагы жазууларды окуганда, ичиңде кадимкидей оор сезим пайда болот: чын эле биз ушундай абалга жеттикпи деп да ойлоп кетесиң. Эми жашообуз бакубат, бардык жерден токчулук болсо, биздин кыздар ушундай кайгылуу абалда калмак эмес. Мунун баары, менимче, адамкерчиликке жатпайт.

Көрүүчүлөрдүн арасында болгон белгилүү ырчы Каныкей кыргыз калкы өз каада- салттарын заман талабы менен айкаштыруу менен жашоону туура пландаштырыш керек деген ою менен бөлүшө кетти.

- Бул жерде кыздын сүрөтүндө анын жан дүйнөсү бузулганы көрүнүп турат. Анткени бул адам артты карабай бери карап түшсө, кандай жандуурак жана сезимдүүрөк болмок эле дейм да. Эмне үчүн адамдар тирүү туруп бир болгон жашоосун талкалаш керек? Башка адамдар эмне үчүн буга макул болуш керек?

Акыркы эле учурда Ысык-Көл облусунда ала качуунун курмандыгы болгон үч кыз өз жанын кыйганы белгилүү болгондон кийин, өлкөдө ала качуу маселеси жумурай журт ичинде кызуу талкууну жаратууда.

Жогорку Кеңеш бул күндөрү ала качуу үчүн жазаны 5 жылдан 7 жылга чейин көбөйтүү демилгесин көтөрдү. Эртелей никеге арналган сүрөт көргөзмөсү 18-октябрга чейин уланат.
XS
SM
MD
LG