Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Убайымдуу Умар


Умар Турдубековго экс-президенттин аманаты тапшырылууда, 29-декабрь.
Умар Турдубековго экс-президенттин аманаты тапшырылууда, 29-декабрь.

Экс-президент Роза Отунбаева "Азаттык" аркылуу 3-топтогу майып Умар Турдубековго акчалай жардам берди.

Умар Турдубеков “Эл үнү” берүүсүнө жардам сураган кайрылуусун билдирип, кызы, эки небереси менен Маевка айылында өтө оор абалда жашап жатышканын белгилеп, телефон номурун, так дарегин айткан эмес.

Бейшемби күнү эртең менен экс-президент Роза Отунбаева Умар Турдубековдун кайрылуусун радиодон угуп, анын оор абалына зээни кейип, шашылыш “Азаттыктын” кеңсесине келип, Турдубековго 10 миң сом акча таштап кеткен.

Биз издеп жүрүп Умар Турдубековду таап, экс-президенттин аманатын тапшырдык.

- Сиздин жардам сурап кайрылган өтүнүчүңүздү экс-президент Роза Отунбаева “Эл үнү” берүүсүнөн угуп алып, шашып кеңсебизге келип, 10 миң сомун сизге берип койгула деп таштап кетти.

- Мен экс-президент Роза эжени абдан урматтайм, сыйлайм. Себеби жакында эле өз каалоосу менен бийликти тынч жол менен мыйзамдуу өткөрүп берди. Ушул эжеге ырахматымды айтып, Курманжан датка энебиздин тукумдарына кошуп кетер элем.

Эми Роза эжеге абдан чоң ыраазычылыгымды билдирип, чын ден соолук, иштеринде ийгилик каалайм. Ушундай мээрман адамдар көп болсо. Айрыкча Кыргызстанда. Мына ошондой кишилер мамлекетти оңдойт, элдин тагдырын чечет. Эже, эртең менен радиодон менин үнүмдү угуп, өзүнүз келип, өз колуңуздан жардам бергениңизге абдан ыраазымын. Кудай алдында башмыды ийип, таазим кылып, мына кубанганыман ыйлап да жибердим.

Ошондой эле ушул “Азаттык” радиосуна да абдан ыраазымын. Ушундай көйгөйдү ар ким эле түшүнө бербейт. Кокустан 8 айлык неберем ачкадан бирдеме болуп калса эмне кылат элем? Кудай алдында “Азаттык” радиосуна да абдан ыраазымын.

- Мургаб районунан качан келдиңиз эле?

- Мен Тажикстандын Тоолуу-Бадакшан автоном облусунун Мургаб районунан болом. Бизди памирлик кыргыздар дейт. Көзүм жакшы көрбөйт, үчүнчү топтогу майыпмын. 1993-жылы үй-бүлөм менен Тажикстандан Кыргызстанга көчүп келген алгчкы этникалык кыргыздардан болом.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын толук ыйгарым укуктуу, мыйзамдуу жараны болом. Убактылуу жашаган жерим, паспортум, катталган жерим, документтеримдин баары бар. Андан сырткары 7-апрелде Ала-Тоо аянтында болуп өткөн окуяга катышкам.

Кемпирим каза болгонуна алты жыл болду. Карамагымда эки неберем бар. Бирөө 8 айлык, бирөө 10 жашта. Он жаштагы неберем оорулуу, акылы кем болуп окубай да калды. Мен бар болгону көзүмөн майыптыгым үчүн миң сом пособие алам. Кызым болсо базарда майда-чүйдө сатып, 100-150 сом табат. Ал тамак-аштан ашпайт. Батирге айына 3 миң сом төлөйбүз. Светти жакканыбызга жараша өзүбүз төлөйбүз.

- Жашоо шартыңыздын начар экенин көрүп келдим. Ошондой болсо дагы бир суроо берейин. Сиз Мургаб районунан келдим дедиңиз. Ал жакта там-ташыңыз, ага-тууганыңыз барбы?

- Мургаб районунда менин там-ташым, ага тууганым бар. Кудайга шүгүр. Бардыгы жетиштүү. Мен өзүм жогорку билимдүүмүн. Кыргыз тил, адабияты боюнча мугалиммин. 1993-жылы бир топ депутаттар Мургабга барышып “кыргыздар, өзүңөрдүн Ата мекениңерге кайтып барсаңар болот, өкмөт “Кайрылман” деген программа кабыл алды, барсаңар бардык жактан жардам берилет”, - дешкен. Ошондо алдыңкылардан болуп жүзгө чукул үй-бүлө бул жакка көчүп келгенбиз.

Ошол жылы филармонияда жалпы кыргыздардын I Курултайы болуп, ошого катышып, анан Аскар Акаев мырзага добуш бергенбиз. Биз Ош облусуна жакын болгонго байланыштуу Оштун аймагынан жер бөлүп бергиле деген сунушубузду айтканбыз. Ошондо Ош облусунун губернатору “жер бизге жетпей жатса, буларды башыбызга урабызбы”,-деген. Ошол жерде Чүй облусунун губернатору да бар эле, ал “Сары-Өзөн Чүй кенен, баарын батырат. Биз жер беребиз”,-деген.

Анан биз Бишкекке келип 8-кичи райондон жатаканадан бөлмө алып, бизге паспорт берип, каттодон өтүп, жарандык алганбыз. Анан Силаев деген шаар башчы болгондо бизди жатаканадан кууп чыккан. Мына ошондон бери ар кайсы жерде баш паанек кылып жүрөбүз.

- Кыргызстан 20 жылдан бери экономикалык жактан кризиске батып, эл кыйналып жатканын көрүп, жокчулукту жон териңиз менен сезип атыпсыз. Мургабда уулдарыңыз бар экен, үй-жайыңыз бар экен. Ал жакка барып жашаганга мүмкүнчүлүк жокпу?

- Мүмкүнчүлүк бар. 26-декабрда Кыргызстандагы Тажикстандын элчилигине кайрылдым. Абалымды консулга айтып жардам сурасам, ал "арыз-муңумду бир туугандарыңа жөнөтөбүз, жеткиребиз, алар келишет" дешти.

Бир туугандарым келсе, Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, кайра өз жериме, өз элиме кетип калсамбы деген бир ой келди. Анын үстүнө ден соолугум да начар. Көзүм да жакшы көрбөйт. Кокустан бир нерсе болуп кетсем эмне болот?
XS
SM
MD
LG