Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Жаңы жылда апаларын күтүшөт


Жаңы жылдык балаты учурда балдар үйлөрүндө да өтүүдө. Бул күндөрү ар кандай себеп менен ата-энеден ажыраган балдарды куттуктагандар да көбөйөт. Жаңы жылды жетим балдар кандай маанайда тосуп, эмне белек күтүшөт?

Көчө балдары үчүн ачылган “Жарык жол” реабилитациялык борборунда учурда 3 жаштан баштап 18 жашка чейинки 70ке жакын бала бар. Тагдыр аларды бул жерге ар кандай жол менен алып келген. Бири томолой, бири тирүүлөй жетим, биринин ата-энеси ичип кеткен, биринин үйүндө шарт жок.

Жаңы жылды бул жердеги балдар чыдамсыздык менен күтүшөт экен. Себеби түшүнүктүү, бул күнү аларга көңүл буруп, жылуу сөз айткандардын аягы тынбайт.

Реабилитациялык борбордун жетекчиси Алексей Петрушевский ушул тапта балдарды куттуктоо үчүн ар кайсы уюмдар, мекемелер келип жатканын билдирди:

- Биринчи май районунун балдар чыгармачылыгы боюнча иштеген бөлүмү жыл сайын куттуктап турат. “Кыргызстан кинологдор клубу” деген бар. Алар да колдоо көрсөтүп турушат. Кечээ келип кетишти. Бул жерде азыр 70тей бала бар. Кеминде жарым жылга чейин кармайбыз. Ушул убакыт ичинде документтерин даярдап бүтөбүз. Андан соң кээ бирлерин туугандары алып кетет. Атайын келип, асырап алгандар бар. Быйыл бир баланы багып алууга даярдап атабыз. 112 бала ата-энесине, туугандарына кайтарылды. Ал эми эч ким алып кетпеген балдарды айла жок балдар үйүнө өткөрөбүз. Эң өкүнүчтүүсү ушул.

Медина Рыскулованын бул борбордо табиячы болуп иштегенине аз эле болуптур. Ал ата-эне мээриминен өксүгөн балдар менен иштегени бир эсе оор, бир эсе кызыктуу экенин айтты:

- Бул жерде иштегениме өкүнбөйм. Жумушка маанайың суз келе жатсаң алдыңан чуркап чыгышат. Кичинекейлери дароо эле кучактайт. Аны көргөндө көңүлүң ачылып кетет. Бирок жумуш оор. “Аракет кылсаң берекет” деп көздү жуумп эле иштеп жүрөбүз.

16 жаштагы Амангелди ушул жерде табияланып жатат. Баланын көздөрү кагылып-согулуп, эбак токтолуп калганын көргөзүп турат. Ал жаңы жылга карата "президенттер качып кетпей эл үчүн иштесе, биздей балдарга көңүл бурса"-деген тилегин билдирди.

Кайсы кесипти тандаарын азырынча ойлоно элек. “Эң башкысы ден соолук, калганын “Дордойдон” сатып алабыз”-деп беймарал жооп узатты. Атасы бир нече жыл мурун каза болуптур. Апасы бар экен, бирок анын колуна баргысы келбегенин айтты. "Апаң менен жолугуп турасыңбы?"- десек, “ооба” деген. Бирок ошол маалда жаныбызга келген өспүрүм кыз “бул калп айтып жатат, апасы бир да жолу келген эмес”-деп сөздү бузду. Амангелди айыбы ачылган кишидей бир кызык абалда калды.

Ал эми Медер аттуу 8 жаштагы бала төрт бир тууган. Баары ушул жерде. Апасы жалгыз бой, турмуш-шарты жоктугунан борборго өткөрүп кеткен экен. Күн алыс келип балдарынан кабар алып тураарын айтты. Балатыга да келген экен. Кепке тарталы десек, уялып болбой койду. Бирок баласы менен сүйлөшкөнгө уруксат берди.

Медер "Жаңы жылда аяз ата ылдам жүрүүчү оюнчук машина белек кылса", - деп күтүп жаткан экен. Математика сабагын жакшы көрөөрүн, келечекте ырчы болом деген изги тилеги барын да жашырган жок. Анан “Кызыл өрүк” аттуу ырды созолонто ырдады. Чыт курсак аман жүрсө тилегине жетээр.

Улуу сүйүүдөн сырт калган балдар. “Жарык жол” реабилитациялык борборунан ушул ой кошо ээрчий чыкты. Дүйнөдө эне мээриминен ыйык эмне бар? Бул жердеги балдардын ошол теңдешсиз жылуулукка болгон кусалыгы дароо байкалат. Айрыкча кичине жаштагылары чочуркагандын ордуна, чуркап келип “апа” деп кучактап атса бооруң ооруйт экен. Балдар дайыма ата-энеси менен бир болсунчу...


Жаңы жылда апаларын күтүшөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00
XS
SM
MD
LG