Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Маңзатка малынгандардын катары калыңдоодо


Адистер Кыргызстанда маңзатка көз каранды адамдардын саны кескин өсүп жатканын айтып, коңгуроо кагууда. Алардын көпчүлүгү ишке жарамдуу курактагылар.

Адистердин айтымында, маңзатты биринчи ирет тартып, же сайынып көргөн адам бир жолу болсо эмне экен, анан таштап коём деп ойлойт. Бирок тажрыйба көргөзгөндөй, маңзатка башы малынгандын баары ошол бир жолу колдонуп көргөндөн баштаган.
Мени менен кошо героин колдонгон досторумдун көбү каза болушту, ал эми тирүүлөрү алдыда эч максаты жок, өлүк адамдай жүрүшөт...


Ушундай адамдардын бири - Аскар азыр 42 жашта. Улан кезинде достору менен маңзатты сайынып көргөн да, бара-бара ага башы байланып, арадан 15 жыл өттүп кеткен:

- Мен 15 жылдан бери баңгизатын колдоном. Башында апийимде отурдум, кийин героин сайынып баштадым. Биринчи жолу досторум бир жолу колдонгондон эч нерсе болбойт дешкенинен билбестик кылыптырмын. Мени менен кошо героин колдонгон досторумдун көбү каза болушту, ал эми тирүүлөрү алдыда эч максаты жок, өлүк адамдай жүрүшөт.

Ал героин сатып алуу үчүн уурулукка да барып, түрмөдө эки ирет отуруп чыккан:

- Иштей албайм. Баңгизатын колдонбой калсам, денем чыдатпай ооруйт. Героин сайынууга дайыма акча табышым керек да, анан уурулукка барып түрмөгө түштүм. Биринчи 3 жыл отурдум, экинчи ирет 2 жыл отуруп чыктым.

Баңгилик өнөкөт ооруулардын катарына кирет, адамдын ой жүгүртүүсүн, психикасын бузат, ошондой эле көптөгөн органдарды иштен чыгарат.

Республикалык наркология борборунун дарыгери Венера Асанбекованын айтуусунда, баңгизатын колдонгондор ооруканага абдан көп кайрылат, алардын көпчүлүгү ишке жарамдуу жаштар:

- Баңгизатын колдонуп ооруканага кайрылгандардын көпчүлүк тобун 17 жаштан 35 жашка чейинки жаштар түзөт. Алар көбүнчө героин, же апийим колдонушат. Баңгизатын биринчи колдонгондо адам өзүн аябай жакшы сезет. Бирок эртеңкиси абдан коркунучтуу. Дозасын албай калса чыдагыс ооруга туш болот да, кайра-кайра баңгизатын колдонууга туура келип калат.
Баңгизаты адамдын бардык органдарын, мээден бутка чейин жабыркатат. Адам акыл-эсинен ажырайт, эч нерсе кызыктырбайт, бир гана баңгизатын ойлоп калат. Аң-сезими начарлайт...


Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, ушул жылы маңзатка көз каранды 10 миңден ашуун адам катталган. Бул сан 2010-жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга көп. Ийне аркылуу маңзат колдонгондордун 51 пайызы Бишкек шаарында, 19 пайызы Ошто жана 24 пайызы Чүй облусунда катталган. Бирок бул сан так эмес, каттоого алынбагандар мындан 5-6 эсеге көп дешет адистер. 2011-жылы баңгиликтен каза тапкандардын да саны өткөн жылдарга салыштырмалуу кескин өскөн.

«Ранар» бейөкмөт уюмунун башчысы Шербото Токомбаев маңзат сайынгандар арасында ийне аркылуу жугуштуу ооруларын жугузуп алгандар да көптүгүн айтат:

- Азыркы убакта баңгилердин 60 пайызга жакыны ийне аркылуу ВИЧ инфекциясын, гепатит С жана кургак учук жугузуп алгандар. Бул көрүнүштү алдын алууда жаштардын арасында иш алып барышыбыз керек, аларга баңгизатын колдонуу эмнеге алып келээрин жана ВИЧ өтө коркунучтуу ооруу экени тууралуу көбүрөөк маалымат беришибиз керек.

Бир баңгиман 12ден 17ге чейин адамды маңзат тартууга, же сайынууга тартышы мүмкүн. Наркология борборунун дарыгери Венера Асанбекова бул коркунучтуу илдетке туш болгондордун бардык органдары жабыркаарын белгилейт:

- Баңгизаты адамдын бардык органдарын, мээден бутка чейин жабыркатат. Адам акыл-эсинен ажырайт, эч нерсе кызыктырбайт, бир гана баңгизатын ойлоп калат. Аң-сезими начарлайт. Андан тышкары буту баспай калышы мүмкүн, сөөктөрү ичкерип, буттун рагына алып келет.

Баңгиман өзүн эле кыйнабастан, ата-энесин, бир туугандарын азапка батырат. Аскар да 15 жылдан бери үй-бүлөсүн кыйнап келгенин өзү түшүнөт. Мындай жашоого жубайы чыдабастан, ажырашып баса берген. Азыр Аскар ооруканада дарыланууда. Анын тилегени эле –маңзаттан кутулуу:

- Жубайым кийин чыдабай калып кетип калды. Үй-бүлөсүз калдым, азыр апам менен турам. Баңгизатын колдонгон 15 жыл кандай өтүп кеткенин байкабай да калдым. Эч нерсем калган жок. Экинчи мындай жолго барбайм деген ойдомун.

Маңзатты колдонуу өлкө, улут келечегинин проблемасына айланууда. Алтурсун тукум курут болуп кетпесек экен деп кабатыр боло башташты. Оогандан келген апийим минтип айрым адамдарды аны сатып кылмышкер кылууга, сайынып деградация болууга да себепкер болууда.

XS
SM
MD
LG