Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Чет элдиктер жер алуу укугуна ээ болушту


Сатыбалдиев кол койгон токтомго ылайык, чет элдиктер узак мөөнөткө жер тилкесин ижарага жана имараттарды жеке менчикке алууга укуктуу.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 11-ноябрда кол койгон өкмөт токтомуна ылайык, мындан кийин чет элдик жарандар имараттарды менчикке чыгарууга жана жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага алууга укуктуу. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган мыйзамдын демилгечиси болгон юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

- Бул токтом Мамлекеттик каттоо кызматы жерди убактылуу ижарага берүүдө документтерди каттоонун тартибин бекиткен гана токтом. Ага ылайык, чет элдик жарандар жерди гана сатып ала албайт. Бирок алар имараттарды түбөлүккө сатып алууга укуктуу жана ага мыйзамдар жол берет. Имараттарды менчик катары сатып алгандан кийин анын алдындагы жер менчикке берилбейт. Болгону 49 жылга чейин ижарага берилет.

Шыкмаматовдун ырасташынча, мындай өзгөртүү Жер кодексине мурда эле киргизилген жана бул токтом ошол мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн кабыл алынган.

- Мисалы, “Бишкек парк” түрктөрдүн менчиги болуп саналат. Бирок жер мамлекеттики, алар 49 жылга гана ижарага алышты. Мыйзам боюнча мурда эле ушундай болчу. Биз болгону мурдараак Жер кодексине өзгөртүү киргизгенбиз, ошого байланыштуу иштеп жаткан токтомго аталган мыйзамды шайкеш келтирүү максатында айрым бир өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргиздик.

Чет элдиктерге берилчү жер ижара деп аталганы болбосо, дээрлик менчик укугуна барабар экенин айрым адистер белгилешүүдө. Жогорку Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитетинин төрага орун басары Абдыжапар Бекматов чет элдиктерге жер, мүлк сатуу Баш мыйзамга каршы келет деген пикирде.

- Жеке мен бул токтом менен тааныша элекмин. Эгер чет элдиктерге жер, мүлк түбөлүккө сатыла турган болсо Конституцияга каршы деп таанып, токтомду жокко чыгарышыбыз керек. Жер сатуу боюнча мыйзамды парламент да кабыл ала албайт. Анткени бул Баш мыйзамга каршы келет. Конституция боюнча жер, мүлк эч качан чет элдиктерге менчикке берилбейт.

2-3 жылдан бери чет элдиктерге кыймылсыз мүлктү сатып алуу укугун бериш керек деген демилгени көтөрүп келаткан “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов мындай токтом чет элдик инвесторлорду тартууга түрткү болот деп ишенет.

- Менин оюмча чет элдик жарандарга толук шарттарды түзүп беришибиз керек. Алар үйлөрдү, имараттарды же ишканаларды менчикке сатып алса болот. Бирок жер тилкесин сатып алууга укук берүүгө азырынча эрте.

Чет өлкөнүн жарандарына жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага берүү жана жана аларга кыймылсыз мүлктөрдү сатуу жер тилкелеринин кымбатташына алып келет. Мындай пикирин аталган токтомго каршы акцияларды өткөрөбүз деген “Эркин эл” саясый партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков ортого салды. Анын божомолунда бул токтом ишке кирсе Кытайдан же башка мамлекеттен келгендер Кыргызстанды каптап кетет.

- Бул токтом биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүнө шек келтирет. Себеби азыркы экономикалык кыйын кырдаалда жарандарыбыз батир эмес, жер тилкесин ала албай жатканда чет элдиктерге мындай укуктун берилиши кыймылсыз мүлктүн баасын дагы да асмандатат. Мындан сырткары батир куруп сатууну биздин мекендештер жакшы жолго коюп алышты. Андыктан бул тармакка чет элдик инвесторлордун зарылдыгы жок.

Чет өлкөнүн жарандарына жер берүү демилгеси буга чейин да айрым депутаттар тарабынан көтөрүлүп келген жана алар Араб эмираттарын мисал тартышууда. Мындай мыйзамга каршы чыккандар ансыз деле Ысык-Көлдөгү бир катар эс алуу жайлары Казакстан, Өзбекстан жарандарына сатылып кеткенин айтып коңгуроо кагып келишет. Башка өлкө жарандары буга чейин кыймылсыз мүлктөрүн Кыргызстандын жарандарына каттатып келишкен.

XS
SM
MD
LG