Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Унутта калган Ашуу айылы


Ашуу айылындагы өзбекстандыктар эгин өстүрүп келаткан 72 гектар жердин бөлүгү.
Ашуу айылындагы өзбекстандыктар эгин өстүрүп келаткан 72 гектар жердин бөлүгү.

Сузак районундагы Ашуу айылынын тургундары 22-декабрдан тарта электр жарыгысыз калышы мүмкүн. Кыргызстандын аймагында жайгашып, бирок электр жарыгы жагынан Өзбекстанга көз каранды айылга жарык берилбей турганын ал өлкөнүн кызматкерлери билдирген. Айылда жол, суу, жумушсуздук көйгөйлөрүнөн сырткары чек ара проблемасы да олуттуу бойдон калууда.

Айылда мектеп болбогонуна улам айылдын балдары Өзбекстанга барып келип окушат. Анткени кыштак караган Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү эң жакын деген мектеп Ашуу айылынан беш чакырым аралыкта турат, ага Ашуудан унаа каттабайт.

Сузак районундагы Ашуу айылын Өзбекстандан бир көчө, кээ бир жерлеринде 30-40-200 метр аралык бөлүп турат. Кыргызстан менен кошуна мамлекеттин ортосунда калган айыл облус борборунан 45, район байтагынан 30, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнөн 10 чакырым алыс жана аталган өрөөндүн кыйла бийик жерине жайгашкан.

Сузак районунун Ашуу айылынын тургуну Айзада Сыдыкова баласы менен
Ашуу кыштагында түтүктөн чыгарылган таза суу да жок. Кыштак тургуну Айзада Сыдыкова айылдаштары ичер сууну баш жагында бодо мал, кой-эчки булгаган Базар- Коргон каналынан аларын айтууда. Айыл калкы совет заманы кыйрагандан бери электр жарыгы жагынан Өзбекстанга көз каранды. Айзада бөлмөсүндөгү седепти басканда электр жарыгы да күйгөн жок: “жарык жок экен, Жарык күйбөй калганда ташпанар жагабыз”,-дейт ал.

Ашууга атайын унаа каттабайт. Айыл тургундарына район же облус борборуна жетүү үчүн эки чакырым, окуучулардын мектепке баруусу үчүн беш чакырым таштак жана баткак жолду жөө басууга туура келет. Ошондуктан райондогу Кара-Дарыя айыл кеңешинин депутаты Анарбай Эргешовдун айтымында, окуучулар Өзбекстанга барып окушат.

Ынтымактуу кыштак

Анарбай Эргешов мамлекеттик чек араны коргоо максатында бир нече жыл мурда Ашуудагы эски үйүнө көчүп барган. Кыйла убакыттан бери чек ара маселесин чечүүнү жогорку бийликтерден өтүнүп келаткан Анарбай Эргешов үй-жайсыз адамдарды Ашуу айылына келип, турак-жай салып, бул жакта жашоого чакырат.

Кара-Дарыя айыл кенешинин депутаттары Анарбай Эргешов жана Хамидов Абсатар
Электр жарыгы менен камсыздоону өтүнгөн катка айыл өкмөттүн 450 тургуну кол коюп, жергиликтүү бийлик менен бирге облустук электр тармактар түйүнүнө да тапшырган. Айылда мектеп менен бирге оорукана да жок. “Кыргыз аймагынан барган суу аркылуу 110 гектар аянтына эгин айдаган коңшу өлкө ашуулуктарга жарык бергиси келбейт”,-деп эсептейт Анарбай Эргешов:

- Мен ушул айылда жашайм. Жол алыс, бул жакка автобус же такси жүрбөйт. Балдардын Өзбекстанга барып окуусу өтө оор проблема болууда. Электр жарыгы жагынан да Өзбекстанга көз каранды болбой жашоого аракеттенип жатабыз. Жаңы жылга дейре ушул маселе чечилип калса, Ашуу айылындагылар өзүн эркин сезип калат эле. Жалал-Абад облус Электр тармактар башкармасынын башчысы да жардам беребиз деген.



Аталган айылда кыргыз жана өзбек тектүү 81 адам ынтымактуу жашайт. Алар үлүшкө тийген жана ижарага алган жерлерин иштетүү менен жан багышат. Бирок буга дейре эки- үч саатка гана берилген электр жарыгы 22-декабрдан тарта толук өчүшү мүмкүн. Анын себебин билгени барган кыштактын өзбек тектүү тургуну Шаятбек Мамадалиевге өзбек кызматчылары жарык акысын төлөө кепилдигин мойнуна алса, жарык күйөөрүн айтышкан. “Мындай учурда эл менен бирге чек ара кызматында турган кыргыз жоокерлери да караңгыда калышат”,-дейт Шаятбек Мамадалиев:

- Кыргызстандан жарык жок, Өзбекстандан келет. Кааласа эки-үч саат берет, кааласа өчүрүп коет. Бүгүн светти үзөбүз дешти, мага айтышты, “мойнуңа ал” дешип. Мен он миң сом пулду кантип топтойт элем? Свет болбосо, ушу айылга кире бериш жерде турган чек арачыларга да кыйын болот, алардын да жарыгы жок болот, анан алар чек араны кантип коргойт? Отун-көмүр деген жок, тал-дарактарды кыйып жагабыз. Окуучуларга деле кыйын. Мектеп, оорукана болбосо, кимдир-бирөө ооруп калса ушу Анарбай акеге айтабыз доктурга алпар деп. Өзбекстандагы Тешик-Ташка барып окушат. Бизге окшогон жаштарга деле иш жок, дыйканчылык кылабыз, коон-дарбыз, пахта эгебиз. Пенсионерлер пенсия менен жашайт.

Чек ара үчүн кооптонгон элеттиктер

Ашуу айылынын тургундары кайсы өлкөгө таандык экени тактала элек болсо да, талаш деп эсептелген 72 гектар жердин тагдыры бөтөнчө ойлонтууда. Айылдын өзбек тектүү тургуну Алимжан Мамадалиев карыянын айтымында, ал жерге өзбекстандыктар эгин өстүрөт, туташ жашаган ашуулуктар ал жерге кийлигише албайт:

- Көпүрөдөн бери мына ушул 72 гектар жер Кыргызстандыкы. Муну эми чоңдор чечиши керек да. Биз ушу Кыргызстанга караштуу адырда жашайбыз. Солдаттарын коюп, аңдарды казып, Өзбекстан жылып отуруп, адырдын түбүнө дейре келип калышты. Комиссиялар келгенде да айтып бергем.



Кара-Дарыя айыл кеңешинин депутаттары талаш жайдын башын чечүү маселеси менен жогорку бийликке да бир нече ирет кайрылган. Алардын өкүлү Абсатар Хамидов маселе чечилбегендиктен өзбекстандык жарандар көзү өткөн туугандарынын сөөктөрүн айылга алып келип коюп, кыргыз жери алардын менчигине улам өтүп бараткандыгын билдирди. Ашуулуктарды электр жарыгы менен камсыз кылууга Жалал-Абад облустук электр тармактар башкармасы аракет көрүп жаткан экен. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл кеңешинин депутаты Абсатар Хамидов:

Кара-Дарыя айыл кенешинин депутаты Анарбай Эргешов өзүнүн эски үйүнө көчү келген
- Чек ара маселесин дагы электр жарык ишин да биз депутаттар бир нече жолу айыл кеңештин сессиясында караганбыз. Бул айылда он кожолукта 81 адам жашайт, баары Кыргызстандын жарандары. Элди көчүрүп келүү үчүн аларга жер да ажыратканбыз. Эми бир километр жети жуз метр жерге электр линиясын тартып берсе, айылга свет келип калат болчу. Жарык болбосо, эл менен кошо темир вагондо турган биздин чек арачы балдарга эле кыйын болот. Анан свет коюп берели дешип , столбаларды орнотуп, аракет кылган Жалал-Абад ПЭСтин жетекчилери менен кызматкерлерине ыраазыбыз. Биз Кыргызстандын бир метр жерин да алдыргыбыз келбейт, ошондуктан бул жакка элди көчүрүп келели деп жатабыз, өз адамдарыбызды чек арада көбөйтүп, турак-жай куруу менен тоспосок, ээн жаткан жерлерге арык-аң казып, өзбекстандыктар метрлеп жылып келе берет экен, өлгөн туугандарын да айылдагы мазарга алып келип коюп жатышат, кийин биздики деп талашпайт деп ким айта алат?
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG