Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:08

Ош: кутурган ит талаган наристе ооруканада


Таштанды талаасындагы жолбун иттер. Бишкек.
Таштанды талаасындагы жолбун иттер. Бишкек.

Ошто ит талаган үч жаштагы кыз ооруканага жаткырылды. Андан тышкары ит төрт адамга да тиш салган.

Окуя 1-ноябрда Ош шаарынын чет жакасындагы Учар айылында саат 11лер чамасында болду. Үч жаштагы кызды ит талап, наристеге болушкан кишилерге да тиш салган.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбордун жетекчиси Айчүрөк Келдибекова “Азаттыкка” буларды айтты:

- Беш адамдын ичинен бирөө катуу жабыр тарткан. Үч жаштагы кыз көчөдө ойноп жүргөн кезде ит талап салган. Машинеде бараткан эки киши түшө калып кызды арачалап калганда, аларга да асылган. Ошол эле жерде дагы бир мектеп окуучусун тиштеп алган. Алардын баары кутурмага каршы эмдөөдөн өттү. Кооптонууга негиз жок.

Үч жашар кыз учурда Ош облус аралык балдар ооруканасында дарыланууда. Учурда абалы дурус экенин оорукананын башкы дарыгери Абдисамин Анарбаев айтып берди:

- Ит кыздын бетин, башын, жаактарын, ооздорун тиштеп салыптыр. Келери менен жарааттарын таңып, дарыладык. Өзүн да кутурмага каршы керектүү дарыларды берип, эмдедик. Учурда абалын орточо деп бааласак болот. Буюрса жакшы болуп кетет.

Учарлыктар окуя болгон күнү эле кутурган итти өздөрү кууп жетип, таяк менен уруп өлтүрүшкөн. Бирок ит ага чейин эле башка иттерди да тиштөөгө үлгүргөн. Иттин өлүгүн ветеринардык лабораториянын адистери алып барып текшерип, жыйынтыгында ал кутурмага кабылганын аныкташкан. Ошол себептүү “Ош тазалык” ишканасынын мергендери эки күн ичинде ошол аймактан 26 итти атып чыгышты.

Бул окуядан кийин шаардыктар арасында тынчсыздануу күчөдү. Тургундардын бири Нурлан Төлөков балдарын мектепке ээн-эркин жөнөтүүдөн чочулап калганын айтууда:

- Азыр тамактануучу жайларда, акыр-чикир таштаган жайларда жолбун иттер өлгүдөй көбөйдү. Көп кабаттуу үйлөрдүн астында, паркта, балдар көп жүргөн жерлерде аралашып эле калды. Эми ошонун ичинен кайсы ит тиштеп аларын ким билет. Ошондон улам азыр балдарды көчөгө чыгаруудан, мектепке өз алдынча жөнөтүүдөн коркуп калдык. Өзгөчө кыш жакындаган сайын коркуп атабыз. Кышта күн кыска, бат эле кеч кирет эмеспи.

Ош шаары
Ош шаары

Ошто жыл башынан бери бир жылкы, бир кой, бир уй жана бир ит кутурма ылаңына чалдыкканы аныкталып, атайын кызматкерлер жок кылган. Акыркы жолу кутуруп кеткен ит вирусту жапайы айбанаттардан жуктурганы болжолдонууда.

“Ош тазалык” мекемесинин жетекчи орун басары Жылдызбек Көчкөнов буларды айтты:

- Кутурма оорусу чыгары менен эле иттерди ата башташты деген сөз туура эмес. Биз бул окуяга чейин эле күн сайын жолбун иттерди жок кылууну улантып атабыз. Эки ит атар күнүнө бери дегенде 15 ит атат, кээде 30га чейин ит жок кылынат. Ошондо биз бир айда 500дөй итти өлтүрөбүз. Айрым жер тамдарда жашагандар иттерин аттырбай, тоскоол болгон учурлары арбын. Аларга биз административдик органдар аркылуу "итиңерди үйдөн чыгарбагыла, мойнуна моюнтук таккыла" деп эскертүү беребиз. Андайы жок болсо биз кайра бир айланып келип атып кете беребиз.

Кутурма жуктурган айбанаттардын баары Ош шаарынын четинде жашагандардыкы. Адистер белгилегендей, бул жандыктар өз учурунда эмдөө албаганы үчүн да ылаңды жуктуруп алган болушу мүмкүн. Ошол себептүү адистер үй жандыктарын кутурмага каршы эмдетүүнү жарандарга катуу эскертүүдө.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG