Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Кыргыз балетин алыска тааныткан Сарбагышев дүйнө салды


Белгилүү балет бийчиси Уран Сарбагышевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 21-февраль, 2012.
Белгилүү балет бийчиси Уран Сарбагышевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 21-февраль, 2012.

Кыргыз эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, таланттуу балет бийчиси жана балетмейстр-режиссер Уран Сарбагышев 77 жаш курагында дүйнө салды.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн (21-февралда) опера жана балет театрында өтүп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Эл артисти Уран Сарбагышев Улуттук опера жана балет театрынын сахнасында легендарлуу Бүбүсара Бейшеналиева менен чогуу бийлеп, кыргыз балет өнөрүн дүйнөгө тааныткандардын бири эле. Алар өнөктөш болуп бийлеген Чайковскийдин “Ак куу көлү”, “Уктап жаткан сулуу”, “Ромео менен Жульетта”, “Жизель”, “Корсар”, “Шопениана”, “Бахчысарай фонтаны”, “Спартак”, “Баядерка” балет-спектаклдери жогорку чеберчиликте Москванын Чоң театрында, Санкт-Петербургдун Мариинск театрынын сахнасында, Европанын бир катар шаарларында зор ийгилик менен өткөн. Уран Сарбагышевди кыргыз балетинин ханзаадасы деп коюшчу.

Уран Сарбагышевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 21-февраль.
Уран Сарбагышевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 21-февраль.
Өзгөчө 1958-жылы Москвадагы кыргыз искусствосунун II декадасында улуттук өңүттө жазылган композитор Михаил Раухвергердин “Чолпон” балети көрсөтүлүп, андагы башкы каармандарды Уран Сарбагышев, Бүбүсара Бейшеналиева жана Рейна Чокоева жогорку чеберчиликте аткарышып, кыргыздын туңгуч балетин болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыгышат.

Чолпон балети “Ленфильм” киностудиясы тарабынан фильм-балет болуп тартылып, 104 мамлекетте ийгилик менен көргөзүлгөн. Ал эми Уран Сарбагышев менен Бүбүсара Бейшеналиева "Чолпон" балетин 60тан ашуун мамлекетте тартуулашкан.

1964-жылдан баштап көп жылдар сахнада бирге бийлешип, ынак курбулардан болгон профессор Роберт Уразгелдиев кесиптеши Уран Сарбагышевдин адамгерчиликтүү, өтө маданияттуу инсан болгонун эскерип, анын күтүүсүз жерден каза болгонуна жаны кейип турду.

- Чынында ал мыкты бийчи эле. Ленинграддагы атактуу Ваганов атындагы окуу жайдан академиялык-классикалык тарбия алган, балет өнөрүн терең түшүнгөн, балет үчүн күйгөн адам эле. Уран жөнүндө айта берсе сөз бүтпөйт. Эмне деп айтарымды дагбилбей турам. Аны каза болду деп мага телефон чалышканда көз жашымды токтото албай калдым.

Роберт Уразгелдиев белгилегендей, Уран Сарбагышев балетмейстр-режиссер катары да зор ийгиликтерди жараткан. Анын “Спартак”, “Дон Кихот”, “Прометей”, “Миң бир түн”, “Томирис”, “Макбет”, “Куйручук”, “Асел”, Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу “Өлбөстүк” балеттери, "Саманчынын жолу" балет-ораториясы кыргыз-балетинин классикасына айланган. Ал кырк жылга чукул башкы балетмейстр-режиссер болуп иштеп, кырктан ашуун балет-спектаклдерди койгон.

СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева болсо Уран Сарбагышев кыргыз эли үчүн күйгөн патриот болгонун белгилеп, ал опера жана балет театрын жетектеп турганда Улуттук чыгармаларды сахналаштырганга, мурдагы спектаклдерди кайрадан иштеп чыкканга өзгөчө көңүл бөлүп, “Айчүрөк” операсын өзү кайрадан иштеп чыкканын эскерди. Анын айтымында, Уран Сарбагышев кыргыздын классикалык өнөрүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон.

- Аттиң дүйнө, арабыздан дагы бир залкар талант, мыкты хореограф, бийчи, балет өнөрүнүн мыктысынын-мыктысы Уран агайыбыздан да кол жууп, акыркы сапарга узатып жатабыз. Бул - кыргыз маданиятында өтө чоң жоготуу. Бул адамдын жасаган эмгеги кыргыз маданияты бар кезде өчпөйт, ар бирибиздин көз алдыбызда, жүрөгүбүздүн тереңинде түбөлүккө сакталып калмакчы.

Кыргыз эл артисти, балетмейстр-режиссер Уран Сарбагышев 1934-жылы 11-декабрда Фрунзеде туулган. 1946-жылы тандалган таланттуу өспүрүмдөр менен Ленинграддагы атактуу Ваганов атындагы балет мектебине кабыл алынып, аны аяктагандан кийин кыргыз опера жана балет театрында алдыңкы солист катары ондогон спектаклдерде башкы партияларды аткарган.
XS
SM
MD
LG