Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 07:19

Эл үнү / Коом

Балдар үйү азаят, жөлөк пул көбөйөт

Социалдык өнүктүрүү министрлиги Социалдык өнүктүрүү стратегиясынын үч жылдык долбоорун иштеп чыкты. Анда балдар үйлөрүн азайтып, жөлөк пулду 7 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталууда.

Текст көлөмү - +
Адистер мындай кыскартуу көчө балдарынын санын ого бетер көбөйтөт деп тынчсызданышууда. Бул демилгенин оош-кыйыштары "Азаттыктын" "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды.

Катышуучулар: Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Гүлнара Дербишева, аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо коомдук фондунун директору Никиштай Идрисов.

Талкууну толугу менен бу жерден угуңуз:





“Азаттык”: Социалдык өнүктүрүү стратегиясынын долбоору кандай өзгөрүүлөргө алып келет?

Гүлнара Дербишева: Социалдык өнүктүрүү стратегиясы 13-декабрда өкмөттүн атайын токтому менен бекитилди. Бул төрт чоң бөлүктөн турат. Биринчиси, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Экинчиси, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана жалпы жарандар.

Кыргызстанда 23 миң майып жана жалпысынан 133 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран катталган. Үчүнчү багыт – пенсионерлер, алардын саны 500 миңге жакын.

​​​​Төртүнчүсү - министрлик үчүн да жаңы багыт болуп жатат. Муну тобокел тобу деп коёбуз, селсаяктар, үй-бүлөсү жок, же кылмыш кылган, эрезеге жете элек балдар.

Негизи балдар үйлөрүндө тарбияланган балдар 18ге чыккандан кийин жашоодо турак-жайы, же документтери жок калган учурлар көп. Ушул аярлуу төрт катмар менен иштейбиз деп пландаштырдык. Стратегиянын негизги максаты – бул жөлөк пулдардын жалпы көлөмүн көбөйтүү.

Кыргызстанда үч түрдүү жөлөк пул берилет. Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга ай сайын берилчү, мүмкүнчүлүгү чектелген жана пенсияга укугу жок кары адамдарга беребиз.

Андан сырткары кошумча жөлөк пул апрель, июнь окуяларында жабыркаган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет.

Биз социалдык коргоо жана социалдык камсыз болгон маселелерди карачу элек. Ушул стратегия кабыл алынган соң саясатыбызды да өзгөртөбүз деген чоң максат койдук. Эми биз жалаң эле жөлөк пул бербей, жер-жерлерде жергиликтүү бийлик менен социалдык кызматтарды өнүктүрөлү деген пландарыбыз бар.
​​
​​Базар бааларга карап ай сайын, же жыл сайын жөлөк пулду көбөйткөнгө аракет кылып жатабыз. Азыр бир балага 300 сомго жакын жөлөк пул алышат. 2012-жылдын сентябрь айынан тартып ар бир балага жөлөк пул 500 сомдун тегерегинде болот. 

“Азаттык”: Никиштай мырза, балдар үйлөрдү кыскартып, анын ордуна жөлөк пулду көбөйтүү керек деген демилге көтөрүлүп жатат. Ушуну туура деп эсептейсизби?

Никиштай Идрисов: Негизинен жөлөк пулду 500гө көтөрүү деле аздык кылат. Бирок өкмөт өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша иштеп атат. Ал эми балдар үйлөрүн жою маселесин кылдаттык менен караш керек. Анткени ар бир адам майып баласын үйүнө алып карашы кыйын. Ата-энеси иштеш керек, дары-дармеги, дарыгерлер карап турат деген маселелер да бар.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акматов
19.01.2012 05:33
Лейлектин кызы Гүлнара,
"Леди жан" деги абайла.
Кырдырып салып чачыңды,
Лениндей болуп таз калба!
Жарашпайт сага кыска чач,
Жаныңда жокпу,акыл-баш?
Жашарып кеттиң Бишкектен,
Жаңылды бекен асыл баш?
Кудайдан корксоң болбойбу,
Куда сөөк сени ойлойбу?
Кур десе,айтып насаатын,
Кур намыс кылып койбойбу?
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу