Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Кумарканалар дагы эле иштеп жатабы?


Ош жана Бишкек шаарларында айрым кумарканалар жана оюн автоматтары тыюу салууга карабай иштеп жатканы айтылууда.

Кыргызстанда 1-январдан тарта кумарканалардын жана оюн автоматтардын иштешине тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Бирок кумарканалардын ээлери келтирилген зыян үчүн өкмөттү сотко берүүгө ниеттенип жатат.

Жаңы жылда күчүнө кирген жаңы чечим

Кыргызстанда 1-январдан тарта кумарканалар жана оюн автоматтары жабылышы керек болсо да, ушул тапта алардын айрымдары иштеп жатканы айтылууда. Казинолордон жабыр тарткан, атын атагысы келбеген айым Ош шаарында кумарканалар мурдагыдай эле иштеп жатканын билдирди.

- Бир аз корккондор жааптыр. Бирок жалпысынан иштеп жатышат. Аларга кирсем кайра мени коркутушуп, “эмне эле патриот болосуз” деп, кичине ызы-чуу болдук. Биздин мээнетибиз текке эле кеткен турбайбы, тилегибиз таш кааптыр. 107 депутаттын колдогону, Отунбаеванын кол койгону деле эч нерсеге жарабай калган турбайбы деп калдым. 5-январда Бишкекке барып, бул боюнча аракет кылат окшойбуз.

Бул адамдар Ош шаарындагы кумарканалардын жабылган-жабылбаганын атайын текшерүүгө алышкан. Ал эми Бишкек шаарынын тургуну Айнура Айдаралиева 3-январда да борбор калааны кыдырып чыкканын айтты.

- Мен азыр Киев көчөсүндөгү “Милана” деген казиного бардым. Алар мага жаман деле айтышкан жок. Болгону “аппараттарыбызды ташып, жыйыштырышыбыз керек, убакыт бергиле” деди. Андан кийин “РИО” деген оюн автоматына кирдим. Алар кадимикдей эле иштеп жатышыптыр. “Аты-жөнүңүз ким, телефондоруңузду таштап кетиңиз” деп, кайра мени коркутушту. Эртең башка да ата-энелер келишет. Өзүбүзчө кыдырат окшойбуз. Эгер аларды жапканга мамлекеттин күчү жетпесе, биз өзүбүз чыгабыз. Ушунча чуркап, анан калып калмак белек?

Кумарканаларды жабууну жактагандар анын кесепетинен ондогон адамдардын тагдыры бузулганын негиз кармашууда. Маалыматтар боюнча Кыргызстанда 25тей казино, 30дан ашык оюн автоматы бар. 1-январдан тарта Каржылык рынокту тескөө жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат алардын лицензияларын кайтарып алганы белгилүү болду.

Кумарканаларды жабуу шашылыш чечим болду

Ал эми кумарканалардын ээлери ушул тапта өкмөттү сотко берүүгө камынып жатат. Бул тууралуу Оюн бизнеси ассоциациясынын юристи Элдияр Мамыров билдирди. Анын айтымында, кумарканаларды жабуу көптөгөн мыйзамдарга, анын ичинде Баш мыйзамга да каршы келет. Мындан тышкары, мыйзам ишкерлерди да чоң чыгымга учураткан.
Бир аз корккондор жааптыр. Бирок жалпысынан иштеп жатышат.

Аталган ассоциациянын башка бир өкүлү Мырза Ниязов кумарканаларды жабуу шашылыш чечим болду эсептейт.

- Экономикада экономикалык мыйзамдар иштеш керек. Мындан тышкары экономикалык аракеттер жана ыкмалар болуш керек. Бул жакта болсо саясий чечимдер болуп жатат. Саясий чечим эч убакта жакшылыкка алып келген эмес. Жыйырма жылдан бери бардыгы саясий чечим болуп, баягы эле таз кейпибизди кийип жүрөбүз.

Ниязовдун айтымында, бардык тараптын кызыкчылыктарын эске алган мунасалуу чечим кабыл алууга мүмкүндүк бар болчу.

- Мисалы, кыргыз жаранына кумарканага кирүүгө тыюу салынат деп койсо, же иштеген казинолор айына бир миллион сом төлөсүн деп көтөрсө эле, алардын саны кыйла кыскармак. Казино бул бизнестин бөлүгү жана чет өлкөлүк жарандарга ылайыкташкан. Ошондой эле бай кишилер үчүн жасалган.

Казинодо иштегендердин митинги, 29-сентябрь, 2011-жыл
Казинодо иштегендердин митинги, 29-сентябрь, 2011-жыл
Оюн бизнеси ассоциациясынын өкүлдөрү кумарканалар 1-январдан тарта жабык экенин билдиришүүдө. Ал эми айрым талдоочулар казинолорду жабуу менен өлкө бюджети чоң каражаттан кол жууй турганын айтышууда.

Өткөн жылы 29-сентябрда Жогорку Кеңеште кумарканалардын жана оюн автоматтардын иштешине тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Аталган мыйзам парламентте талкууланып жаткан кезде казинолордо эмгектенген жарандар ага каршылыгын билдирип, Жогорку Кеңештин алдында нааразычылык акциясын өткөрүшкөн болчу. “Десперадо” казиносунун кызматкери Асел Илиева мындай деген:

- Бул жерге чогулгандардын баары өзүбүздүн жумуш орундарыбызды коргоо үчүн келдик. Эгер жапса, 15 миң адамды 15-20 миң сомдук жумуш менен камсыз кылсын. Мисалы, ушул жерде турган бир киши беш кишини багат.

Ал эми айрым талдоочулар мыйзамдын толук кандуу аткарылышынан күмөн санаса, кээ бири кумарканалар эми көмүскөгө кирип кетет деп эсептейт. Муну казинолордун кызматкерлери өздөрү да жокко чыгарышпайт.


"Азаттыктын" архивинен: Кумар оюндарына каршы митинг

Бишкектеги Ак үйдүн алдында 20дай адам Кыргызстандагы кумар оюн залдары, казинолорду жабуу талабы менен митингге чыкты. 1.09.2011. MiT


Кумар оюндарына каршы митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:08 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG