Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 06:05

Эл үнү / Коом

52 миң сомго сатылган наристе

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайды 52 миң сомго сатып жиберген факты ашкерленди. Айрым маалымат каражаттары Бишкектеги 6-төрөт үйүнүн медициналык кызматкери сатканын жазып чыкты.

Текст көлөмү - +
Акыркы маалымат боюнча, бул окуя 14-июлда болгон. Маалыматка ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркай Токмок шаарынын тургундарына сатылган экен.

Бирок алдоо жолу менен макулдугун берип алган наристенин энеси кийин милиция кызматкерлерине кайрылып, 18-июлда кылмышка шектүү делген медицина кызматкери кармалган.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Рахматулло Ахметов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Кылмышка шектүү деп кармалган адам учурда сурак берип, дагы башкалары иликтенип жатат. Ал эми ички иштер органдарына алдын ала берилген маалымат боюнча, медайым төрөттү үйүндө кабыл алган.

Учурда ымыркай ата-энесине кайтарылып, эне-бала Бишкектеги Перинаталдык борбордо дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Бирок бул Эне-баланын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук борбордо катталган жалгыз окуя эмес. Былтыр бул борборго караштуу №6 төрөт үйүндө ушул өңдүү кылмыш иши катталып, жаңы төрөлгөн наристени сатып жиберген дарыгер учурда абакта отурат.

Мына ушундай окуялардан кийин кылмыш ишин алдын алууга болгон аракет кандай жүрдү? Аталган төрөт үйүнүн башкы акушери Нуриза Сүйүнбекова:

- Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп, бизди бир жыл боюу улам-улам текшеришти. Мына азыр гана бир аз басаңдап калган.

Канчалык тыкыр иликтөөлөр, үстү-үстүнөн текшерүүлөр жүргөнүнө карабай учурда Кыргызстанда наристелерди сатуу учурлары арбып баратканын укук коргоочулар нечен жолу айтышты.

Наристени адатта бага албай калган жалгыз бой келиндер же акчага азгырылган энелер сатышат.

"Ушундай бири-бирине чиеленген маселелер жарык дүйнөгө келген наристенин укугун тебелеп жатат", дейт “Балдардын укугун коргоочулар” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова:

- Кыргызстанда баланы чын дилинен багып алгысы келгендер көп. Ошол үчүн тиешелүү органдар баланы асыроо иштерин ачык жана акысыз кылыш керек. Себеби наристе жетим болуп, же балдар үйүндө тарбияланып калбаш үчүн ким бирөө мээримин төгүп, шартын түзүп, ата-эне болуп берсе эмнеге болбосун? Болгону бала багып алам дегендерди жакшылап иликтеп, жеңилдетилген шарт түзүү керек. Азыр мамлекетте баары мыйзамсыз болуп жаткан үчүн балдарды саткан кылмыш иши арбыгандан арбыды.

Кыргызстанда бала асыроо өтө татаалдашкан жол-жоболор менен коштолуп, ого эле көп документ топтоону талап кылгандыктан көбүнчө наристени мыйзамсыз жолдор менен асыроого берип жиберишет. Анын түпкү себеби катары экономикалык оор жагдайды бетке кармап жүрүшөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Caky каяктан: Germanja
21.07.2011 13:02
Gawoobuz Ne bolup bara Gatat??!!!!Bul gerde Kim Kunoolu ekenin tak bile albajbyz,.. Bizde myndai witerdi tastyktaw ajabaj kyjyn..Kimdin taanywy, ak4asy bolso ele boldu.. Kylmyw kylsan da onoi ele Kutulup ketesin da..Konup dele Kalbadykpy......Ukuk,Ukuk dep koiobuz,A tak Ak4a ele Glavnyj roldu oinop koiot

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.07.2011 12:40
М...ДА КООМ БУЗУЛУП ЖЕТКЕНИНЕ ЖЕТИП БҮТҮП ТҮРБҮЗ. КУДАЙ ЖАНЫН КЫРГЫЗ УЧУН АЯБАГАН ЭЛИ УЧУН ОЛУМГО БАШЫН САЙГАН ПРЕЗИДЕНТ КЕЛСЕ ЭКЕН.

кимден: Салкыш каяктан: Ош
20.07.2011 16:07
Бала саткан эне, ал эне эмес. Эне деген бийик атка татыктуу да эмес менимче.А баланы товар кылып ары-бери кылып, ставка койгон акмак адам эмес. Аялзаты ушундай ыплас иштерге барып жатса , онолуш кайда? Үйдүн куту жоголгону ушу да...

кимден: Азаттан каяктан: Казактан
20.07.2011 12:51
Даана концерт го баары облом болуптур гой медсестра да, саткан энеси да и асыраймын деген ата эне да. Торогон энеси кенкелес келесоо го биринчи макул болуп сатып жиберип, туштон кийин эсине келип. Кантип озунун баласын сатып акча алды экен, кандай дити барды экен же тубун тушкон заман ушуга алып келдиби нарк насилди жок кылып. Ал айтып чыкбаса жым жым болуп кала бермек экен да капырай.

кимден: Мээрим
19.07.2011 23:23
Коп кагаз толтуруу системасын жок кылуу керек. Кайсыл мезгилге дейре бюрократтын кагазы менен убакытты откоробуз?
Бала багып алууда эн жонокой:
Менчик уюн барбы,
Кылмыш ишине катышкан эмессинби,соттолгон эмессинби?
Ден соолугун чынбы?
Айлык акын,жашоо шартын. Эн маанилуу,башка эч нерсенин кереги жо деп ойлойм. Албетте ,бала балдар уюндо тарбиялангыча мээримин токкон ата эне багып алып тарбия берсе жаманбы? Балага да жакшы,багып алган ата энеге да жакшы.
Тилеке каршы балдарды сатуу бизнеске айланган. Кагаз толтуруу кесепетинен, ошол кагаздардын кимге кереги бар?
Мен да бала багып алсамбы деп максат кылып журом,бирок ушул кагаз толтуруудан,кагаз толтуруп бутсон ден соолугу начар баланы беришсе кандай кылам ?

кимден: Кадимки эле мээримдуу эне каяктан: Кыргызстан
19.07.2011 22:50
Бул окуянын негизги куноокору катары жанагы Алайлык келин да жоопко тартылышы керек. 25 чыгып алып оз баласын алдатып ийген келесоо эмес да. Озу эле саткан болсо керек. Ошол келиндин куйоосу, жашаган туруктуу жери, иши бар бекен? Жок болуш керек.

Медсестра байкуш, балага зарлаган башка уй-булоого жардам берем деп куноолуу болуп калыптыр.

Ал эми баланы алып, кайра алдырып ийген Токмоктогу уй-булоочу? Алардын абалы да жакшы эмес, анткени алар ошол баланы чын дилден баккысы келген.

Журналист туура айтат (негизи ушул кыз макалаларды жакшы жазат, тили жатык, ою тунук), ушуга окшогон балдарды баккысы келген уй-булоолорго беруу керек. Балдар уйу аман эле болсун, балага ата-эненин мээриминен артыкча нерсе болбойт.

Анан акырында бул окуяда, биздин сот, милицияга кудаи бериптир да, байкуш медсестраны кыйнап., акча сурап :) :) :)

кимден: пиржан каяктан: москва
19.07.2011 22:39
Мына Кыргызстандагы кылмыштуулукка каршы курошуунун натыйжасы.Ошол наристени саткан айымды жок дегенде он жылга эркинен ажыратыш керек.52мин сомго сатылгыдай ал жонокой буйум бекен.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу