Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

Жоокердин кийими менен билими талкууда


Кыргыз жоокери аскердик машыгуу учурунда.
Кыргыз жоокери аскердик машыгуу учурунда.

Кыргызстанда соңку төрт жыл ичинде 70ке жакын жоокер аскерде кызмат өтөп жүрүп каза болгон. Мындай маалымат 13-июнда Жалал-Абадда өткөн коомдук жыйында айтылды.

Алардын көбү кызмат учурунда өз өмүрлөрүнө кол салышкан.

Жыйынды Куралдуу күчтөрдүн башкы штабы менен Жоокерлердин энелери комитети баштаган коомдук уюмдар бирге өткөрүп, анда аскер тармагындагы көйгөйлүү маселелер, чечүү жолдору, алдын алуу чаралары талкууланды.

"Карапайымдар армиясы"

"Кылым шамы" адам укугун коргоо борборунун изилдөөсүнө ылайык, 2010-жылдан тарта өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 64 аскер кызматкери мерт болгон. "Ошондой эле сурамжылоолор армияга чакырылып жаткандардын 70 пайызы мигранттардын жана колунда жок жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары экендигин тастыктады", - дейт борбордун юристи Рысбек Адамалиев.

- 2010-2013-жылдар аралыгында өлкөдөгү Куралдуу күчтөрдүн 70 аскер бөлүгүндө сурамжылоо жана текшерүү иштерин жүргүздүк. Натыйжада аскер прокуратурасынын маалыматында 50 аскердин өлүмү боюнча 15 кылмыш иши козголуп, анын 10у гана сотко өткөн. Бул жалпы кылмыштардын сотко жөнөтүлгөнүнүн 30 гана пайызын түзөт. Ал эми былтыркы жылы 14 курмандык катталса, аларга карата 4 кылмыш иши ачылып, экөө гана сотко жөнөтүлгөн. Мындан сырткары ар кыл аскер бөлүктөрүндөгү 1500дөн ашык кызматкерлерди сураганыбызда алардын 70% мигранттардын жана колунда жок жакыр бүлөлөрдүн балдары экендиги аныкталган. Ошондой эле 15% жоокер тоголок жетим болсо, 9,3%нын ата-энеси чет жакта иштеп жүргөндүгү такталган. Дагы бир кошумчалай кетчү маалымат: аскерге чакырылгандардын 94,6%ын кыргыздар, 1,8%ын өзбектер жана 0,7%ын орустар түзөт.

Жеңиш парады. 9-май, 2015-жыл
Жеңиш парады. 9-май, 2015-жыл

Мектептердеги аскерге чейинки даярдыктын начардыгы буга кедергисин тийгизип жаткандыгын адистер белгилешүүдө. Алардын ырастоосунда, азыр билим уяларында өспүрүмдөргө аскерге чейинки даярдык сабагын өтүүгө кадр маселеси орчундуу көйгөйлөрдүн бири болууда. Жалал-Абад шаарындагы №19 мектептин директору Гүлнара Бокошева буларды айтты.

- Учурда жалпы билим берүүчү мектептерде 95% айымдар эмгектенет. Биз кадр тартыштыгынын айынан эптеп бир эркек мугалимди алып келип, жогорку класстын окуучуларына аскерге чейинки даярдык сабагын өткөрүп жатабыз. Мындан сырткары окуу класстарында бир да аскерге чейинки даярдыкты окуткан жаңы китептер жок. 1970-жылы чыгарылып, колдонуу мөөнөтү бүткөн китептерди айрылып калганына карабай, пайдаланууга аргасыз болуп жатабыз. Билим берүү министрлиги карап чыгып, мектептерге аскердик даярдык боюнча директордун орун басарлыгы деген штаттык бирдикти киргизүүсү зарыл болуп турат. Антпесе балдар мектептен аскердик даярдыкты үйрөнө албай, армияга барганда өлүмдөр жана кырсыктар көп катталып жатат.

Кийимден чыккан талкуу

Аскат Жээнбеков эки жыл мурда Сузактагы чек ара тозотторунун биринде кызмат өтөгөн. Ал жыйында чек арачылардагы аскердик форманын начардыгын айтып, аны оңдоого мамлекет олуттуу көнүл бурбай жаткандыгын белгиледи.

Чек арачы жоокер
Чек арачы жоокер

- Мен өзүм 2013-2014-жылдары Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы Өзбекстандын Андижан облусу менен чектешкен чек ара тилкелерин кайтарып, аскерде кызмат өтөдүм. Бизде чек араны кайтаруунун узактыгы күнүнө 15 сааттан ашык аралыкты түзөт жана жайкысын 40 градус ысыкта жүрөбүз. Курал көтөрүп, синтетика матадан тигилген кийимде ушундай ысыкта жүрүштү ойлоп көргүлө. "Эй, балам, синтетика кийимдерди кийбе" деп, жаш кезде апаңар айткандыр. Силер, офицерлер, жоокерлерге кантип синтетика форма бересиңер? Ал эми өзүңөрдүкү болсо сонун. Башкы штабдын башчысы Асанбек Алымкожоев "Жаздан тартып формалар алмаша баштайт" деп айткан. Мына, Жалал-Абаддан 500 бала жазгы чакырылыш менен армияга кетти. Бирок алардын формасы жаңырган жок. Суицид жана өлүмдөр ошонун айынан да көбөйүп жатат. Чек арадагы жоокерлер футболкаларды да өз эсебинен алышарын билесиздер. Кышка жана жайга бир эле бут кийим берилет. Ушул маселелерди караш керек.

Бул пикирге Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын аскерлер кызматы жана аскер кызматынын коопсуздугу башкармалыгынын башчысы Бердибек Асанов да кошуларын билдирип, аны аткаруу боюнча сунуштар өкмөткө жолдонуп жатканын айтты.

- Аскердик формалар арасында синтетика кийимдер боюнча чындыгында маселе бар. Балким өз жанын кыюу ушунун айынан да чыгып жатышы мүмкүн. Анткени ысыкта тоо аралап синтетика кийим менен жүрүп, кыйналгандыгынан улам "армия ушундай болот окшойт" деп, же качып кете албай, же жакындарына айта албай, айласыз ушул кадамга барып жатат. Биз бул жагдайды жашырган жокпуз, жарандык коомдун өкүлдөрү да билишет. Өкмөттүн алдына ушул сыяктуу чечилүүчү маселелерди коюп жатабыз. Бирок баары жаман деп айтууга да болбойт, жылыштар да бар.

Кой-Таштагы аскердик бөлүк
Кой-Таштагы аскердик бөлүк

Кийинки жылдын жаз айларына чейин өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн бардык аскердик бөлүктөрү жаңы форма менен камсыздалат деп убада берилүүдө. Ал үчүн Кытайдын колдоосу менен керектүү материалдар алынып келинген. Жогорудагы кемчиликтерге карабай кыргыз армиясында соңку жылдары жакшыруу бар экендигин адистер билдиришет. Жоокерлердин энелери комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова буларга токтолду: .

- Азыр армияга мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жатат. Аскерде "дедовщина" азайып калганына кубанабыз. Азыркы мектеп окуучулары болочоктогу жоокерлер. Ошон үчүн абалды жакшыртууга көмөк бергиле деп, айыл өкмөттөргө, мектеп директорлоруна, жарандык коомго кайрылып жатабыз. Бүгүнкү сунуштардын баарын чогултуп, президенттин катышуусунда өтүүчү чоң жыйында айтып, сунуштайбыз.

Жалал-Абаддан быйыл жазгы чакыруу менен 500гө жакын улан аскерге аттанган.

Аскерге чакыруудагы медициналык текшерүүнүн жана шарттын начардыгынан улам быйыл эки жоокер кургак учук абалында аскерге барып, учурда ооруканада дарыланып жаткандыгы айтылды. Жалал-Абаддагы жыйын учурунда айтылган сунуштар жана талаптар сентябрь айында Бишкек шаарында президенттин катышуусунда өтчү жыйын учурунда көтөрүлөөрү маалым болду. Куралдуу күчтөрдүн генералдык штабы уюштуруп жаткан ушул сыяктуу иш-чаралар жакынкы күндөрү Ош жана Баткен облустарында да өтөт.

XS
SM
MD
LG