Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Жаңы үйлөр канчалык бекем?


Кыргызстандын сейсмикалык институту акыркы убактарда курулуп жаткан көп кабат үйлөр жер титирөөгө туруштук берүү талаптарына жооп бербей турганын билдирди.

"Арай көз чарай" талкуусуна Улуттук сейсмикалык институттун жетекчисинин орун басары, профессор Эрнес Мамыров жана өкмөттүн алдындагы экологиялык-техникалык көзөмөл агенттигинин архитектуралык көзөмөл башкармалыгынын адиси Кубанычбек Шаршенбаев катышты.

“Азаттык”: Көп кабат үйлөрдүн жер титирөөгө туруштугун ким көзөмөл кылып, алардын талапка жооп берээрин ким аныктайт?

Шаршенбаев: Биздин мекеме көзөмөлдөйт. Негизги мыйзам бар, анын негизинде тургузулуп жаткан көп кабат үйдүн сапатын, анда жашоочулардын коопсуздугу сакталууга тийиш. Биз шаарларда көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берилгенден тартып, анын курулуштарынын бардык этаптарын көзөмөлгө алабыз.

Мамыров: Көп кабаттуу үйлөрдү тургузууда алардын жер титирөөгө туруштук берүү сапаты талапка ылайыкталбайт деген маалыматтар бар. Ошондой эле шаардагы айрым тектоникалык кооптуу деп эсептелген, турак жай тургузууга мүмкүн болбогон жерлерге да бүгүнкү күнү курулуштарга уруксат берилип, шаарчалар түшүп атат. Мисалы, Бишкектин Көк-Жар аймагынан баштап, 12-кичирайонго чейинки түштүк тарабы тектоникалык кооптуу аймак болуп эсептелет.

Тилкенин узун-туурасы тууралуу маселеге да азыркыга чейин так чекит коюла элек. АКШ жана Жапониянын мерчемдери менен эсептесек, андай аймактын туурасы 150-200 метрге чейин жетет. Ал эми мурдагы Советтер Союзунун мерчеми менен тектоникалык кооптуу тилкенин туурасы 1 чакырымга чейин.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: 2011-жылы Бишкекте 53 көп кабаттуу үйлөрдөгү 2 175 батир пайдаланууга берилген. Ал эми быйылкы жылдын биринчи эле үч айлыгында 15 көп кабаттуу үйдө 89 батирге жашоочулар кирип жашай башташты. Бүгүнкү күнү борбор калаада көп кабаттуу үйлөр аябай көп курулуп жатат. Эрнест мырза, сейсмикалык институт буларды куруп жаткан ишканалар менен иштешеби?

Мамыров: Жок, биз алар менен кызматташпайбыз. Илгери союздун тушунда “Сактоо” деген программа иштечү, азыр андай жок. Мен бир-эки жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуштадым, ушундай мамлекеттик программа түзүп иштөө тууралуу, бирок ага көңүл бурулбай келатат. Андай программа болсо кайсы жерге кандай үй салууга болот деген суроолорго алдын ала жооп берилип, ар кандай кырсыкты алдын алууга болот эле.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG