Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Айчүрөккө кол сунгандар көп


Өткөн жылы бөбөктөрүн сактайм деп өзү машиненин алдында калган Айчүрөктүн банктагы эсебине Түштүк Кореядан каражат түштү.

Бирок акчанын ээси атын атагысы келген жок. Беймаалым калууну каалаган бул адамдын каражаты эми Айчүрөктүн бутун Швейцарияда опреация жасатууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

Мындай табышмактуу жардам кимден келгенин Айчүрөктүн ата-энеси да билбейт. Алар каражат ээсинин "кайдан экенибизди айтпагыла" деп ортомчулар аркылуу айттырган суранычын аткарганга аракет кылып жатышат.

Атасы Жылдыз Таштекеев ал адамды сөзсүз таап, жолугам деген тилеги бар.

- Бул иш бир жакшы кыз аркылуу жасалды. Анын да атын айта албайм. Ошол кыз тиги кишиге кат жазган. Так билбейм, азырынча укканым боюнча айтып берип жатам. Анан ал киши "өзүн ойлобой, балдарды сактап калган үчүн колумдан келген жардамды берем" дептир. Бул өзүнчө бир керемет да.

Айчүрөктүн окуясы журналисттер жана активист жаштар аркылуу интернетте жайылтылган. "Азаттык" да убагында Айчүрөк жөнүндө макала жазып, видеотасма даярдаган.

Кубанычы койнуна батпаган ата-эне көмөк көрсөткөн инсандардын баарынын атын тизмеге алып жүрүшөт. Чет өлкөдө жасалчу операциянын 60-65 миң доллар деген баасын уккан көпчүлүк аны жыйноо оңой эмес деген. Атасы болсо жакшылыктан үмүтүмдү үзгөн эмесмин дейт.
Буйруса жакшымын, мага жардам бергендерге ыраазычылык билдирем.

- Элден айланса болот. Кыргыздардан эле эмес, кыргызстандыктардан, ал эле эмес ар түркүн адамдардан жардам келип жатты. Сырттан, Германиядан, Түркиядан, Америкадан, Кытайдан, Казакстандан жардам беришти. Деги коюңузу, Кыргызстандын жети дубанынан колунан келишинче көмөктөштү. Ар бирин эсептеп бүтө албайм.

Таластагы Талды-Булак айылынын 14 жаштагы тургуну Айчүрөк өткөн жылдын август айында жолдун бою менен эки бөбөгүн ээрчитип баратканда машине коюп кеткен. Катуу ылдамдыкта келаткан машинени көрүп, инилерин түртүп жибергенге үлгүрсө да, өзүнүн эки буту жанчылып калган. Андан бери Бишкекте төрт ирет операция болду.

- Бутум жакшы болуп калды. Мурда аябай катуу ооручу. Буйруса жакшымын, мага жардам бергендерге ыраазычылык билдирем. Женевага бир жылга деп атышат, бирок балким жарым жылда келип калам.

Жол камылгасы көрүлүүдө

Швейцариядагы клиниканы табууга да жөнөкөй жарандар жардам беришкен. Клиника операцияны канчага жасаарын так айткан эмес. Каражатын башкалардын айтуусу боюнча божомолдошууда.

Операция беш этаптан турат, терисин дарылоого, андан кийин көзөмөлдөй турган дарыгерге да бир топ акча керек болот. Ал табылды деп сүйүнгөн менен Женевага качан кетээри белгилүү болбой жатат, визасы даяр эмес.

Кыргызстанда Швейцария элчилиги болбогондуктан документтерди Өзбекстан аркылуу даярдоо зарыл болууда. Мындай камылгага азыр Кыргызстандын Швейцариядагы элчилиги менен чет өлкөдөгү кыргызстандыктар көмөктөшүп жатышат.

Бишкекеги 3-балдар бейтапканасынын ириң хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси Кыяз Дүйшөнов жергиликтүү дарыгерлер Айчүрөктүн илдетин ырбатпай, огожо болуп турушат дейт.

- Биз сөөктүн чучугуна стержень салып, сынып калган сөөктөрдү калыбына келтирдик. Шыйбылчакта эки сөөк бар. Ошолордун баштары желип кеткен. Швейцарияда ошого пластика кийгизет. Муундар басканда кыймылдап туруш керек.

Айчүрөктү коюп кеткен айдоочу 20 жашта болчу. Ал 3 жылга шарттуу кесилген. Айчүрөктүн атасынын кестирбей эле койойун, компенсация төлөп берсин деп койгон шартын айыпкер тарап толук аткара алган эмес.

Айчүрөктөй жол кырсыгына кириптер болгон балдар жылына кеминде ондоп саналат. Бирок алардын өмүрүн сактап калуу оңой каражатты талап кылбайт.

"Азаттыктын" архивинен: Эки өмүрдү сактап калган Айчүрөк

Он үч жаштагы Айчүрөк Жылдызбек кызы эки инисин сактайм деп өзү катуу келаткан машинанын соккусуна кабылган. Ал учурда оор абалда ооруканада. Айчүрөктүн ата-энеси кызын чет өлкөдө дарылатуу үчүн коомчулуктан жардам сурайт.


Эки өмүрдү сактап калган Айчүрөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00

XS
SM
MD
LG