Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Ветеринария тармагы реформага муктаж


Бүгүн Бишкекте Ветеринардык дарыгерлердин биринчи Конгресси өтүүдө. Буга байланыштуу Ош мамлекеттик зоналдык-диагностикалык борбордун директору Ислам Абдымомунов "Азаттыкка" маек курду.

- Конгресстин максаты эмне, кандай маселелер козголот?

- Бүгүнкү күндө негизги жумушту аткаруучу ветеринардык доктурлар жана аларга кам көрүп, жардам бере турган тиешелүү мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен чогуу иштешүү боюнча жобону иштеп чыгуу зарыл. Мындан ары кантип ишти алып барыш керек деген маселе ортого коюлат.

Союз тараган 20 жыл ичинде реформа деген менен, башына аны аткарчу адам келмейинче бул ишке ашпайт. Ошондой эле менчик ветеринарлардын иши канткенде натыйжалуу болуш керек деген маселе талкууланат.

- Ветеринар дарыгерлердин жетишпестиги көп айтылат. Мыкты адистердин көбү чет өлкөгө иштегени кетишкен. Бруцеллёз, күйдүргү, кутурма, сибирь жарасы өңдүү мал ылаңдары көбөйүп, адамга жуккан учурлар кездешүүдө. Алдын алуу үчүн кандай чаралар керек?

- Эмнеге ушундай акыбалга жетип калдык? Бул коомчулукка дайын. Биз муну чукулап, ар кайсы шылтоону айтып отурбайбыз. Негизинен биз муну кантип оңдошубуз керек жана кимдин кандай сунушу бар деген кургак сөздөн ишке өтүү айтылат.

Эмне үчүн азыр ветеринардык дарыгерлер жетишпейт? Себеби жер-жерлердеги ветврачтардын жашоо шартын көрүп адистер барбайт. Азыр бюджеттик бөлүм ачып койсо да ага окушпайт. Бүгүнкү күнү ветврачтын деңгээли ошондой болгон соң анын жасаган жумушунун деңгээли деле ошондой болот. Муну оңдосо болот. Ага жооптуу кишилердин саясий эрки керек.

Бийликти да, жардамды да, көзөмөлдү жана жоопкерчиликти да жергиликтүү ветеринардык дарыгерлерге бериш керек. Ошондо анан кызыкчылыгы артат. Анткени азыр Мамлекеттик ветеринардык кызматтын колу районго жетет, айылдарга жетпей калат. Себеби айылдарда анын реалдуу анын структурасы жок.

- Айрыкча түштүк жергесинде оорунун очогу көп болуп атат. Аны түп тамыры менен жок кылуу үчүн кандай чаралар көрүлүшү керек?

- Жеринде иштеген адистердин көзөмөлү болмоюнча очоктордун чыкканы чыккан. Бишкекте туруп, куру сөз менен жок кылабыз деген болбойт. Ветеринария так илим, аны кол менен жасап, жеринде жумуш аткаруу зарыл. Дагы тобо дешибиз керек, бүгүнкү күндө биздин бешенебизге дагы азырак чыгып атат. Эгер азыркы көрүнүштү алганда такыр жайылып кетүү коркунучу бар эле. Ошон үчүн жергиликтүү менчик ветврачтарды өнүктүрүп, жабдып, колдоп жана жоопкерчилигин көтөрүш керек.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG