Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Магдырсыз эркектер көбөйүүдө


Такай ат минен эркектердин арасында импотенцияга чалдыккандар чанда болоору айтылып келет.
Такай ат минен эркектердин арасында импотенцияга чалдыккандар чанда болоору айтылып келет.

Кыргызстанда “Эркектердин саламаттыгы” жумалыгы өтүүдө. Өлкөдө 40 жаштан ашкан эркектердин 60% импотенциянын кайсы бир түрү менен жабыркашат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, магдырсыз (импотенцияга чалдыккан) эркектердин 8% гана дарыгерлерге кайрылышат. “Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусу ушул маселеге арналып, ага Кыргызстандын башкы урологу Акылбек Усупбаев, коомдук жана мамлекеттик ишмер Кемелбек Ашыралиев, Социология илимдеринин кандидаты, “Аялдарга жардам борборунун” байланыш боюнча координатору Топчугүл Шайдуллаева катышты.


Эгер эркек тукумсуз болсо...


“Азаттык”: Эркектердин саламаттыгы көп ачык айтылбаган темалардын бири. Эми сиздер минтип коңгуроо кагып жаткандан кийин улуттук темага айлангандай. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 40 жаштан жогорку эркектердин 60% импотенциянын кайсы бир түрү менен жабыркашат экен. Импотенция дегенди түшүндүрүп берсеңиз, ал эмне деген оору, Акылбек мырза?
Акыркы кезде исламга берилип кеткен молдокелер көп түшүп атат ооруканага. Даарат алганда урук бездери сезгенип келгендер абдан көп...
Акылбек Усупбаев


Акылбек Усупбаев: Биз алтынчы жолу эркектердин жумалыгын өткөрүп атабыз. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна кайрылса болот. УЗИ менен бекер текшеребиз, анча-мынча анализдерди алып, өзүбүздүн кеңешибизди айтабыз. Акыркы 20 жылдан бери эркектердин проблемасы көбөйдү. Анткени жумушсуздук, стресс, жугуштуу оорулар көбөйүп кетти. Бул мамлекеттин деңгээлинде эркектерге байланыштуу программалардын жоктугунан болуп атат. Эркектин алсыздыгы, простата безинин сезгениши 50 пайызга чейин чыгып кетти. 18 жаштан 40 жашка чейинки кишилер ушундай ооруга чалдыгып атат. Адистерге кайрылбай өз алдынча дарыланып атышат.

“Азаттык”: Жабыр тарткандардын 8 пайызы эле дарыгерлерге кайрылаарын кантип аныктадыңыздар?

Акылбек Усупбаев: Биз жыл сайын өткөрүлүп аткан акциябыздагы статистиканы келтирип атабыз. Бизге 1500гө жакын киши кайрылат, акыркы 6 жылдын ичинде 15 миңге жакын эркекти текшерип чыктык, ошонун статистикасын алып карасак алар түздөн-түз дарыканадан дары алып өзүнчө дарыланат.

“Азаттык”: Кемелбек агай, сиз Соң-Көлдө өткөн чоң иш-чарада мурда импотент болгон эркектер чанда кезигерин, бул дартка чалдыкпаш үчүн ат мингенге чакырган экенсиз. Анан шаарда каяктан ат минет, деги эле оорунун көп болуп жатышын эмнеден көрөсүз?

Кемелбек Ашыралиев: Адамдын дене түзүлүшү, организми өзүнчө бүткүл система. Денеңиздин бир бөлүгү оорубаш үчүн жалпы системаны жакшы кармап жүрүш керек. Оорунун көбөйүп кеткенине биз өзүбүз күнөөлүбүз, көп жатабыз, чуркабайбыз, жөө баспайбыз. Ат минбей турган болсо, атты алмаштыра турган көп нерселер бар. Машыгуучу жайларга барып, велосипед тээп, дем алыш күндөрү тоого барып эс алуу керек. Аракты көп ичишет, тамакты кечинде көп ичип жатат. Канчалык курсагыңды май басса калган оорулардын баары жабыша берет.
Аял тукумсуз болсо сөзсүз ал үй-бүлө ажырашат, ал эми эркекте тукумсуздук аныкталса бала багып алышат, же элге айтпоого аракет кылышат. Көп эркектерде ушундай оорулар бар, дарыласа болот деген маалымат жок экен...
Топчугүл Шайдуллаева


“Азаттык”: Мурда тукумсуздукту негизинен келиндерден көрүшчү. Азыр абал кандай?

Акылбек Усупбаев: 20-30 жыл мурда ар дайым аялдар күнөөлүү болуп келчү. Азыр эркектер күнөөлүү болуп атат. Тукумсуздукка, жубайлардын бала көрбөй жатышына 50 пайыздай эркектер күнөөлү. Аялы дарыланса, эркегин кошо дарылаш керек. Мунун эч кандай уяты жок.

“Азаттык”: Топчугүл айым, төрөбөгөн келиндерди “куу жатын” экен дешип төркүнүнө жеткирип коюшкан учурлар көп эле болгон да. Убакыт өткөн сайын тукумсуздук эркектерге да байланыштуу экени чыгып атат. Бул соңку убактагы эркек менен аялдын ролунун алмашып, аялдар өздөрүн өздөрү багып, ошондон эркектер чүнчүп, жүдөп атканынан да болуп аткан жокпу?

Топчугүл Шайдуллаева: Ден-соолукка таасир берүүчү эң башкы факторлордун бири - бул социалдык фактор. Коомдо чоң өзгөрүүлөр болду. Миграция күчөдү, кедейлик, жумушсуздук каптады. Ушунун баары биздин психологияга өтө чоң таасирин тийгизди. 2003-жылы иликтөө өткөргөнбүз. Иликтөөгө таянсак, айылдарда эркектер өзүнүн оорусун жашырышат экен, аял дарыгерлерге барышпайт экен. Аял тукумсуз болсо сөзсүз ал үй-бүлө ажырашат, ал эми эркекте тукумсуздук аныкталса бала багып алышат, же элге айтпоого аракет кылышат. Көп эркектерде ушундай оорулар бар, дарыласа болот деген маалымат жок экен. Акчасы жок үй-бүлөлөрдө көпчүлүгү дарыгерге көрүнө албайт. Ушул алардын оорусунун күчөшүнө алып келген. Ошондуктан ден-соолук жөнүндөгү маселе каралганда сөзсүз элдин турмуш акыбалынын деңгээли, маалыматты алуусу, билими, сабаттуулугу жөнүндөгү маселе кошо коюлуш керек.


Эркектер ооруну мойнуна алгысы келбейби?


“Азаттык”: Аракечтик, стресс, депрессия, баңгичилик да ушуга алып барып атабы? Эркектер стресске тез кабылат деп психологдор деле айтып жатышпайбы? Ушинтип отурса бул генофондго кандай таасир этиши мүмкүн?

Топчугүл Шайдуллаева: Бул чоң маселе. Бүгүнкү күндө эркектер оорусун жашырышат, дарылангысы келбейт, мойнуна албайт. Бул алардын маалыматынын жоктугу, кайдыгерлиги.

“Азаттык”: Тукумсуздук көбөйүшүнө конкреттүү эмнелер себеп болуп атат?
Бул улуттук кайгылуу окуяга айланып баратат. Муну жалгыз дарыгерлер жасай албайт, алар деле чарчайт, келбесе артынан кубаламак беле. Муну үй-бүлөдөн, мектептен башташ керек...
Кемел Ашыралиев


Акылбек Усупбаев: Жугуштуу ооруларды жакшы дарыланбагандык тукумусуздукка алып келет. 15 пайызга жакын урегениталдык инфекциянын себебинен энелердин, балдардын өлүмү көбөйүп атат.

“Азаттык”: Кантип алдын алуу керек?

Акылбек Усупбаев: Эркектерге кайрылат элем, көчөдө жүргөндөн көрө өзүнүн ден-соолугуна көбүрөк көңүл буруп, аракет кылса. Акыркы кезде исламга берилип кеткен молдокелер көп түшүп атат ооруканага. Даарат алганда урук бездери сезгенип келгендер абдан көп.

“Азаттык”: Эркектердин саламаттыгы климатка, континентке да байланыштуу болушу мүмкүн деген сөздөр канчалык жүйөөлүү?

Акылбек Усупбаев: Бизде заара таштар оорусу көп, 6 пайыз элибиз ушул оору менен ооруйт. Ушул климатка байланыштуу. Жалал-Абад облусунда 8 пайызга чыгып кетип атат. Ошонун ичинен 50 пайзыздан ашыгы эркектер. Көп адамдар сууну арыктан ичет, ошондой эле бир түрдүү тамак ичет. Иштеген жумушуна байланыштуу да болот.

“Азаттык”: Бул маселеден кантип чыгыш керек?

Топчугүл Шайдуллаева: Бул жумалыктын өтүп жатканы өтө чоң саамалык. Мунун өзү проблеманы ачуу, ушунун чындык экенин бетке айтуу, ушуга каршы күрөшөлү деп коомчулукка собол салып туруу жакшы көрүнүш.

Кемелбек Ашыралиев: Бул улуттук кайгылуу окуяга айланып баратат. Муну жалгыз дарыгерлер жасай албайт, алар деле чарчайт, келбесе артынан кубаламак беле. Муну үй-бүлөдөн, мектептен башташ керек. Мектепте ушул тарбия жок болуп атат. Европанын ушул багыттагы жакшы нерселерин алышыбыз керек.

Акылбек Усупбаев: Бул нерсеге комплекстүү түрдө караш керек. Бала төрөлгөндөн баштап өз ден-соолугуна кылган мамилесин да кошо тарбияласак абдан жакшы болот эле. Ден-соолук чың болсо баары жакшы болот деген нерсени модага айландырышыбыз керек.

“Азаттык”: Сиздерге чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG