Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Таштандыга толгон борбордук аянт


Көк шиберди майкандап...
Көк шиберди майкандап...

Эгемендикке арналган салтанат аяктагандан кийин аянтта жана анын тегерек четинде таштандылар жайнап калды.

Майрамдаганы келген эл көк шиберде отуруп эс алып, балмуздак жешип, суусундук ичишип кагаздарын, бөтөлкөлөрүн таштап кетүүсү адатка айланган.

Бишкектин борбордук бөлүгүндө эл көп. Баарынын жүзүндө майрамдык шаң байкалып турат. Жаңы ачылган эстеликтин жанына сүрөткө түшүп, балмуздак жешип, айтор көңүлдөр жайдары.

Көрүнүштү бузган бир эле таштандылар. Ак үйдүн алдындагы көк шибердин үстүндө бош бөтөлкөлөр жайнайт. Көлөкөлөп отурган жигиттерден өзүлөрүнөн отурган жерде таштанды калтырган туурабы деп сурадым.

- Атым Акжол, эми албетте бул туура эмес. Жакшынакай майрамдан кийин, параддан кийин ушундай таштандыларды таштап кеткен уят. Өзүбүзгө ыңгайсыз болсо дагы көлөкөлөп отурабыз.

Бир аз ары бассаң чөптүн үстүндө адамдар беш-алтыдан отуруп алышып эле, ар бири өз алдынча майрамдап жатышат. Үй-бүлө, дос-курбулары менен бакылдаша бал-муздак, гамбургер жешип, сыра, суусундук ичишпип дегендей. Отургандардын жанында эле желим стакандар, бал муздактардын кагаздары, жарым-жартылай желген тамактын калдыктары, ал гана эмес балдарынын памперстери да жатат. Ошол отургандарга да сөз салдык.

- Атым Кенжебек Иманалиев, ушул Бишкектен эле болом. Таштандыларды таштап абдан туура эмес кылып жатабыз. Азыр жеп отурган балмуздактын сыртын атайын таштанды салчу челеке барып ыргытайын деп жатам.

- Менин атым Замира, Нарындан келдим. Эми азыр бөтөнчө жаштар булгап атышат. Мендей болгон кары адамдар ыргытпайт айланайын.

- Мен Тогуз-Торонун Казарманынан келдим, атым Бүбүйна Сакеева. Азыр мынакей кудачаларым менен фанта ичип, бал муздак жеп майрамдап отурабыз. Эми өзүмдүн жегенимди пакетке жыйнап кетем. Башкалардыкын айта албайм. Эл түшүнүп ушул ордо калаанын тазалыгына салым кошсо болмок. Мен Президент болсом баарын тыймакмын.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкери Тынчтык Токтосунов болсо дайыма майрамдан кийин Бишкектин борборун таштандылар кар жаагандай эле басып калаарын айтат:

- Азыр элдин маданияты жок. Түшүнүп турабыз майрам экенин, бирок чеги болуш керек. Ар бир эле майрамда биз түнкү саат он экиде аянтты жыйноого чыгабыз, таңкы саат бешке чейин тазалап коюшубуз керек. Эми таштандыны айтпаңыз, өзүнчө эле кар жаагансып басып калат. Ушул жерде туруп алып соода кылышып, өзүнчө эле “Ош базарына” айлантып жиберишет. Ары жагы Панфилов паркынан башталып, желек турган жерге чейин жетишет. Айтсак түшүнүшпөйт. Бир нерсе десең эле “биз революция кылганбыз, билгениңди кыл” дешет.

Кеч киргенде бул жерде дагы майрамдык салтанттар уланып, жаштар дагы көбөйөт. Таштандыларды азыр эле көз көрүнө ар кайсы жака таштап кетип жатышса, кечинде эмне болоорун элесетете берсек болот. Тек гана таң атпай уйкусунан кечип келип, тонналаган таштанды чыгарган жумушчуларды аяп кетесиң...

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG