Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Бийлик соцфонд төлөмүн азайтууну чечти


Соцфонд төлөмүн азайтуу талабын 16-февралда президент Алмазбек Атамбаев Соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушууда койду. 
Соцфонд төлөмүн азайтуу талабын 16-февралда президент Алмазбек Атамбаев Соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушууда койду. 

Кыргызстанда Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери кайра каралып чыгат.

Мындай талапты 16-февралда президент Алмазбек Атамбаев Соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушууда койду.

Президенттин кабыл алуусунда болгон Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев камсыздандыруучу төлөмдөрдүн тарифтерин кайра карап чыгуу тапшырмасын алганын айтып, мындай чечим азыркы кризистик абалга байланыштуу кабыл алынганын билдирди. Ал камсыздандыруу тарифинин ченеми кайра төмөндөтүлөрүн жана бул маселе болжол менен бир айдын ичинде карала тургандыгын кошумчалады.

- Мыйзамды иштеп жатканда 2013-жыл болчу. Анда азыркыдай дүйнөдөгү кризис, өзүбүздүн дагы экономикабыздын акыбалы ушундай абалга келет деген ой жок болчу. Ошондуктан кабыл алынган. Бирок азыр жер-жерлерде эл менен жолугуп көрсөк, алар тарифтин чендерин төмөндөтүү боюнча кайрылып жатышат. Ошол ойлорду эске алып, президент кайра карап чыккыла деди. Соода-сатыктын дагы акыбалын эске алуу менен төмөндөө болот. Бул жарандарыбызга азыркы абалдан чыкканга жеңилирээк болот деп ойлойм. Мамлекет башчыбыздын дагы көз карашы боюнча жарандарды колдоо зарыл болуп турат.

Өкмөттүн быйылтан тарта социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүн көбөйтүү демилгеси Ош, Жалал-Абад, Нарын аймактарында элдин нааразылыгын пайда кылып, жаңы жылдан тарта митингдер менен коштолгон. Жергиликтүүлөр тарифти мурунку калыбында калтыруу өңдүү бир топ талаптар менен президент баштаган бийлик башчыларына кайрылууларды жолдошкон эле. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев мунун баарын өкмөттүн ойлонулбаган кадамдарынын кесепетинен көрөт.

- Мына соцфонд төлөмүн быйыл көтөрүп жатат. Светти дагы быйыл көтөрүп жатат. Камсыздандыруу, унаага камсыздандырууну быйыл киргизип жатышат. Баарын эле бир жылга үйүп, элди өлтүрөбү? Кризис болуп жаткан жылы эрегишкенсип баарын киргизип жатат. Өкмөттүн ишине "2" деген баа бериш керек. Өкмөттүн туура эмес саятынан ушунун баары келип чыгып жатат.

Эл өкүлү социалдык камсыздандыруу тарифин көтөрүү, анан кайра аны президенттин кийлигишүүсү менен төмөндөтүү аракетин былтыркы электр энергиясынын тарифине байланыштуу жагдайга окшоштурат.

- Мына соцфонд төлөмүн быйыл көтөрүп жатат. Светти дагы быйыл көтөрүп жатат. Камсыздандыруу, унаага камсыздандырууну быйыл киргизип жатышат. Баарын эле бир жылга үйүп, элди өлтүрөбү?
Кенжебек Бокоев

Анда дагы президент оболу элдин электр энергиясын кымбаттатпоо талабына кескин каршылыгын билдирип, бирок кийин кайра ийкемдүүлүгүн көрсөтүп, керектөөчүлөргө тарифти кайра төмөндөтүүнү тапшырган эле. Депутат бүгүнкү кырдаал үчүн өкмөт гана эмес ал мыйзамга кол койгон президент өзү дагы жоопкерчиликтүү экенин белгилейт.

- Өкмөт кайдан чыкты. Өкмөттүн президент экөөнүн ою бир да. Өкмөт деген Улуттук стратегияны ишке ашырабыз деп, өзүнүн экономикалык программасы жок, президенттин стратегиясы менен иштеп жатпайбы. Бул деген айдан ачык нерсе да. Президент ошол мыйзамга кол койгон. Кол койгон соң жакшылап карап койсо болмок. Ошол эле парламенттен да кеткен, баарынан кеткен.

Экономист Сүйүнбек Сырдыбаев өкмөттүн “мыйзам долбоору даярдалып жатканда кризис жок эле” деген түшүндүрмөсүн таң калуу менен кабыл алганын айтат. Анын пикиринде, Кыргызстанда экономикалык тариздеги сунуштар адатта тыкыр эсеби жок, тобокелчиликтери эске алынбастан кабыл алынган үчүн кийин аны ишке ашыруу кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр менен коштолуп келет. Ага кошумча президент менен өкмөттүн жоопкерчиликтеринин чаташып калгандыгы, кимдин сөзү акыркы экенин аныктоодо маселе жаратат дейт экономист.

- Көпчүлүк учурда бизде кандайдыр бир саясий сунуштар боюнча акчаны көбөйтүү же каражаттарды сарптоо боюнча чечимдерди кабыл алышат. Бирок аркасынан жакшылап каржылоо, экономикалык жагын ойлонушпайт. Анан чечим кабыл алынган соң, дагы бирөө чыгып алып “аа тигини эсептебей калыптырбыз, тигини билбей, унутуп калыптырбыз” деп чыгат. Анан кайра артка кетүүгө туура келип жатат. Өкмөт менен президенттин ортосунда кандай, кимдин жоопкерчилиги эмнеде экени так белгиленген эмес. Ошондуктан ушундай маселелерде кимисиники туура, кимисинин сөзү акыркы болоору билинбей калып жатат.

2015-жылдын июнунда кабыл алынган мыйзамга ылайык, социалдык төлөм жогорулатылган. Социалдык фонд муну пенсиялык фонддун бюджетин толтуруу амалы катары сыпаттаган. Ага ылайык, социалдык фондго төлөмдөр аймактардагы орточо айлык акынын суммасына жараша жогоруламак. Республикада орточо айлык 12 миң сомдон ашыгыраак сумма деп эсептелген.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG