Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 06:00

Маданият

Атай: Жериме олжолуу баратам

“Чехия-Словакияда таланттар бар” телесынагынын жеңүүчүсү Атай Өмүрзаков 100 миң евро жана Лас-Вегаска жолдомо утуп, мекенине олжолуу кайтты.

Текст көлөмү - +

Сынактын шарты боюнча белгилүү мөөнөткө чейин катышуучулардын журналисттерге маек берүүсүнө уруксат берилбейт. Андыктан “Азаттык” Атайды ийгилиги менен телефон аркылуу куттуктап, аны менен сынакта чогуу жүргөн Милан Риханы сөзгө тартты.

Брно университетинин студенти Милан Риха өткөн жылы К.Тыныстанов атындагы Ысык Көл университетине жарым жыл окууга барганда Атайдын агасы менен таанышып калып, анан Атайга кезиккен. Милан “Чехия-Словакияда таланттар бар” сынагына Атайдын катышуусун уюштурууну толугу менен өз мойнуна алган.

Милан учурда Атайга көп кызыктуу сунуштар түшүп жатканын Братислава шаарынан туруп “Азаттыкка” айтып берди:

Атай менен чехиялык досу Милан Риха сахнада, Братислава, 2011 (Аманат сүрөт)
​​- Көптөгөн адамдар кызыгып, телефон чалып, бирге иштешүүнү сунуштап жатышат. Азыр мен келечектеги пландар тууралуу так эч нерсе айта албайм. Анткени долбоорлорду караганга бизде убакыт деле болгон жок. Азыр болсо Атай визасы бүтүп жатканыдыгына байланыштуу Кыргызстанга кетип жатат, жаңы виза алары менен кайра келүүсү керек. Ал буга чейинки көрсөткөн номерлеринен дагы мыкты бийлерди даярдап, элге көрсөткүсү келет.

“Атай аткарган бийлерин өзү даярдайт, ага хореограф же дагы башка адис жардам бербейт. Андыктан Чехияда ага бардык шарттар түзүлүп берилсе деле чыгармачылыгын өз алдынча  улантат”, - дейт Милан.

Прагадагы “Cesky rozhlas 6” (“Чех радиосу – 6”) үналгысынын редактору Маркета Шевчикова бул сынакта Атай Өмүрзаков жеңишке жетээри башында эле белгилүү болгонун, кыргызстандык бийчи уникалдуу таланты менен башкалардан өзгөчөлүнүп келгенин айтат: 

- Мен үчүн күтүлбөгөн нерсе деле болгон жок. Анткени Атай өзгөчө бийчи – биздин балдар дагы бийдин бул түрү менен алектенип жүрүшөт. Бирок алардын эч киминде Атайдыкындай ийкемдүүлүк жок. Ошондой эле анын номерлери  фольклордук жана классикалык бийдин элементтери менен коштолду. Бул жөн гана гимнастика эмес. Атайдын аткарган бийи -  чебер композиция. Анда спорт, бий, сезим, сүйүү -  баары бар.

“Ар бир чет элдик бизге жаңы нерселерди, өз маданиятынын кайсы бир бөлүгүн алып келет. Бул биз үчүн өтө кызык”, - деген Маркета Шевчикова  “Атай Лас-Вегаста Чехия менен Словакия үчүн чыгат деп ойлобойм. Ал Кыргызстандын атынан өнөрүн көрсөтө алат. Бирок ал Чехия менен Словакиядагы сынактын жеңүүчүсү катары барат. Атай силер үчүн, өз өлкөсү үчүн чыгат деп ойлойм”, - деген пикирин айтты.

Жекшембиде сынак аяктаары менен Атайдын жанында жүргөн Аскат Абдыкадыров Атай Лас-Вегаска жолдомодон баш тартышы мүмкүн экенин “Азаттыкка” айткан.

Аскаттын айтуусунда, Атай Словакия-Чехиянын желеги алдында дүйнөлүк таймашка барса туура эмес болоорун, андыктан, балким жолдомодон баш тартышы мүмкүн экенин билдирген.

Жергиликтүү убакыт боюнча кечки кечки 8де башталып түн ортосуна чейин созулган телесынакты коңшулаш эки өлкөдө жашаган кыргызстандыктар өтө толкундануу, чоң үмүт менен көрүштү.

Чехиянын Бланск шаарында жашаган Кубат менен Жаркын Талканбаевдер өздөрүнүн ишканасындагы жумушчулардын бардыгын Атайды колдоп, добуш берүүгө үндөшкөнүн айтышат.

“Атайдын талантын көрөмандар укмуш жактырат. Биздеги моңголдор, чехтер бардыгы аны колдоп добуш беришти”-деген Жаркындын сөзүн жолдошу Кубат улады: “Кептин баары Атайдын талантынын күчтүүлүгүндө. Бул сынак таланттардын таймашы. Бул жактан биз Атайга добуш берүүнү колубуздан келишинче уюштурдук, анын жеңишин аябай тиледик. Биздин ишканада 500гө жакын киши иштейт, алардын арасында мен жалгыз кыргызмын. Мен бирге иштегендердин бардыгына алдын-ала айтып, анан SMS добуш берүү башталганда “Жаздыңбы?”, -  деп текшерип турдум.”

“Чехияда, Словакияда таланттар бар” сынагы жергиликтүү “Прима” сыналгысында түз көрсөтүлүп, телекөрүүчүлөр SMS добуш берүү аркылуу жеңүүчүнү аныкташат. Сынактын соңунда “Словакия жана Чехияда элдин көп добушун алган абсолюттук жеңүүчү - Атай Өмүрзаков” деп жарыяланды.

Калыстардын бири словакиялык таанымал продюссер Яро Славик Атай финалдык таймашта өз номерин аткаргандан кийин ага кайрылып, “Атай 100 миң евро Кыргызстанда бир топ эле акча. Чынын айтсам, мынча акчаны Чехия менен Словакияда коротуш деле оңой эмес.  Балким сен бул жакка көчүп келээрсиң, анткени сенин чыныгы күйөрмандарың бул жерде”, - деп айтканы көрөрмандарды көптөн үмүттөндүрүп койду.

21 жаштагы Атай Өмүрзаковдун Чехия менен Словакиянын биргелешип уюштурган улуттук сынагында баш байгени жеңгени кыргызстандык жаш таланттын жеке жана чыгармачыл жашоосунда жаңы мүмкүнчүлөктөрдү ачаары шексиз. Атай болсо бул жеңишке бир топ ашууларды өтүп, чоң даярдык менен келгенин айта кетүү зарыл.

Жүктөө

​​​(Атайдын финалдык таймашта аткарган бийи. U-Tube булагынан алынды, 2011)


Oкурмандардын өтүнүчү боюнча Атай финалдa бийлегенден кийинки калыстардын пикирин кыргызча которуп жарыялайбыз:

Словакиялык таанымал продюсер Яро Славик:

- Атай, сөзүмдү орусча баштайын, котормонун кереги жок. Мен билгенден Кыргызстанда 100 миң евро – бир топ эле акча. Чынын айтсам, мынча акчаны Чехия менен Словакияда коротуш деле оңой эмес. Балким, сен бул жакка көчүп келишиң керек болот. Анткени сенин чыныгы күйөрмандарың бул жакта.

Эми словак тилинде улантайын. Сен үчүн бүгүн баарынын кыйыны – бул жарыштын башында көргөзгөн жана чейрек финалда аткарган бий номуруңдан ашып түшүү болду. Анткени ошол эки жолкусунда сен ушундай бир шоу көргөзүп, элдин баары сени жакшы көрүп калган эле. Башка көрөрмандар кандай ойлошоорун билбейм, бирок мен үчүн бүгүн сен ал күнкү аткарууларыңдан аша алган жоксуң. Ошентсе да, бүгүн аткарган бийиң  ушунчалык мыкты болду, бул жагынан Чехия менен Словакияда азырынча сага атаандаш жок. Чоң рахмат.

Чехиялык белгилүү ырчы Люция Била:

- Мен абдан эмоционалдуу адаммын. Мындайды башымдан биринчи ирет өткөрдүм: өткөн жолу сиз бийлеп жатканда көзүмдүн жашын токтото албай койдум. Кол чапканга да алым калбаптыр, ушунчалык таасирлендим. Бүгүн жөн эле келип, сахнада жылмайып туруп берсеңиз деле мен ошол күнкү таасирдин күчү астында бир жума бою сиз жөнүндө ойлонуп жүрмөкмүн, дагы далайга дейре көңүлүмдө болчудайсыз. Анткени мынчалык катуу таасирленген учурум болгон эмес эле, балким эч убакта болбой да калышы мүмкүн. Иши кылып, бүгүн эч кыймылдабай жөн эле туруп берсеңиз да – мен үчүн сиз жеңүүчүсүз!

Чехиялык белгилүү актер Мартин Дейдар:

- Люция айткандай,  сахна – бул эмоциялар ордосу. Сиз эмоцияларды жараттыңыз. Менимче, сиздин аткарууңуз адамдын денеси канчалык керемет экенин жана анын жөндөмү чексиз экенин көрсөтө алдыңыз. Бүгүнкү кече - өзгөчө бир шыктуу адамдардын кечеси. Сахнадабы, менин жанымдабы, артымда отурган көрөрмандар болобу. Сиз нагыз өзгөчө адамсыз!

                                                                          

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Суйунбек каяктан: Москва
02.12.2011 03:04
Атай иним сага, сени тапкан ата-энеңе, сени чоңойткон чөйрөгө терең ыраазычылык билдиребиз!
Алдыдагылар айтып кеткендей сени менен сыймыктанып, сенин сахнага чыкканыңы калтырбай көргөнгө аракет кылабыз. Мына эми сен бир топ мамлекеттерге таанымал адам болуп калдың, бул сенин жеңишин. Сен уядан учуп, атак-даңкты тутуп отурасын, бул сенин ийгилигиң! Ылайым ушул ийгиликтериңе көз тийбесин. "Кудайдан кичине эле сура, бирок чын дилиңден сура, ал сага ченемсиз берет" - деген ушул. Ушундан жазба, элдерге эмоция тартуула, бирок эмоцияга алдырба! Эч качан чарчаба!
Сага Алла Таала берди, мээнетиңин акыбети кайтып отурат. Россия, Украина андан ары Европага даңкың чыгып, жеңишке жетишип отурасың. Сени колдогон чехия-словакиялыктардын ишенимин жерге таштаба, алар айткандай көчүп барып албасаң да, Лас-Вегаска берген жолдомолорун жерге таштаба, бул сенин келечекке болгон жолдомоң (не упусти свой большой ШАНС), текке кетирбе, аны менен сен чех же словак болуп калбайсын (же футболчулар улутун өзгөртүп анан ойноп жатабы!), муну менен сен кыргызды дүйнөгө таанытсан таанытасын, ар намысты сатпайсын (мага элдер кошулат го дейм, Атайды чех же словак деп кийирбей же колдобой коюшкан жок го, ээ).
АЛГА АТАЙ АЛГА!!!
Пикирге жооп

кимден: Атайдын куйорманы
02.12.2011 09:44
Толугу менен пикиринизди колдойм.

кимден: Aizada каяктан: Kazahkstan
01.12.2011 19:54
Azamat Atai! men daima you tube arkiluu senin atkargan biyleringdi korup sen ucun siymiktanamin jana bashka uluttarga sen jonundo maktana alamin!!! azamat alga!!!

кимден: Малчы кыргыз каяктан: Кыргызстан
01.12.2011 17:00
"Азаттыкчылар! Биздин отунучторду эске алып, чех калыстардын создорун которуп бергениниздерге чооон рахмат! Кубанып калдык. Башындагы калыс Атайдын ошол кунку бийине ото ыраазы болбой калган гоо деген жоромолум туура эле болуптур. Ошентсе да чоон рахмат!

кимден: арчатай каяктан: Туркия
01.12.2011 13:31
Кыргызстан тууралуу кымындай жакшы созго, жакшы кабарга муктаж болуп турган ушу чакта Атайыбыздын Европаны дунгуроткон жениши тобобузду кокко жеткирди. Бар бол Атай!.Убагында Атай Огонбаев кандай олбос-очпос ырларды жараткан болсо, сен ошондой классиканы дуйнолук чапта жарат. Бийинде акыл, талант, табит бап келишкен бийик философия жаратылыптыр. Мындан да сонун чыгармаларды жаратууга коронгон бар экени корунуп турат. Онорун менен орго чап дейт кыргыздар. Лас-Вегаска баруудан тартынба. Элимди капа кылып алам деп ойлобо. Сен женсен, ансыз деле ким экенинди жети атандан бери чукуп чыгышат. Женген баары бир Кыргыз болот. Алгалай бер Атай!

кимден: Асель каяктан: Бишкек
01.12.2011 12:16
Атай бул эмгегин женишиндин башталышы болсун!!!
Ден-соолук, бакыт жана чоон-чон ийгилик каалайм! Апан жана бир туугандарын менен бар бол!!! :)

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
01.12.2011 02:15
Атай сен Кыргыздын сыймыгысын!

кимден: Атай Өмүрзаков каяктан: Бишкек
30.11.2011 18:58
Пикирлерди окуп чыктым. Баарыңарга колдооңор үчүн ыраазычылык билдирем. Мен үчүн бул эң маанилүү жеңиш болду. Добуш берген, мен үчүн тынчсызданып, толкунданып, мага үмүт арткан ар бириңерге рахматымды айтам. Сиздердин үмүтүңүздөрдү актаганга аракет жасайм. Рахмат.

кимден: Элмира каяктан: Монреаль
30.11.2011 10:53
Бар бол Атай, аман бол. Жеңиштер сен үчүн алдыда!
Ийгилик!

кимден: 50 жаш каяктан: Астана
30.11.2011 10:16
Атай, кийинки белес - Лас Вегас! Кыргызмын деген адамдардын бари сени менен! Эч чарчабай жаны ийгиликтерди жарата бер!

кимден: kg каяктан: Nookat City
30.11.2011 09:25
Chekh zhana slovak kalkyna zhana zhury mucholoruno kalystygy uchun rahmat! Talanttyn ulutuna karabay ozdorunun kalys sozu zhana sms dobushtary menen kyrgyz zhigitinin talantyn baalap, bash baygeni berishti. Biz da kalys bolsok oz zheribizde koptogon talanttardy bilip, baalap alabyz degen oidomun.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук