Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Коррупциянын тамыры тереңде жатат


Transparency International уюмунун 2010-жылкы баяндамасында Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген.
Transparency International уюмунун 2010-жылкы баяндамасында Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду ээлеген.

“M-Вектор” консалтинг агенттигинин иликтөөсү боюнча Кыргызстанда жарандардын 77 пайыздан ашыгы өлкөдөгү коррупциянын деңгээли жогору деп баалашат. Ошондой эле калк бийлик органдарына дээрлик ишеним артпайт.

Агенттиктин маалыматтарына ылайык, Кыргызстан калкынын 77 пайыздан ашыгы өлкөдөгү коррупциянын абалын жогору деп баалашат. Көбүнесе сот жана укук коргоо тармактарына калк ишеним арта бербейт.

Алсак, сурамжылоого катышкан 2000 адамдын алтымыш пайызга жакыны сот жана милиция тармагында коррупциянын көптүгүнө, ишенимдин аздыгына басым жасашкан. Мындан улам иликтөө жүргүзгөн агенттиктин директору Роман Погожев паракорлук менен күрөшүү аракеттери көңүл жылытаарлык эместигин билдирди:

- Изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн абдан эле негативдүү. Анткени сурамжылоо катышкан жарандардын 40 пайыздан ашыгы биздин өлкө абдан эле коррупцияга малынган деген тыянактарын билдиришкен. Ошондой калктын көбү өлкөдөгү коррупциянын абалын орто жана ортодон көп деп баалашкан. Мындан улам абалдын олуттуу экендигин көрүүгө болот. Ошол эле учурда калктын бийлик органдарына болгон ишеними абдан эле төмөн.


Изилдөөгө ылайык Кыргызстан боюнча Бишкек шаарында, Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында коррупциянын деңгээли башка өрөөндөргө салыштырмалуу жогорку деңгээлде. Ошол эле мезгилде Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары бийлик органдарына көбүрөөк ишенбөөчүлүк менен мамиле кылышат.

Анткен менен бийлик өкүлдөрү учурда Кыргызстанда коррупцияны азайтуу үчүн кадамдар жасалып жатканын айтышат. Мамлекеттик кызматкерлерди колдоо фондунун Көзөмөл кеңешинин төрагасы Асылбек Болотбаевдин айтымында, өлкөдө буга чейинкиге салыштырмалуу коррупция менен күрөшүүдө саясий эрк көрсөтүлүп жатканын белгиледи:

- Саясий эрк болуп жатат. Кадрларды текшерүүчү полиграф киргизилди. Статкатчылардын ыйгарым укуктары көтөрүлүп жатат. Ушундай иштер коррупция менен күрөшүүдөгү маанилүү учур болуп жатат.

Бир катар адистер министрликтердин ичинде Көзөмөл кеңештеринин түзүлүшү коррупциянын азайышын шарттайт дешет. Ошол эле учурда жаңы келе турган өкмөт бул багытта алгылыктуу кадамдарды жасаарына үмүт артышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова коррупция менен күрөшү депутаттардын негизги тапшырмасы болоорун билдирип, биринчи милдет катары кадрларды тазалоо керек дейт:

- Эл бүгүнкү күндө эч кимге ишенбейт. Коррупция өлкөгө тамырын жайып кеткен. Мындан улам алгачкы иш катары кадр маселесинде тазалоо жүргүзүшүбүз керек.


Кыргызстан эгемендик алгандан бери бийликтегилер коррупцияны жок кылабыз деп ишендирип келишет. Мурдагы президент Аскар Акаевдин учурунда, андай кийин Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда дагы коррупцияны токтотуу бирден бир милдет катары коюлуп келген. Ал түгүл мурдагы бийлик учурунда Коррупцияга каршы күрөшө турган агенттик да түзүлгөн.

Деген менен Кыргызстанда бул багытта алгылыктуу аракеттер байкалбай келет. Ал түгүл бул жылы Transparency International уюму паракорчулуктун деңгээли боюнча Кыргызстанга 178 өлкөнүн ичинен 164-орунду берди.

Коррупция менен күрөшүү багытында алга жылган өлкөлөр да бар. Алсак Казакстан коррупция меселесин мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көбөйтүү менен чечип келет.

9-декабрь "Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү" катары белгиленип келет. Бул күнү Бишкекте калкты коррупцияга каршы күрөшүүгө үгүттөгөн акциялар уюштурулуп, бул багытта маалыматтар берилди.

XS
SM
MD
LG