Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Акмат Бакиевдин качышына ким көмөктөшкөн?


Акмат Бакиев сот залында. Бишкек, 12-январь, 2011.
Акмат Бакиев сот залында. Бишкек, 12-январь, 2011.

Мурдагы президенттин иниси Акмат Бакиевдин качып кетишине байланышкан маселе 14-мартта Жогорку Кеңеш сессиясынын күн тартибине коюлушу мүмкүн.

Мындай демилгени бүгүн парламенттин коопсуздук жана коргонуу комитети көтөрүп чыкты. Ушул эле күнү тиешелүү расмий органдар билдирүүлөрдү жасашты.

Жоголгондун жоопкерчилиги кимде?


Беларуста баш калкалап жүргөн президент Курманбек Бакиевдин Бишкектин жатак абагындагы иниси Акмат Бакиевдин качып кетишине ким шарт түзүп берди деген суроо учурда коомдук-саясий чөйрөнүн назарын буруп турат. Бул маселеде бир жыл мурда күчөтүлгөн тартипте 7 жылга эркинен ажыратылган Бакиевдин жазасынын жумшартылып, жатак абакка которулушун чечмелөө аракети алдыңкы планга чыкты. Бул күмөндүү суроолорго жооп берүүчу тарап саналган сот тармагы да, жаза өтөө мекемелер башкармалыгы да өз чындыгын айтып, аны далилдөө аракетинде.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин айтымында, Акмат Бакиевди жатак абакка которуу чечими узак убакыттан бери көтөрүлүп келген:

- Ленин райондук соту 2011-жылдын декабрь айында №47 абакка Акмат Бакиевди үй камагына которуу боюнча өтүнүч келтирип кайрылган. Буга чейин да бир нече ирет ушундай өтүнүч келип, бул иш резонанстуу болгонуна байланыштуу четке кагылган эле. Бирок аталган абакканадан жана атайын прокуратурадан Бакиевдин жүрүш-турушу жакшы жана жазасынын үчтөн бири өтөлүп бүттү деп өтүнүч келген үчүн гана бул арыз канааттандырылган.

Жалгыз Бакиев эмес, жарымы издөөдө

Сот тармагы жоопкерчиликти жүктөп жаткан жазаларды аткаруу кызматы Акмат Бакиевди жатак абакка которуу маселеси саламаттыгы начарлап кеткендигине байланыштуу чыкты деп билдирүүдө. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорфдун ынанымында, бул жагынан аталган мекеме мыйзам бузган жок:

- Жаза жөнүндө кеп болсо Жаза аткаруу кызматы моралдык жактан гана күнөөлүү болушу мүмкүн. Калган милдеттердин баарын толугу менен аткарып жатканбыз. Биздин көзөмөлдөө гана функциябыз бар. Бул милдетитибиз күнүгө аткарылып, Акмат Бакиевди ооруканада текшерип жатканбыз. Ар күн сайын биздин кызматкерлер барып, анын бар-жогун текшерип турушчу.

Никсдорфтун маалыматына караганда, мекеме кызматкерлери акыркы жолу Бакиевге 2-мартта ооруканага барып жолугуп, кол койдуруп кайтышкан. Маалымат катчынын айтымында, жатак абактардан качып кеткен жалгыз эле Акмат Бакиев эмес, учурда жатак абакка чыккан 2475 соттолуучунун 1327сине издөө жарыяланган.

Ал ортодо маалымат каражаттарында президенттин иниси премьер-министр Өмүрбек Бабановдун көмөгү менен чыгып кетти, ал эмес, 3-мартта Катарга учкан өкмөттүн учагы менен кетиши мүмкүн деген жоромол пайда болду. Мындай айыптоолорду өкмөт башчынын тарапкерлери четке кагып, транспорт прокуратурасы бул маалымат далилденбегендигин кабарлады. Чек ара кызматы Акмат Бакиев чек арадан чыкпаганын, ИИМ издөө уланып жатканын билдирүүдө.

Акыркы расмий маалыматка караганда, Акмат Бакиев жабырлануучу, жалалабаддык ишкер Касым Исмановго төлөп берүүнү сот милдеттендирген айыппулду да кайтара элек экен. Жабырлануучунун адвокаты Икрамидин Айткулов айыпкердин жоопкерчиликтен кутулуп, качып кетишине Башкы прокуратурадагы колдоочусунун жумуштан алынышы себеп болду деп жоромолдоду:

- Менин оюмча, Башкы прокурордун биринчи орун басары Рыскул Бактыбаевдин жумуштан алынышы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Бактыбаев башкы прокуратуранын жетекчилеринин бири катары Акмат Бакиевге ар тараптуу жардам берип келген эле. Ошондуктан, Рыскул Бактыбаев жумуштан алынган соң Акмат колдоочусуз калганын түшүндү да, качып кетти деген ойдомун. Себеби, Акмат Бакиев эртедир-кечтир баары бир кылган кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартып, камакка алынмак.

Баш прокуратуранын мурдагы орун басары Рыскул Бактыбаев болсо мындай жоромолду калпка чыгарды:

- Мен эмне сот белем, мен азыр жумушсуз адаммын. Бул Айткуловдун өзүнүн эле башка максатта чыгарганы. Мунун баары калп.

Ошентип кенже Бакиевдин качып кетиши ар кандай жоромолдор жана имиштерге ширелип, бирок жоопкерчилик кимдин мойнуна жүктөлөөрү белгисиз.

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитети болсо бул маселени парламент сессиясынын күн тартибине киргизүү керек деген дымагын 13-марттагы отурумунда билдирди. Комитеттин төрага орун басары, “Ата Мекен” партиясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев бул жерде кайсы бир адамдардын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт:

- Бул жерде көптөгөн бири-бирине төп келбеген нерселер болуп жатат. Менин оюмча, мында кызыкдар болгон адамдар бар. Мында паракорчулук маселеси да бар. Анткени мунун баары узак убакыттан бери даярдалган. Атайын мунапыс берилип, түрмөдөн чыгарылган. Мыйзам боюнча мунапыс берилбеши керек эле. Себеби, ал мамлекеттке 6 миллион сомдон ашык акчаны төккөн эмес. Ошондуктан бул жерде айрым адамдардын тиешеси бар экени көрүнүп эле турат. Мында жаза аткаруу кызматы менен сот системасындагылардын да жоопкерчилиги каралышы керек.

Акмат Бакиев агасы президент болуп турган кезде Жалал-Абад облусунун көмүскө губернатору катары эл оозуна алынган. Июнь окуясынан кийин Жалал-Абадда жашынган жеринен кармалып, Кылмыш кодексинин 11 беренеси боюнча айып тагылган.

Азыр Кыргызстанда жаза мөөнөтүн мурдагы президенттин дагы бир жакын тууганы, агасынын баласы Санжар Бакиев өтөп жатат. Ички иштер министрлиги Акмат Бакиевдин жагдайы кайталанбаш үчүн Бакиевдердин акыркысын катуу көзөмөлгө алуу зарылдыгын эскертти. Санжар Бакиев массалык баш аламандыкты уюштурган, мыйзамсыз куралдуу топторго катышкан деген өңдүү беренелердин негизинде күчөтүлгөн тартипте он жылга кесилип, жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG