Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жээнбеков: Экстремисттер өзүн өзү каржылай баштады


Кыргызстандагы шектүү диний агымдар, экстремисттик уюмдар чет мамлекеттерден каржыланары күч кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө аныкталган. Мындай маалымат менен ИИМдин терроризм жана диний экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн адиси Эмил Жээнбеков “Азаттыкка” курган маегинде бөлүштү.

- АКШ президенти Барак Обама 2014-жылга чейин Ооганстандан аскерлерин алып чыгып кетерин айтып атат. Айрым серепчилер муну менен экстремисттик-террористтик коркунуч 1999-2000-жылдардагыдай болуп кайра күч алат деп айтып атышат. Чочулоого негиз барбы?

- Кошмо Штаттардын жетекчилиги ушинтип чечкен болсо, анда ага негиз бар деп ойлойм. Демек Ооганстанда бүгүнкү күндө терроризм кандайдыр бир деңгээлде басаңдап, бул максаттагы иш-чаралар өзүнүн максатына жетти. Ошондуктан ал жактан аскерлерди алып чыгып кетүүнүн мезгили келип жеткени үчүн чечим кабыл алынса керек.

Ошентсе да терроризм 11-сентябрдан кийин эл аралык мааниге ээ болуп, бир өлкөнүн чегинен чыгып, жалпы адамзаттын коркунучуна айланды. Ушундан улам биздин аймакта АКШнын аскерлеринен башка дагы эл аралык уюмдар да бар. Мисалы ЖККУ, ШКУ сыяктуу. Мындан тышкары терроризмге каршы күрөшүү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда да ар кандай келишимдер бар.

- Ооганстан, Пакистан тараптан коркунуч күч деген маалыматтар дайыма айтылып турат. Бул маселе Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун ар бир саммитинде айтылып келе жатат. Кыргызстандын өзүндө диний экстремизмден кандай коркунуч бар?

- Терроризмге каршы күрөшүүдө биргелешип аракет жүргүзүү зарылдыгы баарыбызга эле маалым болуп калды. Ошондуктан биз да бул багытта түрдүү иш-чараларды өткөрдүк. Мисалы, жакында эле КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы Терроризмге каршы күрөшүү борбору тарабынан бирдиктүү машыгууларды өткөрдүк. Ал Ош шаарында өттү.

Андан башка терроризмди каржылоо булактарын ар тараптуу иликтөөлөр жүргүзүлүп, аныкталып жатат. Бул багыттагы эксперттер, серепчилер бирдиктүү иш-аракеттерди алып барышууда. Албетте коркунуч бар, буга мисал катары Орусия же башка Европа мамлекеттериндеги террордук акцияларды айтып кетсек болот.

- Кыргызстандагы экстремисттик уюмдар болобу же алардын идеяларын тараткан адамдарды болобу, каржылоочулар кимдер?

- Терроризмди, экстремизмди каржылоого каршы атайын иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Ошондой болсо да каржылоонун булактары түрдүү болуп жатат. Алсак алар кээ бир чет мамлекеттерде жайгашкан уюмдар, айрым учурларда Кыргызстандагы экстремисттик мүнөздөгү уюмдардын ичинде өздөрүнүн каржылоочу булактары бар. Бирок биздин айрым маалыматтарга караганда, каржылоонун негизги бөлүгү чет мамлекеттерде жайгашкан уюмдардан келет. Ошондуктан бул уюмдарды аныктоо жана алардын иш-аракеттерине бөгөт коюу эл аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлүп жатат.

- Кыргызстанда жаш балдарды азгырып, ар кайсы шектүү диний агымдарга алып кирүү күч алды деген маалыматтар бар. Ошол шектүү деп эсептелген диний агымдардын ишмердүүлүгүн текшерүү сиздердин бөлүм, ИИМ тарабынан кандай жолдор менен жүргүзүлүп жатат?

- Бизде азырынча жашы жетелек өспүрүмдөрдүн ар кандай шектүү агымдарга аралашканы тууралуу маалымат жок. Мурда, 2000-жылга чейин экстремисттик уюмдарга киргени анча-мынча фактыларда катталган. Ал эми азыркы мезгилде, биздин маалымат боюнча, Кыргызстанда жайгашкан экстремисттик уюмдарда жашы жете элек өспүрүмдөр катталган эмес. Биз тараптан бул багытта аябай катуу көзөмөл жүргүзүлүп келет, бүгүнкү күндө мындай терс көрүнүштөр катталган эмес.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG